Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты, “КСДП” фракциясы: “КСДПнын Конституцияга өзгөртүү киргизип, бийликти бир колго чогулталы деген максаты жок”

—Төрөбай Закирович, референдум жолу менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизебиз деген демилгеңер көп чырдын башына айланчудай болуп калды. КСДП референдум өткөрүү менен эмнени максат кылып жатат?

— Баш мыйзамга өзгөртүүнүн негизги максаты Кыргыз мамлекетиндеги чыныгы эгемендикке жетүү. Эл аралык уюмдардын чечимдерин биздин мыйзам менен аныктоо. Ошондой эле Мамлекеттик тилдин вариантындагы кээ бир нормаларды тактоо. Өкмөт менен Жоргорку Кеңештин ортосундагы укуктарды жана милдеттерди аныктап, келечекте туруктуу Өкмөт түзүү. КСДПнын Конституцияга өзгөртүү киргизип, бийликти бир колго чогулталы деген максаты жок. Президент деле өз мөөнөтү бүткөндөн кийин бийликте калбаймын деп айтып жатат.

— Долбоорго макулбуз деп кол койгон депутаттардын көпчүлүгү текстти окубай эле кол коюп бергени айтылып жатпайбы. Зордук менен референдум өткөрүү сиздер үчүн зарылбы?

— Депутаттар окудубу же окубадыбы ал үчүн мен жооп бербеймин. Долбоорду окубай эле кол койдум деген бир да депутатты көргөнүм жок. Депутаттарга “депутат болуп сен окубаптырсың” деп сын тагуу да биздин милдетибиз эмес. Этикага да жатпайт. Депутат депутаттын алдында отчет бербейт. Ар бир депутат отчётун өзүнүн шайлоочуларынын алдында берет.

— Долбоор талкууга чыккан деп фракция лидериңиз Иса Өмүркулов теледен айтты. Сиз кайсыл бир талкууга катыштыңызбы? Же долбоорду көрбөй туруп эле кол коюп берген депутаттардын бирисизби?

— Долбоор Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган. Бул регламенттин талаптарын аткаруу максатында. Биз өзүбүз эл менен жолугушууларда болуп келдик. Ал жерлерде да Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө ар түрдүү ой-пикирлер айтылды. Мен берилген сунуштардын баары менен таанышып, окуп чыктым. Бир эле мисал, 36-берененин 5-пунктунда мурун “Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат” деп жазылса, жаңы долбоордо “Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан адамдардын экөөсүнүн макулдугусуз бир дагы никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат. Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ” деп киргизилип жатат. Эркек менен эркек, аял менен аял никеге турганга уруксат берилбесин деп жатабыз. Кыргызга жат көрүнүштү мыйзам менен тыюу салсак эмнеси жаман? Улуттун келечегин ойлоп жатпайбызбы. Мындан сырткары да өз ой пикирлеримди сунуштап жатам.

— Азыркы Конституциянын «атасы» деп Өмүрбек Текебаевди эсептеп келебиз. Бул жолку өзгөртүүлөрдүн «атасы» ким болууда? Эмне үчүн авторлору ким экени ачык айтылбай жатат?

— Азыр Конституцияга өзгөртүүлөр 5 фракциянын лидерлеринин көтөргөн маселеси. Мыйзам чыгаруу тартиптери, Президенттин ой-пикири эске алуу менен жүрөт. Бул Конституцияда даана көрсөтүлгөн. Президент Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга карата пикирин айтып, каршы пикир менен кайра Жогорку Кеңешке жөнөткөнгө да мыйзамдуу укугу бар. Ошондой эле мыйзам каралып жатканда да өз ой-пикирин билдире алат. Ошондуктан негизги мыйзам каралып жатканда каршы пикир менен кайтпас үчүн президенттин ой-пикирин эске алууга мыйзам жол берет. Азыркы Конституциянын атасы Текебаев деп коомдо айтылып жүрөт. Негизги башкаруу системасындагы маани-маңызы калды. Бирок укуктар менен милдеттер аныкталууда.

— Өкмөт башчысы же анын орун басары болуп кеткен депутат Аткаруу бийлиги отставкага кеткенден кийин кайра депутат болуп олтура берери өзгөртүүдө каралыптыр. Депутаттар үчүн жыргал жашоону алып келүүнү көздөп жатасыңарбы?

— Өкмөт башчы же анын биринчи орун басары болуп кеткен депутаттын мандаты сакталып калыш керек деген норма, кайсыл бир депутаттын сунушу. Кимдин сунушу экени эсимде жок. Бирок бул норма да келечекте туруктуу Өкмөттү түзүү максатында кирип жатканын эске алышыбыз керек.

— Толук кандуу парламенттик башкарууга багыт алыш үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек деп айтып жатышат. бирок, депутаттардын көбүн мажбурлап кол койдурсаңар парламенттик эмес, чыныгы диктатордук өлкөгө айланып калбайбызбы?

— Эгер азыркы өзгөртүүлөргө терең көңүл бөлүп карасаңыз, диктатураны жок кылуу максаты даана жана так каралып турат. Өкмөттү түзө турган орган бул Жогорку Кеңеш. Ошондой эле Өкмөт Жогорку Кеңештин астында отчёт берет. Өкмөттүн структурасын, курамын да Жогорку Кеңеш бекитет. Жогорку Кеңеш коллективдүү 120 кишиден турган мыйзам чыгаруу органы. Ошондуктан диктатура жөнүндө сөз туура эмес го деп ойлоймун.

Маектешкен Кыялбек ТАГАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *