Төрага Дастанбек Жумабеков Беларусь Улуттук Жыйынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченкону Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

“Сизди жана бардык Улуттук Жыйындын Өкүлдөр палатасынын депутаттарын мамлекеттик майрамыңыздар – Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү күндө Беларусь өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жагымдуу таасир берген саясий жигердүүлүктүн жана экономикалык өсүп-өнүгүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүүдө.

Кыргызстан Беларусь менен болгон өз ара мамилени баалайт жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен бекемдөөгө багытталган аракетти толук колдойт.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштарыбыз кыргыз-беларус калкынын байланыштарын өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө негизги мааниге ээ деген ишеничтемин.

Ушул жагымдуу учурдан пайдаланып Сизге бекем ден-соолук, бакыт жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *