Төрөбай Зулпукаров, КСДПчы депутат: «Үйлөнүшүбүзгө апам менен кайнатам каршы болушкан»

Чоң энем бизди тарбиялады

–      Мен туулуп-өскөн,балалыгым өткөн жерНоокат районуна караштуу Кара-Таш айлы. Кара-Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз-Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл. Мен жумушума байланыштуу айылыма тез-тезден каттап турам. Ата-энебиздин 5 уул, 3 кызы болгон.  Биз 8 бир тууганбыз. Атам 30 жылдан ашуун милиция кызматкери болуп, апам айылда китепканада,  андан соң колхоздо иштеген. Мен ортончусумун. 2 уул, 1 кыздан кийин мен төрөлүптүрмүн. Менден кичине 2 иним жана  2 карындашым бар. Атам жумушу көп болгондуктан эрте кетип, кеч келчү. Биз менен көп учурда апам калчу. Бирок апамдын дагы жумушу болгондуктан, тарбияны бизге чоң энем берди. Бизге чоң энебиздин тарбия-таалими да өтө  чоң таасир берген. Ар бир жумуштун майын чыгара аткарыш керек экенин да ал киши үйрөткөн. “Кайсактаган жаман адат, бир ишти баштап, аягына чыкпай кетпе” – деп көп айтаар эле.

Улуттук Гвардияда кызмат өтөдүм

–      Мектепте окуп жүргөндө юрист болууну кыялданчумун. Бишкек шаарына келип юридикалык факультетке тапшырып, бирок өтпөй калдым. Кийинчерээк тарых факультетин сырттан аяктадым.  Мен мектепти аяктаган 1990-жылдардын башында аскердик кызматын өтөөчү жигиттердин саны кескин азайып кеткен. Атамдын армияга барбай эле кой, деген сөзүнө карабастан, Улуттук Гвардияда кызмат өтөө боюнча тандоодон ийгиликтүү өтүп кеттим. Райондогу 43 баланын ичинен үчөөбүздү гана алып кетишти.  Ошентип Улуттук Гвардиянын биринчи чакырылган аскерине айландым. Келсек, гвардиянын аталышы эле болгону менен, керебеттерге матрац салына элек экен. Темирге жатып, түнү ары-бери оодарылганда кыпчылып калган чачтар жулунуп кетчү. Эртең менен көздү чала-була ачып чуркоого чыкканда, керебеттин изи бетибизге зебрага окшоп түшүп калар эле. Бир айдан кийин төшөк-жуурканы, кийим-кечеси, курал-жарагы да келе баштады. Эки жылдык аскердик кызмат өтөгөндөн кийин, 1994-1997-жылдар ичинде Ички иштер министрлигинде спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштедим. 1998-жылы элдин агымы менен Орусиянын Ростов шаарына жөнөдүк. Машыктыруучу болгонум көп жардамын тийгизди, кесибим боюнча ишимди улантып, спортзалдар менен келишим түздүм. Анда согуштук-спорттук даярдык боюнча мылтык, тапанча атуунун жол-жобосун үйрөтүп жүрдүм.

Чыныгы аялдык касиетти келинчегимден көрөм

–      Келинчегимдин ата-энеси Чүйдөн болот. Өзү Бишкекте төрөлүп, чоңойгон. Үйлөнөөр алдында мен тараптан апам,  келинчегим тараптан кайнатам биздин үйлөнүшүбүзгө  каршы болушкан. Бирок кийин бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбызды түшүнүштү окшойт, макулдук беришкен. Келинчегим экөөбүз 2009-жылы ажылык парзыбызды аткарып келгенбиз. Азыр төрт баланы тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбыз 19 жашта,  жогорку окуу жайында 2-курста врачтык кесипти тандап окуп жатат. Экинчи уулубуз  11-класста окуйт. Кичине кызым 6-класста кенжетайыбыз жакында 4 жашка чыгат. Келинчегимди мактагандай болбоюн, мээримдүү  апа, жароокер жар. Аял затына тиешелүү касиеттин бардыгын жубайымдан көрө алам.

Шүгүр кылганды үйрөнмөйүн, бакытты таба албайбыз

–      Татыктуу жашоо деген мен үчүн бар нерсеге шүгүр кылуу, жок нерсеге сабыр кылып,  жараткандын бергенине топук кыла билүү.  Колуңдан келсе башка бирөөлөргө жардамың тийип турса, мына ушул татыктуу жашоо. Сырттан тилемчилерди көргөндө баарыбызды алуучулардан эмес,  берүүчүлөрдөн кыла көр деп жаратканга тилек айтам. Заманда күнөө жок. Заман дайыма бирдей. Коом өзгөрүп турушу мүмкүн. Наалыган инсан ийгиликке жетишпейт. Катаны ар бирибиз өзүбүздөн көбүрөөк издесек жакшы болот. Үмүттү жаратканга кылышыбыз абзел. Аракет ар бирибизден болуш керек. Наалыбаганга аракет кылам.

Мекенчилдик сезимди ойготуу керек

–      Жылдан-жылга жашоо кай жакка карай өзгөрүү болуп жатканын саресеп салыш керек. Ал үчүн өткөн күнгө кылчайып бир кароо абзел. Кандай болбосун жакшы жагына жылыш бар. Биз СССР учурунда мектепке барып, союздун жашоосун көрүп калганбыз. Тарыхка карасак жылышты да байкамакпыз. Спорт жаатында айта турган болсок, биз командалык акча каражатын көп талап кылган спорттун түрүнө эмес, күрөш, бокс,   олимпиадалык спортко  өзгөчө көңүл буруп,  бюджетти эле карабай, мекенчил, колунда бар инсандарыбыздын мекенчилдик сезимдерин ойготуу менен жардам беришибиз керек. Мен өзүм спортсуз жашоомду элесте албайм. Мен  рукопашный бой боюнча спорттун чеберимин. Ошол себептен дагы Кыргызстандагы спорттун  абалына аралашып, билип турам.

Таңкы намаздан кийин китеп окуйм

–      Адам баласын кайсы учурда жакшы инсан деп айтабыз? Ал инсандын көөдөнүндө ыйык сезимдер болгондо. Ыйык сезимдер деген эмне? Бул ата-энебиз, Мекенибиз, тилибиз, динибиз,  каада-салтыбыз. Анын сыңарындай, мен да жакшы инсандын атын алып жүрүүгө бардык жагынан аракет кылып жүрөм. Үй-бүлөбүз менен беш парздын баарын аткарууга аракеттенип жүрөбүз.  Жараткан кабыл кылсын. Ар бир убактымды жөн гана жакшы адам болгонго аракет кылам. Үйдө бош убактымда китеп окуйм. Айрыкча таңкы намаздан кийин уктап калсаң кайра ойгонуу кыйын болуп калат эмеспи, ошон үчүн эртең мененки убакыт китеп окуу менен өтөт. Ыр, ой толгоо жазып коймоюм бар. Ар бир күнүм берекелүү, пайдалуу болсун деп жараткандан тилеп турам.

Гүлмира ШАРШЕЕВА 

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *