Топчубек Тургуналиев И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас изилдөө борборунун директору: «Сулайман – кыргызга опол тоодой кызмат кылып атат»

Дайыма оор-басырыктуу, бир калыбынан жазбай, студенттерге, кол алдында иштеген кызматкерлерине аяр мамиле жасап, ар бир маектешинин деңгээлинде сүйлөшө да, уга да билген, кыргыз деп жан дилинен күйүп, кыргыз болуп жашоонун кыйындыгын сезген агайым тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповдун бейнесине токтололу.

Сулайман Кайыпов — ​өз ишин мыкты билген илимий жетекчи, илимпоз, акыл парасаты бийик, чыгармачыл инсан. Бир көргөн адам агайымдын сүрүнөн сөз сүйлөгөндөн айбыгат, бирок сүрдүү көрүнгөнү менен анын жан дүйнөсүн түшүнө билгенге ал жөнөкөй эле адам. Жаш курагымдан агай эмгектенген жерде иштеп, адамгерчилик бийик сапаттарына таасирленип, таалим-тарбиясын алдым. Башкалардан агайдын өзгөчөлүгү — ​жаны кейип турган кишини көзүнөн байкап, ылайыктуу сөз таап, кээде төкмөлүк менен куюлуштуруп ыр курап маанайын көтөрүп, сөзү менен көңүлүн жибитип, колунан келген жардамын аябагандыгында.

Бийлик, байлык деп жулунбай, кимдир бирөөнүн байлыгына да көз артпай, чыгармачыл асыл ойлору менен эл арасында жүргөнүнүн өзү түшүнө билген кишиге кыргыз интеллигенциясы менен руханий дүйнөсүн толуктап турат. “Агайдын акылдуу сөздөрүн угуп эле отура бергиң келет” деп айткандарды көп эле угуп калам. Азыркы мезгилде чет жерде иштеп, арабыздан алыс жүргөндүктөн анын илимий чөйрөдөгү орду бош тургандыгы дароо сезилет. Биз көп учурда жаныбыздагы адамдардын интеллектуалдык деңгээлин, коомдогу ордун жана анын адамдык асыл сапаттарын баалай албайбыз. Алысты көралбаган айрым бир саясатчылардын бут тосууларынан улам агай билимин чет элге берип келет. Билими терең, акыл көрөңгөсү бай, Бакайдай болгон турпаты менен даанышман агайыбыз өзүбүздүн жаштарга билимин, таалим тарбиясын берсе кимге зыян эле?

Чет элде да жаштарга билим берүү менен эле чектелбестен Улуу Памирде жана Ванда жашаган кыргыздардын каада-салтын, жашоо тиричилигин изилдеп, үч томдук китеп жазды. Андан сырткары Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү белгилүү фольклорист жана этнограф, профессор Сулайман Кайыповдун Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын элдик оозеки чыгармачылыгына арналган эки китебин басып чыгарды. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн илимий талапка ылайык жыйноо жана аны классификациялоо багытында жасаган эмгегинин үзүрү болгон бул китептер лингвофольклористикалык булак катары тилчи, фольклорчу, этнографтарга жана жогорку окуу жайларынын «Филология» адистиги боюнча билим алган студенттерге жана жаш илимпоздорго арналат.

Аталган китептин жүз ачары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде белгилүү илимпоздор, коомдук ишмерлер, жазуучулар, Ооганстандан жана Улуу Памирден келген атайын өкүлдөр, КРУИАнын вице президенти, КМУнун профессордук-окутуучу курамы, аспиранттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө келген коноктор каалоо-тилектерин, ой-пикирлерин ортого салышып, жыйындын алкагында профессордун китеп көргөзмөсү уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.

Төлөбек АБДРАХМАНОВ,  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор: «Памирлик, кытайлык кыргыздардын фольклорун изилдеп, бизге тааныштырып жатканы абдан чоң табылга»

— Биринчиден, биздин университетте китептеринин жүз ачарын өткөрүп жаткан Сулайман агайга абдан чоң рахмат, экинчиден айтарым, памирлик кыргыздардын, келечекте кытайлык кыргыздардын фольклорун чогултуп, изилдеп, бизге тааныштырып жатканы абдан чоң табылга болуп эсептелет, үчүнчүдөн, баарыңыздарды бүгүнкү майрам — ​китеп майрамы менен, кыргыз тарыхын, кыргыз маданиятын таанытып жаткан чоң майрам менен куттуктайм! Илим, билим жаатында жүргөн үзөнгүлөш, кадырман агай-эжелерди дагы бир жолу бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм!

Шамс Кассим-ЛАКХА, Борбордук Азия Университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доктор: «Сиздин эмгектериңиз аркылуу алардын маданий мурастары, рухий маданияты жөнүндө толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү»

— Урматтуу коноктор жана достор! Учурдан пайдаланып И. Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдрахмановго ушул китептин бет ачарын өткөрүүгө көмөк көрсөткөнүнө чоң ыраазычылык билдиребиз. Буга чейин да И. Арабаев атындагы университет менен жана анын ректору менен кызматташып келгенбиз, мындан ары да маданий кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенем. Ошондой эле бүгүнкү келген сыйлуу коноктордун баарына кош келиңиздер демекчимин. Афганистандын элчиси да бул жерге келип отурат, кош келиңиз!

Биздин университеттин миссиясы — ​Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы элдердин экономикасын өнүктүрүү менен бирге ушул аймактарды жердеген калктын бай маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана аларды кийинки муундарга мурас катары өткөрүп берүү. Биздин университетте маданий мурастар жана гуманитардык бөлүм бар. Бул бөлүмдү Элмира Көчүмкулова жетектеп келет. Ушул миссияны ишке ашыруу үчүн маданий мурастарды сактоо, изилдөө деген миссиянын алкагында Тажикстандын жана Кыргызстандын беделдүү окумуштууларынын баалуу, оригиналдуу салттуу музыка, адабият, тарых, маданият тармагындагы эмгектерин жарыялоого көмөктөшүп келе жатабыз.

Бүгүнкү күндө профессор доктор Сулайман Кайыпов баа жеткис эмгек жасап, он жыл бою Түркиянын Ван областындагы кыргыздардын арасында жашап, алардын баалуу оозеки чыгармачылыгын жыйнап, жарыялап отурганы биз үчүн чоң кубаныч. Кыргыздар жана Кыргызстандын эли ушундай илимпоздору менен сыймыктанышы керек. Ушундай адамдар элдин маданий мурастарын сактоодо, кийинки муундарга өткөрүп берүүдө абдан чоң эмгек кылып келе жатат.

Сиздин китептериңизди жарыялоого дагы бир себеп бар. Агахан фонду Афганистанда жашаган этникалык кыргыздардын жашоосуна кызыгып келет. Аларга билим берүү тармагында колдон келишинче көптөгөн гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет. Жакында Афганистандан жыйырмага жакын үй-бүлө Нарынга көчүрүлүп келди, Агахан фонду аларга колдоо көрсөттү.

Доктор Сулайман Кайыпов, сизге дагы бир жолу чоң ыраазычылык билдиребиз. Сиздин эмгектериңиз аркылуу алардын маданий мурастары, рухий маданияты жөнүндө толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк ачылды деп ойлойм.

Сулайман КАЙЫПОВ, Тарых илимдеринин доктору, профессор: «Памир кыргыздарына байланыштуу 12 китеп чыгарган экенмин»

— Урматтуу ушул университеттин ректору жана кадырман коноктор, өздөрүнүн кымбат убакыттарын бөлүп, майрам күн экенине карабай ушул жерге келип отургандарына абдан ыраазы болуп отурам. Залда отурган спикер болуп өлкөнүн башында жүргөн кишилерди, экс-депутаттарды, азыркы Кыргызстандын интеллигенциясынын катмарын түзгөн адамдарды көрүп ыраазы болуп отурам, менин кичинекей эмгегимди баалап келип отурганыңыздарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бул иш жөнүндө кыскача айта кетейин. Элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеш өтө кыйын. Фольклорист болуш — ​кабинетте отуруп алып иштөө эмес. Бул элдин арасында жүрүп, ошол фольклордук процесстин ичине катышып, элдин арасынан уккандарды кайра-кайра сурап, керек болсо аркасынан ээрчип жүрүп алып калыш керек, ага убакыт керек, өмүр керек, анан, эң негизгиси, кесибиңди сүйүш керек. Кесибиңди сүйгөндө гана бары-жокту таштап коюп, ошонун аркасынан түшөт экенсиң.

Мен он жыл Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинде профессор болуп иштедим. Ошондо ошол университеттин ректору Йүжел Ашкын мырза: «Сен күнү-түнү иштейт экенсиң. Сага бир машина берип коёюн, ошол машина менен барып келип тур, сабагыңды бир күнгө коюп ал», — ​деди. Мен сабагымды бир күнгө койгон жокмун, эки күнгө коюп алып, аптадагы калган беш күндү ошол айылда өткөрүп, ошол кишилердин жанында жүрүп жазып жүрдүм. Ошондо ошол жазгандарымды китеп кылып чыгарам, анан эл окуйт деп эле ойлогом. Бирок ушул эмгегимди эл ушунчалык баалап, ушул боюнча адис болуп кетем деп эч ойлогон эмесмин. Кийин ушул эмгегим Кыргыз мамлекеттик сыйлыгына татыды. Башка эмгектерим да бар эле, бирок көтөрүп кеткени, албетте, ушул памир кыргыздары жөнүндө жазган китебим болгон. Мээнет бекер кетпейт экен. Ошол кыйналып жүргөн күндөр, биринчи барганда жыйноого мүмкүнчүлүк жок эле, жакшыраак калем сатып алайын десем, ошого акча жетпей, бир сары кагаз, араң жуккан бир калем сатып алып, анан Мамазий деген кишиден 189 саптан турган фольклордук шедеврлердин бири болгон өлүм жөнүндөгү санат ырын жазып алган элем. Андан кийин иш оңолду, бир айга жетпей камера болду, баары болду, ал эле эмес азыр сиздерге айтып жаткан автомобилим да болду. Ошентип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти.

Мен Кудайдын сүйгөн пендеси окшойм. Мына азыр Кытайда иштеп жатам. Оюмда Памирдин Афганистан жагын көрдүм, эми Памирдин Кытай тарабындагы кыргыздарын көрсөм, ошондо Памирлик кыргыздар жөнүндө көз карашым толук болот беле деп жүрдүм эле. Мына так ошол мүмкүнчүлүктү Алла Таала берди. Азыр да Кытай тараптагы памирлик кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгын студенттерге, аспиранттарга жыйнатып жатам. Ал жөн эле жазып алуу эмес, чыгармачылык акт толугу менен сакталган учурда, ырдалып жатканда, айтылып жатканда жазып алуу менин эң негизги кылган ишим, менин киргизген жаңылыгым ошол. Анан жыйналып бүткөн чыгармаларды карап отурсам, мен кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгына ондон ашык жанр кошот экенмин. Алардын элдик оозеки чыгармачылыгынан башка акындык өнөрү да бар, аны да жыйнадым. Ал гана эмес кадимки чагатай адабиятынын салты Памирде улантылган. Мына Рахманкул хандын балдары, бирөө айкелчи, бирөө сүрөтчү эле, экөө тең ыр жазчу, экөө тең чагатай адабиятынын үлгүсүндө жазчу, ошолор чагатай адабиятын бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатышат. Бул адабияттын тарыхындагы эң маанилүү факт болуп эсептелет.

Кыскартып айтканда, Памир кыргыздарына байланыштуу 12 китеп чыгарган экенмин. Ошонун экөөнүн жүз ачары болуп отурат. Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты боюнча да чыгарган үч томдук китебим менен да ушул жерден таанышсаңыздар болот. Мындан башка да китептерим жарыяланса, аларды да сый-урмат менен сунуп калсам деген тилегим бар.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас изилдөө борборунун директору: «Кыргыз мамлекети Сулайман Кайыповду чындап баалай алган жок деп эсептейм»

— Сулайман өтө бийик таланттуу адам. Бул кишинин талантынын негизи — ​куйма кулак. Жарым саат, бир саат жөн эле төгүп ырдап берет. Кийинки эмгектеринин бир тобун окудум. Кыргызстанда илимпоздор көп, бирок басымдуу көпчүлүгүбүз Кыргызстандан эч жакка чыкпай, бөлүмдөн чыкпай отуруп илимпоз болгондор бар. Сулайман болсо, кыргызга опол тоодой кызмат кылып атат. XIX кылымдын аягында швед изилдөөчүсү кыргыздар жөнүндө керемет нерселерди жазып кеткен. Ошондон кийин эле кыргыздарды ийнесинен жибине чейин изилдеген Сулайманыбыз болуп атат. Менин өксүп өкүнгөнүм, эмне үчүн Сулайманыбыз Кыргызстанда билимин төгүп, студенттерге сабак бербей жүрөт?! Памир кыргыздарын чындап изилдеген окумуштуулар аз, жокко эсе. Менин сунушум бар, бул жерде Илимдер академиясынын жаңы жетекчилигинин бирден бир жетекчиси Осмон Тогусаков отурат. Илимдер академиясы академик, корреспондент-мүчөлөрдү шайлайсыңар. Эгерде макул десеңер, Борбордук Азия университети менен И. Арабаев атындагы университет биргелешип корреспонденттикке сунуш кылсак болот, Сулайман буга качан эле татыктуу. Академик деген наамды бийликтин күчү менен алып алгандар да бар. Кыргыз мамлекети Сулайман Кайыповду чындап баалай алган жок деп эсептейм. Ал мамлекеттик сыйлык алганы бери жагы. Кыргызстан шарт түзүп бергенде, Сулайман биздин студенттерге дагы дарс окуйт эле. Кудай буюрса, ошондой учур да келет. Сулайманыбыз Кыргызстан боюнча өтө сейрек учураган чоң илимпоз. Фольклортаануу боюнча арабызда эки улуу адам отурат. Бири — ​Омокем (Омор Сооронов), экинчиси — ​ал кишинин окуучусу — ​ушул Сулайман.

Вера Беделбек кызы, Гүлбарчын Абдрахманова

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *