Трактор чыгарган Төлөгөн Ибраев Кыргызстанга чоң жаңылык киргизди

Төлөгөн Ибраев иним түрлүү тракторду чыгарып атыптыр. Бул биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн чоң жаңылык. Эгемен алгандан бери жадагалса ширеңке чыгаруу колубуздан келбей жүргөн. Жакынкы учурда атагы ай-асманды сапырган завод салып, кыргыздын «Топозун» бүткүл дүйнөгө таанытууга ниеттенүүдө.

– Төлөгөн мырза, кантип трактор чыгарып калдың, сөздү ушундан баштайлы, идея кайдан келип оурат?

– Өлкөбүз эгемендик алган кезден тарта көп жылдар бою тегирмен иштетип калдым. Дыйкандардын жер иштетүүдөгү түйшүгү мени көп ойлондурат эле. Алгач кадимки эле ат араба, чийне жана базарды аралап жүргөн тачкаларды чыгарып жүрдүк. Анча-мынча бузулуп калган тракторлорду оңдоп, жок тетиктерин колдо бар шаймандар менен жасап берип аттык.

-Трактор эми араба эмес. Мотору, кабина, дөңгөлөктөр жана башка толуп аткан тетик, жабдыктардан турат эмеспи. Алардын баарын бир жерден чыгаруу мүмкүн эмес.

– Трактор чыгарууну ойлогон эмесмин. Коңшу Кытай мамлекетинен трактордун баардык тетиктерин өз-өзүнчө ташып келип, бу жерден курап баштаганбыз. Бизге арзан жана пайдалуу болуп атты. Кээде кээ бир тетиктерин Кытайдан качан келерин күтүп отурбай өзүбүз жасай коюп аттык. Акырындап-акырындап отуруп, трактордун моторун, андан башка дөңгөлөгүн гана сырттан апкелип, калгандарын өзүбүздөн жасап көрдүк, жыйынтыгы жаман болгон жок.

– Трактор чыгаруучу заводуңдун атын «Топоз» коюпсуң. Биз «ДТ», ЮМЗ, «Беларусь» ж.б. маркаларын билчү элек…

– 2010-жылдары алгачкы тракторду чыгармак болуп, дос балам экөөбүз катуу даярдык көрө баштадык. Баардык керектелүүчү жабдыктар, шаймандар, тетиктерди чогултуп атканбыз. «Заводдун атын эмне деп атайбыз?» деп жүргөн кез. Жаз мезгили болчу. Капыстан эле айылдык дыйкандын топозго сокону чегип алып жер айдап жүргөнүн көрүп, эринбей жанына барып, бир топко карап турдук. Күчтүү, чарчап-чаалыгууну билбеген жаныбардын атынан заводубуздун атын «Топоз» деп коюп койдук. Азыр көпчүлүк эл «Топоз» сырасы менен байланышыңар барбы?» деп сурап калышат. «Эч байланышы жок. Алар өзүнчө. Биз өзүбүзчө» деп жооп берем.

– Бу жерден трактордун чоңунан кичинесине чейин ар түрдүү маркаларын көрүп атам. Негизи завод бир марка менен алектениш керек беле?

– Биринчи чыгарганда эки эле «Топоз-35» менен «Топоз-50» маркаларын чыгарганбыз. Бара-бара тажрыйба топтоп, азыр 6 маркасын 15, 35, 50, 70, 90, 120лыктарды чыгарып атабыз. Бу жерде биздин дыйкандар үчүн эң ыңгайлуусу 35, 50, 90дук болуп, ушу үч маркасына суроо-талап көп.

– Трактордун ар бир тетиктерин жасаш үчүн токардык станоктор керек эмеспи. Аларды кайдан алгансың?

– Башында тетиктерди токарларга заказ менен жасатчубуз. Кийин бизге керектелүүчү токардык, фризердук станокторду сатып алдык. Ошону менен катар мыкты адистерди жумушка тартып, алардын айлыктарын жакшы кылып, тамак-ашын ж.б. муктаждыктарын бекер камсыз кылуудабыз. Азыркы минизаводубузда 12 адам иштейт. Бир күндүн ичинде үч трактор чыгарууга үлгүрүп атышат. Заводубуздун каражат айлануусу ченелүү болгондуктан, бизге заказ кылган дыйкандардын баардыгын өз убактысында камсыз кылуу бир аз мүчүлүштүктү жаратууда. Каражатыбыз жетиштүү болгондо килейген эле завод куруп, бүткүл дыйкандарды камсыз кылып коёт элек, аттиң!

– Мамлекеттен насыяга акча каражаттын караган жоксуңбу?

– Карамак тургай ар бир банктын эшигин тыткылап көрдүк. Бут кийимдин тамандары тешилди. Баары эле сүйлөшүп алгансып, «тракторуңар көбөйгөндө келгиле» деп коюп атышат. Тракторум көбөйсө алардын мага эмне кереги бар?! Учурда жалгыз Гарантиялык фонддун жардамы аябай тийип атат. Жетекчиси Малик Абакиров мырзага терен, ыраазычылык. Биздин трактор чыгарган заводубузга өтө аз пайызда насыя берип жыргатты. Кудай буюрса, быйыл жылдын аягына чейин 100-150 трактор чыгарсакпы деп атабыз.

– Барып-барып ишиңди кеңейтип, жанагы конвейер менен күнүнө бери дегенде 150-200 трактор чыгарган чоң заводго айлантайын деген оюң барбы?

– Мындан төрт жыл мурун баштаганда көптөрү ишенбей, мыйыгынан күлүшкөн. Шылдыңдагандар да болгон. Эми орустар айтмакчы, «плох тот солдат который не хочет стать генералом» дегендей, бизде да алдыбызда албан-албан ойлор турат. Заводубуз ишке киришкенден бери 54 тракторду ийгиликтүү сатып үлгүрдүк. Азыркы учурда эң кичинекей болгон «Топоз-15» тракторубузга электромотор коюу жагын караштырып атабыз. Мындайча айтканда, дизтопливо менен эмес, экологиялык жактан таза аккумулятор колдонулат. Булар күнөсканага ылайыктуулар.

– Дыйкандарды тракторуңдун баасы кызыктырат, ошолорду айта кетсең?

– Жарайт. «Топоз-15» 3000 доллар, 35 – 9800$, 50 – 13700$, 70 – 18500$, 90 -22700$, 120 – 31200$ доллар турат. Бузулуп калса ордунан барып жасап беребиз. Дыйкандар үчүн аябай ыңгайлуу. Демек, бир жыл кепилдик, беш жыл тетиктерин сатып алышат, ондогонун биз ондойбуз.

– Жогоруда ар бир трактордун баасын тизмектеп айтып кеттиң. Дыйкандардын арасынан карызга сурагандар жок эместир. Аларды кантип атасыңар?

– Андайлар көп эле болуп атат. Азыркы учурда 3-4 трактордун жарым баасын алып, ээлерине берип койгонбуз. Калган суммаларды сүйлөшүлгөн мөөнөт боюнча төлөп атышат. Бул боюнча «Айылбанк» менен биргеликте иштеп атабыз.

– Заводдун шаймандарын, трактордун тетиктерин кайдан аласың?

– Трактордун тетиктерин көбүнчө дыйкандар заказ кылышат. Жарым баасы алгач алынып, калган сумманы жасап бүткөндөн кийин төлөшөт. Ал эми токарный, фризерный станокторду болсо кадимкидей эле иштебей турган заводдордон сатып алганбыз. Алар металлоломго чыгарып коюшкан жеринен.

Сурат Жылкичиев

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *