Трамп НАТОну колдой турганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОну колдой турганын, бирок анын мүчөлөрү альянстын алдындагы каржылык милдеттенмелерин аткарышы керектигин белгиледи. Мамлекет башчынын 28-февралда АКШ Конгрессинин эки палатасынын алдында жасаган бул билдирүүсү трансатлантикалык альянсты үмүттөндүргөн белги катары кабылданууда.

Трамп НАТОну колдоду, бирок мүчөлөрү каржылык милдеттенмелерди аткарышы керектигин айтты

«Биз фашизм талкаланган экинчи дүйнөлүк согуш менен коммунизмдин үстүнөн жеңишке жеткен Кансыз согуштун ортосунда түзүлгөн НАТОну чечкиндүү түрдө колдойбуз. Бирок ошол эле маалда НАТО болсун, Жакынкы Чыгыштагы же Тынч океан аймагындагы болсун, өнөктөштөрүбүздөн стратегиялык жана аскердик операцияларга катышуусун, ошондой эле каржылык милдеттенмелерин аткаруусун күтөбүз», — деди Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти шайлоо өнөктүгү маалында АКШнын Түндүк атлантикалык келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай да коюшу мүмкүндүгүн билдирген. НАТОдогу келишимге ылайык, уюмдун ар бир катышуучусу бир мүчөсүнө кол салууну бүтүндөй альянска кол салуу катары кабыл алышы керек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *