Туйгуналы Абдраимов, мамлекеттик ишмер: “Кыргызстанды фюрерлер башкарып жатат”

Мамлекеттик ишмер Туйгуналы Абдраимов менен президенттик шайлоого кандай максатта аттанып жатканын билүү үчүн баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Туйгуналы мырза, кептин ток этер жерин айтсак, президенттик шайлоого кандай максат менен аттанып жатасыз? 

– Негизи мен амбициясы чоң деле адам эмесмин. Кандай кызмат болбосун иштеп келдим. Слесарлыктан баштап врач, бөлүм башчы, министр, министрдин орун басары, депутат, элчи,  Борбордук шайлоо комиссиясынын эки жолку жетекчиси болдум. Мамлекетибизде орун алып  жаткан туура эмес нерселерди иретке келтирейин, аз болсо да мамлекетим үчүн салым кошоюн, элди кыжаалат кылган кырдаалдарды жөнгө салайын деген максатта президенттикке аттандым. Элдин пейили бузулуп, бирөө кичинекей балдар-кыздарды зордуктаса, бирөө эшек союп сата баштады. Журналисттер аны жарыялап, өзүбүздү өзүбүз бүт дүйнөгө акмак, мокочо кылып көрсөтүп жатабыз. Кыскасы, элибиз жакшы нерсени байкагысы, көргүсү келбей калды. Акыркы  мезгилде мени элимдин так ушул абалы, пейили ойго салды. Жакшы нерсе жасап, жаман нерсени  токтотоюн деген ниетте элдин элегине түшүп, президенттик шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым.

– Кайып каскагынан жазып, президенттикке өтүп калсаңыз эң негизги принцибиңиз эмне болот?

– Калыстык! Мамлекеттүүлүктү сактоо болот. Азыр бардык жерде калыстык болбогону үчүн элде нааразычылык күч. Маселен, 45 жыл врач болуп иштеген курсташым 3700 сом менен гана  пенсияга чыгыптыр. 40 жыл иштеген мугалимдерибиз да арзыбаган суммадагы пенсия алышат. Адамдардын канын ичкен прокурор, сот, финполдор 20- 30 миң сом менен пенсияга чыгышат экен. Чынында булар мугалим менен врачтай элге күйүп иштебесе керек деп ойлойм. Ошондуктан, бул маселеге да калыстык менен карап, мугалимдер менен врачтардын айлыгын, пенсиясын  жогорулатышыбыз керек. А эң негизгиси тартип, калыстык болсо анан мамлекетибизде өсүш  болот.

– Айтканыңызга ынаналы, негизи президент болом деген адамдын өзү кандай өзгөчө сапатка ээ болушу керек?

– Президент боло турган адамда кандай өзгөчө сапат болуш керек экенин, ким президент болушу  керегин башкалар эмес, кыргыз эли чечиши керек. Кээ бир саясатчылардын мени тигил кошуна мамлекеттин президенти колдойт деп сүйлөгөндөрүн угуп таңгалам. Мага жеткен маалыматтарга караганда сыртыбыздан түрдүү тондорду бычкандар бар. Бирок, ошентсе да президент боло турган адамды эң биринчи кыргыз эли колдошу керек. Качанга чейин конокторду бийлетебиз деген маселени кабыргасынан коёлу.

– Шайлоо көп каражатты талап кылаарын билесиз. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштепсиз.  Каражат жагынан кыйналып калбайсызбы?

– Элден өткөн байлык жок. Тажрыйба, анын арты менен чогулткан кадыр-барк, тууган-урук, тели-теңтуш, куда-сөөк дегендей… Мен акчадан кыйналбайм. Анткени, акча таратып, добуш сатып алгандардын катарына кирбейм. Башкалардай болуп, көп деле штаб түзбөйм. 58ге чыкканча эл арасында иштедим. Көп жакшы санаалаш күттүм. Кайда иштебейин бардык жерде тартип орноттум. Эл менен болдум…

– Сиз бир эмес, эки жолку Борбордук шайлоо комиссиясына жетекчи болдуңуз. Шайлоо эмне экенин жонуңуз менен сезген адамсыз. Мыйзамды сыйлаган адам катары айтыңызчы, биздин парламент чыгарган мыйзамдар шайлоонун канчалык деңгээлде туруктуу өтүшүнө шарт түздү. Жергиликтүү кеңешке, президенттик парламенттик шайлоого карата жазылган мыйзамдардын күңгөй-тескейин айта аласызбы?

– Бул өтө маанилүү суроо. Мыйзамдардын күңгөй-тескейин айтууга гезит бетинин бир, эки барагы жетишсиз. Кыргызстанда туура эмес жазылган мыйзамдар жок. Бирок, ошол мыйзамдардын кемчиликтери бар. Маселен, президенттик шайлоого эч нерсеге даярдыгы жок адамдар каттоодон өтүп жатат. Алардын санын азайтыш үчүн шайлоо күрөөсүн жогорулатыш керек. Бирок, ал нерсени байлар гана шайлоого катышып, шарты жокторго тоскоолдук кылуу деп түшүнбөшүбүз керек.  Эгерде талапкер күчтүү болсо, эл өзү чогултуп берет. Дүйнөлүк практикада ушундай. Шайлоо тууралуу жазылган мыйзамдын дагы бир кемчилиги Акаевдин заманынан бери келе жаткан норма калыптанып калып, үгүт иштерине ченелүү эле убакыт  берилгенинде. Чынында чет  мамлекеттерде үгүт кампаниясы бир жыл мурун башталат. Бизде болсо, “шайлоо жөнүндө жарлык же Жогорку  Кеңештин токтому чыккандан кийин үгүт кылба”- дейбиз. Бул нерсе белгилүү саясатчыларга плюс болгону менен белгисиз саясатчыларга атайын жасалган тосмо болуп калат. Азыр мындай тосмолор көп. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы күндө талапкерлердин кол  топтогонун атайын татаалдаштырып коюшту. Жалпы жонунан алганда президенттик,  парламенттик шайлоо боюнча жазылган мыйзамда эле эмес, биздин мамлекеттик түзүлүштүн  негизи болгон Конституциябызда да мүчүлүштүктөр бар. Убактылуу Өкмөт бийликке келгенден  кийин Конституцияны өздөрүнө ылайыктап жазып алышкан. Маселен, Жогорку Кеңештин  шайлоосу жалаң партиялык тизме менен болот деген системаны киргизип коюшту.

Негизи депутаттардын жартысы жер-жерлерден келе турган бир мандаттуу округдан  шайланышы  керек эле. Ал системаны жоюп салышканы үчүн Ак-Талаадан же Баткенден эл сыйлаган тың жигит депутат болом десе, акчасын алып, сөзсүз кайсы бир партиянын лидерине барат. Акчасы жок болсо өтпөйт. Мен партиянын лидерлерин тамашалап “фюрерлер” деп коём.  Фюрерлер бийликти алганда мыйзамды өздөрүнө гана ыңгайлаштырып жазып алышкан. Азыр ошонун азабын тартып жатабыз. Эсиңерде болсо, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында коалицияга кирген партиялар кызматтардын чоң, кичине экенине карабай, жиликтеп кызматка  койгон адамдын басып өткөн жолун, тажрыйбасын, иш билгилигин эске албай, партияга канча акча бергенин, партияга шайлоо учурунда добуш алып келгенине карап, кийинки шайлоодо партияга мынча добуш алып келет деген принцип менен өкмөттү да, жергиликтүү бийликти да курашты. Бул нерсе айрым партиялар үчүн пайдалуу болгону менен мамлекет үчүн келечекте кедергиси тийе турган чоң кемчилик болуп калды. Азыр бул системанын пайдасынан зыяны көп  экенин эске албай майда шаарларга да партиялык тизмени киргизип алышты. Чынында майда шаарларга чакан шаардын тың адамдары депутат болуп, шаардын маселесин чечиши керек. А бизде болсо, майда шаардагы депутаттар да партиялык тизме менен шайланып алып, бөлүнүшүп  алып чабышып жатышат. Ошон үчүн Конституцияны оңдоп албасак, келечекте чоң кыйынчылыктарга туш болобуз.

– Демек, мына ошол маселелерди жоюш үчүн Конституцияны дагы бир жолу оңдошубуз керекпи?

– Конституциянын ким атасы, ким апасы экенин билбейм. Бирок, Кыргызстанга премьер-министрлик кызматтын кереги жок экенин турмуш көргөздү. 25 жылдын ичинде 30 премьер- министр алмаштырдык. Премьер-министр тарабынан мамлекетте жылыш болгон жок. Анткени,  премьер-министрлер иштегенге эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирөө бир жыл, бирөө тогуз  ай, бирөөсү бир жарым жылдан гана иштеди. Буга 1993-жылы жазылган “президент баарын чечет, премьер-министр баарына жооп берет”- деген Конституция себеп болду. Негизи бизге андай эмес, Американыкындай Конституция керек. Аткаруу бийлигинин башында президент туруп, бардыгына президент жооп берип, парламент көзөмөлдөшү керек. Антпесек “туура эмес иштедиң”- деп мурунку эки президенттей кылып, кийинкисин деле кууп жиберет. Ошондуктан, мамлекеттин тагдыры үчүн бир киши керт башы менен жооп бере турган кылбасак, Кыргызстанда эч ким эч нерсеге жооп бербей калды. Президент өзүнчө, өкмөт өзүнчө болуп, бирдиктүү иш алып барбай, парламенттеги 120 премьер-министрден чочулап турушат. Алар бир да министрди, бир да жетекчини иштетпей Жогорку Кеңешке чакыра беришет. “Көп суур ийин казбайт. Ийин казса да терең казбайт” дегендей мына ушундай жагдайлардын кесепетинен улам экономикабызда кескин  өсүш болбой жатат.

– Сиз жаңы президент шайланса, Конституцияны өзгөртүш керек дегениңиз менен акыркы кабыл  алынган Конституцияда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын жогорулатышты го?

– Баары өзгөргөн күндө деле мамлекеттин тагдыры үчүн жооп бере турган бир киши болбой калды. Дагы деле баягы көрүнүш уланып жатат. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарды берген күндө  да Жогорку Кеңеш иштетпейт. Эгер премьер-министр өтө катуу иштеп, Жогорку Кеңешти укпай койсо, коалицияны буза коюп, аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылышат. Ошон үчүн биздин  фюрерлер кыргыздын түбүнө жетеби деп чочулайм Анткени, фюрерлер азыркы Конституцияда  дагы өз бийликтерин, укуктарын бекемдеп алышты. Коалициянын лидери премьер-министр болсо, мандатын жоготпойт деген норма киргизишти. Кыскасы, бир фракциянын лидери премьер министр болсо, эки жылдан кийин коалицияны бузуп, экинчиси барып премьер-министр же биринчи вице-премьер болуп иштеп, кокус ал кызматтан түшүп калса, кайра депутат болуп иштесе боло турган укукка ээ болуп алышты. Чынында бул туура эмес. Бул нерсе жалпы элди сыйлабагандык.  Алардан башка Кыргызстанда тың жигиттер жокпу? Ошон үчүн жок дегенде парламенттин жарымын жер-жерлерден бир мандаттуу округдан шайланып келе турган  кылышыбыз керек.

– Жалпы саясаттан түшүнүгү барлар билсе керек. Сиз президенттин абдан жакын досторунун  бирисиз. Жанагы сөз кылып жаткан Конституция кабыл алынып жатканда, президент менен  кеңешип, ушул сындарыңызды айтып, калпыстыкка жол берилип жатат деген жок белеңиз?

– Бул Конституцияны 2010-жылы Өмүрбек Чиркешович жазган. Ал кезде мен Кореяда элчи болчумун. Саясатка аралашпай четте жүргөм. Башынан эле ушул Конституцияга каршы болчумун.  БШКнын төрагасы болуп турганда “фюрерлердики өттү” деп бир нече жолу интервью бергем. Бул  Контитуцияны түп тамырынан бери оңдобосок, мамлекеттин келечегине опурталдуу жагдайга  түртөт.

– Туйгуналы мырза, “Борбордук шайлоо комиссиясы кимдир бирөөгө жан тартпайт. Шайлоо таза  өтөт, добуштарды санаган сервер жаңылбай туура эсептейт”,- деп ишенсек болобу?

– Негизи Борбордук шайлоо комиссиясы кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн ынтымагын, ишмердүүлүгүн көрсөтүп, биринчилерден болуп, таза шайлоо өткөрүп бердик. Саат сегизде шайлоо бүтөр замат биздин серверге бардык участкадагы маалыматтар келип түшүп, тогузда алдын ала жыйынтыгын айтканбыз. Ошондой эле кайсы партия канча добуш алганын онлайн режиминде ар киши көрө ала турган мүмкүнчүлүк да бергенбиз. Эгер серверге кайнак суу  куюп, жыгач тыгып Кара-Суудагыдай кылып иштетпей коюштун аракетин көрүшпөсө, карусель  ыкмасын колдонушпаса сервер добуштарды туура эле санап, шайлоо таза өтөт деп ойлойм. Себеби, азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жаман эмес. Арасында Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары жана БШКнын мурдагы курамындагы мүчөлөр бар. Болгону, айрым учурда төрайым гана чабалдык кылып, жогору жактын айтканынан чыга албай алардын айтканын аткаруу менен алек болуп калды.

Булак: “Майдан.kg”

1 ой-пикир

  • Жаран says:

    Башка суйлосо дагы сиз ак иштедим деп айтпай эле койсонуз жарашат.Бут былыктын баары сизде болду го отконку шайлоолордо.Отконду откорбой,отпогонду откордунуз го.Оозу мурдунуз кыйшайбай кантип жалганды шыбап жатасыз?Сиздин чыгарган жыйынтыгыныздын кесепетинизден мамлекет бугунку акыбалга кептелди го.Эркектик намысыныз жетип,чындап эл-жерге куйсонуз мурунку шайлоолордун жыйынтыгы кантип бурмаланып, кантип добуштардын уурдалганын элге жарыялар айтып берсениз Кудай алдында дагы,элдин алдында дагы жузунуз жарыгыраак болмок.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *