Түлеев мэр болот имиш

Бакиевди “атам” деген Нариман Тулеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болгусу келип жатыптыр. “Эгер шаардыктар колдосо, мэр болууга даярмын” – дептир кайран киши. Саясатта салмагы жок экенин аңдабаган неме окшойт бул. Эски кадрлардан, жаманатты болуп коррупцияга аралашкан кадрларды мындан ары бийликке жолотпош керек го ыя? Же Тулеев кыргыз үчүн кызмат кылууга керекпи? Канткен менен эл өзү таразалап алыш керек.

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Алтын says:

    Кандайча салмагы жок? Шаардын тургундарына салмагы аттын башындай керек болсо. Коррупционерлер Кулматов, Ибраимов АШАнын аркасы менен келип Бишкектин чанын асманга сапырышты. Тюлеевди Бишкектиктер эмгиче соз кылышат. Aчык саясат жамааты сасык саясат атка конбой туура бергиле маалыматты!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *