Топчубек Тургуналиевдин 75 жылдыгына карата: Түбөлүк демократтын татаал жолу

АЖАЙЫП ЖЕРДИН КУЛУНУ

Аксы жергесинин жаратылышынын кайталангыс кооздугу, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жана ар түркүн жан-жаныбарларга байлыгы менен атагы чыккан Авлетим аймагында тээ бийик тоолорду көздөй кеткен суурдун ийниндей Тегирмен-Сай деген ичке сай бар. Ал сайдын башы; бир жагынан Сары-Челекке туташса, экинчи жагы, Чаткал тоо кыркаларына кошулуп кетет. Жаңгактары дүпүйүп, кызыл, сары долонолору үй тигип, тогороктордон, бака теректерден, чуудаланган талдардан күркүрөгөн өзөн араң көрүнгөн ал сайдын башындагы Мечит-Сай деген деген кичинекей айылда, мындан туура 75 жыл мурда — биз бул жерде сөз кыла турган кадимки Топчубек Тургуналиев жарык дүйнөгө келген. Чындыгында Топчукебиз Алмалуу- Конуш деген жайлоодо туулган экен, бирок күбөлүккө жайлоону түшүрүүгө мүмкүн болбогондуктан айылы көрсөтүлгөн.

Ал жердин Мечит-Сай деп аталгандыгынын себеби, Авлетим аймагындагы, бир кездерде жолборстордун, камандардын күркүрөгөн дабыштары жаңырып, сүлөөсүндөрдүн, мадыл мышыктардын, ар түркүн паренделердин чыркыраган, сайраган үндөрүнө толуп турган чытырман токойлору, ар кандай дарттарга даба башаттары байыртан олуя, машайыктардын сүйгөн жайлары болгон экен. Аны азыр түнт токойлордун арасындагы тээ бир убактарда бышкан кыштан курулган жайлардын урандылары, адамдардын колдорунан жаралган үңкүрлөр ырастап турат.

Авлетим мурда расмий документтерде Афлатун деп жазылчу, мен кийин Борбордук Азияга таандык тарыхый чыгармалардан Платондун түрк, фарсы элдеринде Афлатун, Аплатун деп аталгандыгын көп эле жолуктурдум. Ошондонбу, окумалдардын арасында Авлетим деген сөз Александр Македонский Борбордук Азияны багындырганда, анын эң кооз жерине өзүнүн устаты Платондун ысмын бергенден калган деген пикирди жактагандар да аз эмес. Алардын бири- Топчубек Тургуналиевдин өзү. Жок, андай эмес, ал жер байыртан дөө-шаалардын аспеттеген жери болуп, казынадай кайтарылгандыктан фарстардын “овлот” (корук), “тун” (суу) же “суусу мол корук жер”деген сөздөрүнүн өзгөртүлгөн түрү дегендер да бар. Чындыгында эле А. Македонский Борбордук Азияны толук багындыруу үчүн 3 жыл согушуп, айрым жерлерине чеп да курдурган. Ал убакта анын коён жатактарына чейин кыдырып чыгуусу да толук мүмкүн, ага убактысы жетмек.Анын үстүнө өзүнө аябай жаккан жерлерге жакшы көргөндөрүнүн аттарын бергендиги чын. Алсак, Иранда Македонский улуу грек философ-астрономунун урматына атаган Аристарх деген жер бар.

Жогорудагылардын кайсынысы чындыкка ылайык келерин бир кудайдын өзү билет, бирок эмнеси болсо да бизге жеткен маалыматтардан бул аймактын 17-18-кылымдарда Кокон хандарынын жайында эс алчу сүйүктүү жайларынан болгондугун жакшы билебиз. 1842-жылы жайында Кокон хандыгын калыбына келтирген Нүзүп миңбашы, Кыргыз атчандар дивизионунун алгачкы командирлеринин бири-Асанбек Кабаев да ушул жерден чыккан.

“АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ”

“Алма сабагынан алыс түшпөйт”,” Аккан арыктан суу агат” дегендей, бейнекерибиздин атасы Тургуналы Аксыга атагы чыккан күлүктөрдү гана эмес, алгыр куштарды таптаган саяпкер жана мүнүшкөр, андан сырткары колхоз курулушунун эң активдүү жактоочу уюштуруучуларынан болсо, апасы Бүбүайда колунан көөрү төгүлгөн чебер, адегенде жылкы фермасынын башчысы, анан партиялык уюмдун катчысы болуп иштеген күйөөсү азыркы баласына окшоп, жыйын-чогулуштардан башы чыкпай, “Калхоз болсоң жашайсың, каздын майын ашайсың!” деп эл аралап кыйкырып жүргөндө; жайлоого чыкканда жылкыларын кайтарып, бээлерин саап, кымызын бышса, кыштоого түшүп келип, эркектерден калышпай чөп чаап, боолоп ташыган чыгаан аял болгон экен. Андай инсандардан Топчукебиздей гана адам чыкмак, башкача болуп калса, жаратылыштын заң-закүндөрүнө туура келбей калмак. “Ата көргөн ок жонот…” дегендей, Топчукебиздин алгач артист болгусу келгендиги да ошондон болсо керек. Ал ар кимдердин үйүндө ачылган башталгыч класстарды аяктап, анан 15 чакырымдай жерге каттап жүрүп, Афлатун орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1957–1959-жылдары Токмоктогу маданият техникумунда, анан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайында, андан соң 1960–1965-жылдары Москвадагы маданият институтунда окуган. Ушундан же окуусун Токмоктон баштап 9 жылдан кийин Москвадагы абройлуу ЖОЖдон аяктагандыгынан эле бейнекерибиздин бир нерсеге киришсе, аны аягына чыгармайынча тынчыбаган өжөрлүгү, көктүгү көрүнүп турат. Ойлоп көрүңүздөр, бир жыл да дем албай катары менен үч окуу жайын бүтүрүүгө чанда адамдардын гана эрктери, чыдамдары жетет. Ал Москвада окуганда үч жылдай Солнечногорск шаарында мектептин мугалими, Химкидеги бир заводдун хорунун жетекчиси болуп да иштеп жүргөн. Ал убакта Москвада окугандардын көпчүлүгү орусча өмүр баяндарын дурустап жазганды үйрөнө албай кайра келишсе, Топчукебиз орустарды ырдаганга, бийлегенге үйрөткөн. Анын азыр да “Он сегиз жаш” баш болгон белгилүү ырларды ийине жеткире аткаргандыгы – анда аткаруучулук чоң жөндөм болгондугун айгинелеп турат. Эгерде ал окутуучулукка, активдикке аралашпай адегенде эле операга же филармонияга ырчы болуп киргенде, андан Эрмек Мойдунов менен Керим Тураповдон кем эмес аткаруучу чыкмак.

Топчукебиз маданият институтун бүтүп келгенден кийин эки жыл В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу болуп иштеп, анан жетекчиликке аралашты. Музыкалык окуу жайында директордун орун басары, музыкалык атайын орто мектепте директор, анан Кыргызстан КП БКда сектор башчы болуп иштеп, анан КПСС БКга караштуу коомдук илимдер академиясына кетип, ал жактан философия илимдеринин кандидаты болуп келип, беш жыл опера жана балет театрында директор, анан он бир жыл пединституттун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеди. Анан ал жактан кайра куруу башталганда окутуучулукту да, илимди да таштап, Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири болуп чыга келди.

ӨЛКӨДӨГҮ ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ “ТҮБӨЛҮК ДЕМОКРАТ”

Маркум Борис Немцов Г. А. Явлинскийди “түбөлүк оппозиционер” деп атаган. Адатта саясатчылардын дээрлик бардыгы бийлик үчүн гана күрөшүшөт, максаттарына жеткенден кийин убадаларын унутушуп, эң эле жакшы дегенде мурда өздөрү сындап жүргөндөрдүн кейиптерине түшө башташат. Жамандары: сугалактыктары,  митайымдыктары, тууганчылдыктары,  ырайымсыздыктары ж. б. жагынан мурдагылардан да ашып кетишет. Ага биздин эки качкын президенттин тагдырлары күбө. Экөө тең өздөрүнөн мурдагыларды жамандап, ооздорун толтура убадаларды берип жүрүп бийликке келишкен менен ачкөздүктөрү, тууганкөйлүктөрү, былыктары-чылыктары жагынан баарынан ашып кетишкендигин жакшы билебиз. Дервиштей өз идеалдарына берилген саясатчылар гана оппозицияда жүргөндө бийликтегилердин опузаларына моюн бербей, алар канчалык кысымга, куугунтукка алышса, ошончолук өчөшүп, курчуп, ал эми бийликке жеткенде өз идеалдарына кымындай да чыккынчылык кылбай, принципиалдуу маселерге келгенде эч кандай компромисттерге барбай, бийлигине да, байлыгына да алданбай акты-ак, караны-кара деп жер сабап туруп алышат. Андайларды орустар, жогоруда айткандай, “түбөлүк оппозиционер” дешсе, биз Топчукенин мисалында “түбөлүк демократ” дейбиз. Эгерде калыс сыдыргыдан өткөрсөк, Кыргызстанда Топчубек Тургуналиевден башка мындай “титулга” арзыгыдай инсан жок. КДКдан кыйкырып чыккандардын, аларга ыктагандардын көпчүлүгү ошондо эле “түбөлүк” Акаевчил, андан калгандары “утурумга” Бакиевчил болуп кетишкен.Күн тийген жердин күкүктөрү болуп, аркы-берки жээктерге секирип жүргөн “демократтарга” эсеп да жетпейт.

“ТҮБӨЛҮК ДЕМОКРАТТЫН” ЭРДИКТЕРИ

Топчубек Тургуналиевдин кыялы чатак, дайыма оюндагысын бетке айтат, жак дегенин бербейт, көктүгү жагынан эч кимди алдына салбайт, улуттук кызыкчылыктарга келгенде эч кандай компромисттерге барбайт. Ошон үчүн аны жактырбагандар көп. Бирок, жагабы, жакпайбы, тарыхка кирип калган фактылар жөнүндө эле айтсак, Топчукебиз элдин эсинен чыккыс эпохалдуу көп иштерди баштап, алардын көбүн аягына чыгарганга салымын кошту.

Биринчиси, 1989-жылы улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнүн ичинен “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жан-дили менен колдоп чыгып, анын кабыл алынуусуна көмөкчү болду. Адатта бизде Москвадан окуп келгендер орус тилинин жактоочуларынан болуп келишсе, ал кыргыз тилинин жактоочусу болуп, нигилисттердин салтын бузду.

Экинчиси, 1990-жылы октябрда КДКнын мүчөлөрүн Кыргызстан КП БКнын жетекчилеринин отставкасын талап кылган ачкачылыкка ээрчитип чыгып, коомду солк эттирди. Эгерде ал ачкачылык болбосо, кыргыз коомчулугу чындап ойгонмок эмес, мүмкүн, республика өнүгүүнүн таптакыр башка жолу менен кетмек. Ал жол кандай болмок, ал башка маселе, бирок чечүүчү мезгилде Кыргызстандын саясый багытын өзгөртүүгө катализатор болгондугу айныксыз чындык. Ошол жылы декабрда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү алгачкы декларациянын авторлорунун бири болду.

Үчүнчүсү. А. Акаев президент болуп шайланганда ага Т. Тургуналиев КДКчылардын атынан сарпайы жаап, башына калпак кийгизип куттуктаган. Бирок, Акаевдин түз жолдон тайып, үй-бүлөлүк башкаруудагы коррупциялашкан мамлекетти куруп жаткандыгына көзү жеткенден кийин 1993-жылы 17-октябрда КДКнын 25 мүчөсүн баштап Аскар Акаевге кирип: “Кыргызстанды Швейцарияга айландырам дедиңиз, биз сизди үч жыл колдоп келдик. Бирок, өлкөбүз Швейцария болбой эле күндөн күнгө чыңкылдый туңгуюкка кирип баратат. Кыргызстанды сиз оңдой албайт экенсиз. Эми өз ыктыярыңыз менен президенттиктен кетиңиз!” деп айтканы да чындык. Ошондон тартып ал Акаев, анын жанындагылар үчүн желмогузга айланган. Эгерде ошондо анын сөзүн кошо киргендер колдоп, жабыла талап кылышса, Демократиялык конгресс да ошондой чечим кабыл алса, Акаев президенттиктен кетүүгө макул болгон экен. Бирок, алдын ала макулдашып киргендердин баары унчугушпай коюп, а түгүл айрымдары Акаевдин кабинетинде калып, башка сөздөрдү айтышып, “ушул эле…” дешип Топчукебизди сатып жиберишиптир. Жанындагылардын көпчүлүгү аны сатып кетишкендерине, кээде жалгыз калгандыгына карабастан ал биринчи үй-бүлөлүк башкарууга каршы он беш жыл талыкпай күрөштү.

уландысы бар

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *