“Төртилик”, “бешилик” че за х…? Чүйдө, борбордо ким кожоюн экенин булар  билишпейби?

Чүйдүн намыстуу балдары катуу жиндери кашайып атышат. Себеби, алдын ала провокациялык маанайда саясый биригүүлөр башталып кетти. Чүйдө, борбордо ким кожоюн экенин булар  билишпейби? Маселен, Темир Сариев же Канатбек Исаев деген белдүү жигиттер болсо, жалпы Кыргызстандын биримдигине жол чабылат болчу…

Тилекке каршы, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков баштаган «Төртилик» түзүлүптүр. Булардын катарында Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев да бар экен. Анан «Бешилик» болуп, генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиевдин кошулганы кабарланды. Биз дароо элдин уулу Элмурзага эки жолу телефон чалып дагы, такыр байланыша албадык. Эмесе, бу жагы «жудаям» сыңары расса болуп атыптыр го? Талдайлы.

Мадумаров табиятынан кандай экенин билесиңер, зирпилдеп, мамлекетке эмес, деги бир кишиге жакшылык кылды беле? Бакиевдин «куйругу» болуп, мукурап калганын танасыңарбы? Келдибеков болсо баштан-аяк бул дагы үй-бүлөнүн жасоолу сыңары кызматын өтөп, келинче ийилип, өз убагында «хапуга» сыңарындай мүнөз күткөнү жалганбы? Андан соңку Ташиев да бул «уюктун» баштоочуларына айланыптыр. Кайран Камчы, ар дайым адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, аргасы түгөнгөндө кашааны да ашып кетмей эрдиги бар. Эсиңерде болсо, Бакиев бийлиги ашынып, Ташиевди адилетсиз негизде бийликтен алганда, ал Барпыга барып элди көтөрүп, ошол режимге каршы чыкканы факты да! Эми Элмурза Ракиевичке келсек, бу жигит 2009-жылы башкы прокурорлук кызматынан кетип, ошол эле кезде Курманбек Бакиевге баласы Максим боюнча ачуу чындык катын жазып, эртеңки мамлекеттүүлүктүн келечегин ойлогон. Ошондо Сатыбалдиевди угушканда, жакшы жолго түшөт белек? Ооба, агезде Бакыт Төрөбаев кыркка чыга элек кезинде депутат, министр болду, анча-мынча жаштык кылып адашкандыр, бирок түбөлүгү түз жигит экен, кийин кадыресе салмактуу саясатчы катары элдин колдоосуна ээ болуп чыга келди.

Аныгында, дал ушул «түштүкчүл» деп тергелип аткан биримдиктин башына Темир Сариев менен Канат Исаев турбаса, булар негизги күчкө айлануусу кыйын. Аныгында эмне кылуу керек? Эгер чындап эле мамлекеттин туруктуулугун сактагылары келишсе, дал ушул түндүк-түштүктүн балдары бир муштумга биригүү менен элдин кызыкчылыгын алдыга алып чыгуу жагынан үлгү көрсөтүшсүн. Аттиң ай, кыргызда кеп бар: «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, Мадумаров менен Келдибековдун арабөк кошулуп алганын эл кандай кабылдайт болду экен?..

Булак: “Азия Ньюс”

8 comments

  • Эралиев Умутбек says:

    Азия Нюс- кыргыз элини тундук туштукко болуп жатып баштаган корунот, бул уят совести жок инсандар кылат мындай иштерди. Кыргыз эли Бир Эл Бир жер болунбойт эч качан.

  • Абдыкерим says:

    Туштуктун жигиттери бириксе бириксин экен, бирок башында Чуйдун балдары турушу керек экен. Озунун эмне жазып жатканына озу тушунду бекен. Сандыракты оз гезитине жаза берсин эле, кыргызтудей муну бир чон жанылык коруп кочургонуно тушунбодум.

  • Bek says:

    Ушул макаланы жазган адам деңгээли өтө төмөн экенин тастыктаптыр.

  • Абдыкерим says:

    Бирдеме тушунгондой боло баштадымбы, ким дин катуу жиндери кашайып атыптър, Алтуханынбы, Карышкырдынбы же? Кайсыл намыстуу жигиттер экен Чуйдун, борбордун кожоюндары?

  • Бек says:

    Авторду элди бөлүп жарган акмак экен дегенден башка сөз жок

  • Автор сен жактаган Чуйлук АШАларга караганда Адахандын аброю анча бийик экенин билбейт окшойсун сен элге аралашып сурап туруп жаз макаланы элди болбой

  • Жаран says:

    Бул журналист менен азия ньюс сайтын бокко тенейин десен бок дагы буларга караганда тазараак экен.

  • Нас says:

    Алакандай кыргыз жерин, Элин тундук туштукко болгон обу жоктор!!! эсинерге келсенер болмок. Бул макала ото томон денгээлде жазылган шермендечиликтен башка эч нерсе эмес…..

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *