Цзянсу провинциясынын «Бао Ли» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операнын бет ачары өттү..

2018-жылдын 4-5-январында Цзянсу провинциясында Нанкин шаарынын «Бао Ли» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операсынын бет ачары өттү. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул опера Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу боюнча китебинин вариантынын негизинде Кытай Эл Республикасынын маданият министрлиги менен Кытайдын улуттук опера институтунун көмөк көрсөтүүсү менен коюлган.

Маалымат:2017-жылдын 30-сентябрында «Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 68-жылдык» улуттук майрамынын астында (1-октябры), Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи болуп Пекин шаарынын «Тянчяо» чоӊ театрында «Манас» эпосу боюнча кытай тилиндеги операсынын бет ачары  болуп өттү.

Операнын сценарийи Кытайдагы белгилүү биринчи даражалуу сценарист Ван Сяолин  тарабынан даярдалган. «Манас» операсын көрсөтүү үчүн эки жылдын ичинде даярдоо иштери жүрүп жатканын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Операнын постановкасында 100дөн ашык Кытайдын мамлекеттик театрларынын артистери катышкан.

Аталган опера  2017-жылдын сентябрь жана октябрь айларында  болуп өткөндөй эле «Манас» жана «Семетей» эпосунун эӊ негизги мазмуну эки бөлүктөн турат, операнын сюжетинин негизинде Манас баатырдын даӊазалуу жеӊиштери жана өмүр жашоосу көрсөтүлгөн.Ошондой эле анын баласы Семетейдин жашоосу жана жетишкендиктери, Манас атасындай эрдиги, чет элдик баскынчыларды жеӊүүгө жетишкендиги көрсөтүлдү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *