Трайбализм дартына чалдыккан медицина… Сотчул профессорлор…

“Борборубуз Бишкектеги ооруканаларды Кыргызстандын эки регионунун өкүлдөрү эле өздөрүнчө бөлүп, ээлеп  алышкан!”
Мындай ачуу айыптоону бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибеков  парламенттеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын отурумунда айтып чыкты.

“Борбор шаардын биринчи ооруканасы ысыккөлдүктөргө тийиштүү, ал эми №3-, 4-, 6- жана Чүй облустук ооруканасын Таластын өкүлдөрү башкарат. Алар 20 жылдан бери ошол жерде отурушат. Адам ылгап, өздөрүнүн жердештерин гана жумушка алышат. Бардык иш ушинтип жердешчиликке такалып атса, анан кантип биз жаш окумуштууларды чыгарабыз? – деп, депутат Саламаттыктыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чындыгында эле кыргыз медицинасында трайбализм оорусу бар экендигин мойнуна алып: “Ырас, трайбализм проблемасы бар. Ошон үчүн азыр биз конкурстук негизде гана жумушка кабыл алып атабыз. Бирок, профессорлор менен иштөө оор. Аларды жумуштан алсаң эле, соттошуп жатып алышат” деп жооп кайтарды.

Булак: Kyrgyz Today

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *