Цивилизациялар кагылышы жакындадыбы?

Жакында шаардын четки жаккы тараптарынын биринен борбордук аянт тарапка каттай турган маршруткалардын биринин жүргүнчүлөрү узун жолду кыскарткан, кызыктуу, бирок, ошол эле учурда, өлкөнүн өнүгүү келечеги призмасынан караганда, өтө кооптуу болгон симптомго — ​коомдун диний көз караштар боюнча бөлүнүүсү күч ала баштаганына күбө болушту…

– “Эй, мурутуң кайда?!” — ​деген орой үндөн улам, ар кимиси өз-өзүнчө ойго баткан адамдар баары шарт бурулушуп, тигил экөө тарапка көңүл бурууга аргасыз болушту. Көрсө, бул бейтааныш адамдарды бириктирип турган бир нерсе — ​алар экөө тең сакалчан экен. Бир гана айырмасы — ​экинчисинин — ​жашыраагынын, — ​берки суроо менен кайрылгандан маршруткага кечирээк киргендин, — ​сакалы бар, бирок муруту жок экен!..

…Андан соң алардын ортосунда узакка чейин уланып жүрүп олтурган диний (албетте, түпкүлүгүндө — ​геосаясий маанидеги) дискуссия бирде бир аз басаңдап, маданияттуу, руханий полемика сымал тонго өтсө, бирде көчөдөгү базарчылардын өз ара “ички разборкасы” сыяктуу мүнөзгө өтүп, ал тургай, кээде алар жакалашып кетүүгө абдан жакындап калгандай туюлганда, башка эле чоочун жүргүнчүлөр да аларды тыюуга аракет жасашып, тартипке чакырууга аргасыз болуп жатышты. А бирок, бир азга үн катпай калышканы менен деле, алардын эч кимиси жеңилип калууну, же тең чыгууну (ничьяны) такыр каалашпагандыктан улам, баягы эң кызык жеринде күтүүсүздөн чорт эте үзүлгөн сымал болгон талаш кайра эле уланып кетип, алар маршруткага улам-улам алмашып, жаңыдан кирип жатышкан жүргүнчүлөрдүн көнүлдөрүн да өздөрүнө буруп жатышты…

Тилекке каршы, мерчемдүү аялдамага жеткенде, мен өз иштерим боюнча түшүп калууга мажбур болдум. Болбосо, бул эч компромиссиз маанайдагы эки атаандаштын кимисинин чындыкка жакыныраак экендигин билүүгө кызыгуум кыйла эле артып калган… Асыресе, бул “локалдуу” (азырынча бир чакан маршрутканын ичинде гана болгон!), “кансыз конфликт”, биздин коомчулукта азыркы кезде демейки эле көрүнүштөрдүн бирине айланып бара жатканы, жалпы республиканын масштабында алып карай турган болсок, абдан кооптуу симптом экендиги түшүнүктүү.

…Өткөн кылымдын 90-жылдарында орус тилине которулуп, андан соң бизге да жеткен америкалык окумуштуу Самюэль Хантингдондун “Цивилизацилардын кагылышы” (“Столкновение цивилизаций”) аттуу геополитикалык-футурологиялык эмгеги коомчулукта кыйла кызуу талкууларды жараткан. Бул анча деле көлөмдүү эмес геосаясий иликтөө-прогноз ХХ кылымдын аягындагы бул тематикадагы эң эле чуулгандуу, популярдуу эмгектердин бири болуп калгандыгы талашсыз. Арийне, кыргыз коомчулугу жана Кыргызстан ошол кездеги коомдук-саясий аба-ырайы азыркыдан кескин айрымаланып, такыр башкача болгондуктан улам, ал эмгекке анча терең көнүл бурулган деле эмес.

Кечээ жакындагы борбордук аянтта өткөн митингде белгисиз бир жаш уландын “Биз Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн дал ушул жерде турган бойдон өлүп кетсек да эч нерсе эмес!” — ​деп айтканы, чынын айтканда, ар кандай кооптуу ой-толгоолорду жаратат.

Диний көз караштар маселеси боюнча ал кездеги коомдук маанайды элестетүү үчүн бир эле мисалды келтирсек, ал таасын иллюстрация болуп бере алат го деп ойлойбуз. 90-жылдардагы жашоо бул өңүттөн алып караганда бейпил болгондугу азыр ачык көрүнүп турат. Ал тургай, бул тема козголо калганда, ал кездеги президент Аскар Акаев интервьюларынын биринде: “- Менин досум — ​муфтий Садыкжан Камалов — ​ваххабист, мунун эмнеси бар экен?” — ​деп айтканы бар. Буга жалпы коомчулук деле кайдыгер карагандай болгон: ваххабист болсо ваххабист экен да, анын эмнесин сөз кылабыз? — ​дегендей. Андан көп убакыт өтпөй эле, Садыкжан Камалов өзү президент Акаевдин сөздөрүн “Слово Кыргызстана” газетасы аркылуу дээрлик расмий түрдө жокко чыгарып: “Мен ваххабист эмесмин!” — ​деп танууга аргасыз болгон… Бул ирет да коомчулук алардын бул тымызын полемикасына четтен кайдыгер гана карап тим болгон: ваххабист эмес болсо, ваххабист эмес экен да, анын бизге кандай айрымасы бар?! — ​деген сымал…

Мына, эми чейрек кылымча убакыт өткөн соң, артка кылчайып, бардык маалыматтарды топтоп, салыштырып туруп, ойлонуп көрсөк, өлкөдөгү диний ажырымдарга ошол кезде эле пайдубал түптөлө баштаган экен. Бир жагынан алганда, бул обьективдүү жагдай болчу. Себеби, айланада көбүнчө диний көз караштары советтик атеисттик доордо калыптанган адамдар курчап турчу.

А азыркы коомдук-саясий абал такыр башкача маанайда… Дал ошол акаевдик оор экономикалык кризис тушунда диний агымдардын таасири абдан күчөп кетип (бир гана мусулман дининин түрдүү агымдары эмес, христиандардын түркүн миссионерлери да өлкөнүн бардык аймактарында эркин жайылып кетишип, көптөгөн адамдарды өз тармактарына тартууга үлгүрүшкөндүктөн), андан бери мечиттерге мектепке баргандай эле каттап калышкан жаштардын эки-үч муундары калыптанды.

Ушул жерден бир кызык фактыга токтоло кетпесек болбойт. Ваххабизм диний кыймылы тууралуу бизде эң алгач сөз болуп, ар кандай диний агымдар (анын ичинде — ​Кыргызстанда абдан популярдуу болуп, кийин соттошууга чейин жетишкен “Хизбут-Тахрирчилер”) өз таасирлерин жайылта баштаган кезде, биздеги маалымат булактарында бул диний агым секта катары аталып, анын негиздөөчүсү (өз түпкү ысымы, фамилисы да аталчу) — ​мусулман динин кабыл алып, кийин Мухаммед аль-Ваххаб деп аталып калган еврей улутундагы адам экендиги жазыла турган.

Азыркы ар кандай маалыматтарга бай Интернеттеги булактарды карап көрө турган болсок, бул тууралуу эч сөз жок: “Ваххабизм” как течение ислама восходит к Мухаммеду аль-Ваххабу, жившему в XVIII в., создателю того, что называют фундаментализмом. Аль-Ваххаб выступил за возврат к корням ислама, за очистку изначальной коранической традиции от позднейших наслоений. Вероучение Аль-Ваххаба сформировало отдельный толк ислама, который теперь доминирует в Саудовской Аравии…”

Бул кыймылдын негиздөөчүсү еврей улутунун өкүлү жана бул кыймыл адегенде бирдиктүү динди бөлүп-жарган секта катары пайда болгондугу айтылбайт, же бул тууралуу учкай гана башкача маанидеги маалымат берилет! Демек, ошол бир кезде өзүнүн нукара өң-түсүндө бизге жеткен маалыматтар да кийинчерээк кимдир бирөөлөр тарабынан дыкаттык менен оңдолуп, же такталып (жогорудагы Садыкжан Камаловдун жеке тактоосу сымал!), “редакцияланып” калгандыгы эч кандай деле шек туудурбайт…

Акаевдик бийликтен мураска калган диний-экспансиялык идеологиянын калдыктары, түз ойдуңду каптаган суу акырындап толуп, андан соң, көл сыяктуу толкун боло баштаган сымак, мезгил өткөн сайын, кийинчерээк баш оорутма маселелерге айлана баштаганына күбө болуудабыз. Христиандык баптисттердин, мусулмандардын түркүн агымдарынын локалдык кагылышы республиканын дээрлик бардык аймактарында (Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Таласта) орун алгандыгы маалым. Айрыкча, маркумду жерге берүүдө “бул мусулман көрүстөнү!” — ​деген маселеден улам, ал конфликттер жергиликтүү мааниде гана эмес, жалпы өлкөдөгү көп улуттуу коомчулук алкагында кыйла резонанс болгон.

Эриксизден, “Жетимге жөтөлдүн эмне кереги бар?!” — ​демекчи, эми бизге ушул сыяктуу чет жактардан “экспорттолуп” алынып келинген маселелер эле жетпей жатты эле, баш чайкоого аргасыз болосуң.

Ансыз деле кыргыз элин ичтен (уруу-урууларга жана түндүк-түштүккө) бөлүп-жарууга кызыкдар, арам ойлуу, адам кебетесиндеги манкурттардан куралган күчтөр коомчулукта мурдатан эле болуп келишкендиги жашыруун эмес. Андай түркүн-түстүү, ар кыл багыттагы, ар түрдүү программа-максаттагы күчтөрдүн тээ алыскы келечекти көздөгөн коомдук кыймылдар учурдун коомдук-саясий “аба-ырайына жараша”, кээде басаңдап, кээде активдеше калышып, өлкөбүздөгү ар кандай коомдук-саясий толкундоолорго “барометр” сыяктуу дароо реакция жасап келе жатышкандыгы белгилүү. Эми андай ар түрдүү күчтөрдүн былык аракеттери жогорудагыдай диний ажырымдарды да каалашкан күчтөр менен ымалалашып, тил табышып, “союздашып” кетишпейт деп ким кепилдик бере алат?!

Пролетариаттык революциясынын жолбашчысы Владимир Ленин көрөгөчтүк менен, ошол кезде эле орусташа баштаган жана да интернационалдык коомго өз алдынча, тең укуктуу субъект катары кире албай калган майда улуттардын айрым өкүлдөрү тууралуу маселелер козголо калганда: “Некоторые представители малых национальностей хотят быть более русскими, чем даже сами русские!”– деп айткан экен.

Бизде дагы улут жана улутчулдук маселелеринде абдан этияттык керектиги талашсыз. Көп улуттуу мекенибиздин титулдук улуту болгон кыргыз эли ансыз деле өзүнүн улуу фольклору жана уникалдуу маданияты менен ХХ кылымдын орто ченинен бери бүт дүйнөгө таанылып келе жатат.

Ошондуктан, ар кандай ура-патриоттор менен псевдо-патриоттордун интернационалдуу коомдогу ынтымакка шек келтире турган билдирүүлөрү, же аракеттери али түйүлдүк кезинде жок кылынып турушу зарыл…

Саясат таануучу Алмаз Акматалиев Next телеканалына, Кыргызстандагы таанымал диний аалым-окумуштуулардын бири шайлоо маселелери жөнүндө жакшы ойлорун айтып келип, аягында — ​аялдарга жана “мусулман эместерге” добуш берүүгө болбойт дегенин билдирди…

Жаш жана дүйнөтаанымы, инсандык ички туюм-сезимдери жаңы гана калыптанып келе жаткан жаштар үчүн диний фанаттан — ​зомби болууга — ​андан ары — ​шахидке айланууга чейинки “жол” өтө узактай сезилсе да, демейде абдан эле кыска келип, жеңил эле ишке ашарын Россия Федерациясынын соңку он жылдагы тарыхы ырастады. Мындан бир нече жыл мурда Кыргызстандын 1000ден ашуун жарандары (айрымдары үй-бүлөлөрү менен толук бойдон!) Сириядагы согушта жүрүшкөнү расмий түрдө жарыяланган. Азыр алардын согуштан кийинки тагдыры кандай болду, Кыргызстанга кайра кайтышабы же жокпу? — ​бул жалпы өлкө келечеги үчүн өтө маанилүү маселе менен кызыккан деле мамлекеттик орган жоктой таасир жаралууда. Коңшулаш Казакстандын тиешелүү органдары Сириядан өз жарандарын алып келип, мыйзам чегинде баа бере баштады.

Мамлекеттик саясаты жаңы президенттин келиши менен, эл аралык мамилелерде кескин өзгөрө баштаган Өзбекистан Республикасындагы абал азырынча табышмактуу болууда. Бир жагынан алып караганда, Өзбекистанда исламдык багыттагы мамлекет түзүүгө умтулган күчтөргө курч аллергиясы бар экс-президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан бери, бул жагдай боюнча республикадагы абал кыйла жумшарып, өзгөрө баштады. Бирок, Жер планетасындагы калкы эң жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү абал мурдагыдай эле татаал бойдон калууда. Хантингдондун жогорудагы аталган эмгегинде түрдүү диний агымдардын жолдору кесилишкен бул аймак цивилизациялардын кагылышынын башталышы болору божомолдонгон.

Ал эми “Фергана өрөөнү” деген жалпы географиялык түшүнүктүн алкагында ала турган болсок, бул демографиялык жактан абдан оор, келечеги бүдөмүк болуп турган аймакка биздин Кыргызстаныбыздын Ош өрөөнү дагы киндиктеш болуп, туташып турганы белгилүү. Бир гана географиялык өзгөчөлүктөрү аркылуу гана эмес, бул аймактын жалпы калкын бириктирип турган өзбек тили, жана диний көз карашта өзгөчөлөнгөн улуттук менталитети аркылуу дагы. Ушундай фактылардын өзү эле Хантингдондун прогноздору куру кыялдардан жана фантазиялуу ой-жүгүртүүлөрдөн келип чыкпагандыгын айгинелеп турат.

Бир нече жылча илгери “Бир тууган Царнаевдердин” АКШдагы регионалдык маанидеги спорттук мелдеш учурундагы терракттарга айыпталышып, алар Кыргызстандын жарандары катары бүт дүйнөгө дароо таанылышканы али коомчулуктун эсинен чыга элек. Айрым өзбек улутундагы Кыргызстан жарандарынын Санкт-Петербург шаарындагы, Швеция жана бир катар Европа өлкөлөрүндөгү терракттарда шектүү деп аталыштарынын өзү эле азыркы Орто Азия республикаларында улам күчөп бара жаткан фактылар дал ошол, кези келгенде вулкан сымал, ээ-жаа бербей, эч кандай күчкө баш ийбей, сыртка-көккө карай атылып чыгып кете турган жагдайларды алдын алуу маселеси өтө актуалдуу боло баштаганын айкындап турат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *