Транспорт министри Аргынбек Малабаевге Нарындын автожолчуларынын кайрылуусу

Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникация министири А.Ж.Малабаевге

Нарын облусу боюнча №3, №8, №14, №15, 18, 20, 24- автомобиль жол өндүрүштүк линиясынын жумушчуларынын атынан

                                Кайрылуу!!

Урматуу Аргынбек Жумабекович, биздин сизге кайрылуубуздун себебин мурдадагы уккансыз, азырдагы сизге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылууну чечтик. Бул маселени карап, калыс ойлонуп бир адамдын эмес толтура коллективдеги жумушчулардын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарууңузду талап кылабыз.

Нарын облустук №3-авто жолдор башкармачылыгынын мурунку жетекчиси К.Кадыркулов азыр соттон утуп алып кайрадан кызматка келет деген сөздү угуп коллектив абдан тынчсызданып жатабыз. Себеби ал киши иштеп жатканда бул мекемеде алгылыктуу бир дагы иш жүргүзүлбөй бир кишинин кызыкчылыгы биринчи кезекте турган. Күйүүчү-майлоочу майларды бөлүштүрүүнү башкармачылыкка каратып алып, жол тейлөө ишканаларына 200-250 км жолду тейлөөгө 1 тонна май каралса аны кемитип, 200 литрин алып калчу, майрамдарда өзүнө коробка даярдатып, жумушка жаңы келгендерден опсуз түрдө пара талап кылуучу. Бул боюнча ишкана жетекчилери гана эмес жөнөкөй жумушчулардан бери айтып келишүүдө. К. Кадыркулов пенсия курагындагы адам жана бул адам кайтып келсе коррупциялык ишмердигин улантаарынан эч шек жаратпайт. Бул маселе боюнча №3-Авто жолдор башкармачылыгынын 2016-жылдын 2-февралында жыл жыйынтыктоочу техникалык кенешинде көтөрүлүп, эгер бул киши кызматка келсе, нааразычылык көргөзүп кызматка олтургузбайбыз жана жумуш таштап нааразычылык акциясына чыгаарыбызды билдиребиз деп

№8-ЖТИнин жетекчиси Токбаев К

№20-ЖТИнин жетекчиси Жусубалиев А,

№24-ЖТИнин жетекчиси Сагынкулов,

№18-ЖТИ жетекчиси Шергазиев К,

№14-ЖТИнин жетекчиси Бердибеков К

№15-ЖТИнин жетекчиси Исаев А,

жалпы 100ашык жумушчу кайрылат.

10.02.2016ж

1 ой-пикир

  • К.Кадыркулов says:

    Транспорт жана коммуникациялар министри А. Малабаевге.

    ПЛУАД 3 -ко караштуу номер 8, 18, 14, 15, 20, 24 ДЭПтеринин жетекчилери мени каралап интернет аркылуу Сизге кайрылгандыктан озум жооп иретинде кайрылууну чечтим.
    Бул мекемелердин жетекчилери интернет аркылуу мени каралап коррупционер катары корсотушуп, жумушчулардын атынан кайрылышкан. Номер 14, 15, 20, 24 ДЭПтердин жетекчилери менен иштешкен эмесмин жана тааныбайм. Бул жетекчилер Жогорку Соттун мыйзамдуу чечимине каршы ишке барып жаткандарын сезбей жатышса керек. Мунун баарын Абдылдабеков Т. уюштуруп жатат. Анын устунон ачылган кылмыш иши 2 жылдан бери бутпой Нарын шаардык Сотунда каралууда. Башка да коп мыйзамсыз жасаган иштери жонундо жумушчулар, кызматчылар тарабынан Сиздин атынызга кайрылуу жазылган. Мени каралоо иретинде интернетке жазылгандардын баары жалган жана атайын уюштурулган.
    Аргынбек Жумабекович, Сизди туура тушунуу менен акыйкат жыйынтык чыгарат деп ишенем.
    К.Кадыркулов.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *