Тулпарлар тууралу таасын философия

С.Нааматов атындагы НМУнун профессору, И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору, философия илимдеринин кандидаты Сыдык Иманалиевдин “Тайтору. Тарых. Философия” аттуу окуу-методикалык колдонмо китебине /Бишкек 2018. 52-б./, жаратылыш менен жакын карым-катнаштуу инсан катары өзүмдүн ой жүгүртүүлөрүмдү кыскача билдирип коюуну туура таптым.

Кыргыз элинде жарык дүйнөгө келүү, жашоону өткөрүү, келечекке болгон умтулуу, максат, тилек байкалбаганы менен атка байланыштырылган. Эң жөнөкөй эле мисал: “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны”, “Ат адамдын канаты”, “Ат – аттан кийин жат” деген сыяктуу макал-лакаптар ондоп, жүздөп саналат. Демек мындан “ат”- бул кыргыз элинин  жашоосундагы эң негизги кыймылдаткыч күч  экендиги таасын байкалып турат.

Көчмөн кыргыз философиясындагы аттар жөнөкөй эле сөз болуп жүргөн катардагы аттар эмес, алар артыкчылыктарына жараша өзгөчөлөнгөн категориядагы ыйык аттар. Айрымдарын алып айтсак: чобур, кашаң, кырчаңгы, жорго, күлүк, тулпар, дулдул, казанат ж.б. болуп ондогон сапаттагы ар кандай касиеттерге ээ болгон классификацияда. Ошондой эле кыргыз элинин жашоосу дагы. Ошого окшош баскычтарга, болумга ылайыкташтырылып классификацияланат. Бирок төрөлүү, жашоо, алга умтулуу, өмүр сүрүү ушунун баары жөнөкөй эле аттарга эмес жорголорго, күлүктөргө, тулпарларга, дулдулдарга, бурак аттарга байланыштырылат, окшоштурулат, салыштырылат.

Демек көчмөн кыргыздардын жөнөкөй  аттарга эмес чыгаан тулпарларга туураланган тунук ой чабыттарынын философиясын Иманалиев Сыдык коюу чаңдан алып чыгып, аны элибиздин менталитетине ылайыкташтырылган тулпарлар тууралуу тарыхый таасын философияга айландырган. Аныгында эле байыртадан бери айланыбызда байкалбай жашап келе жаткан чындыкты ачып бере алган десек анчалык аша чапкандык болбойт.

Мында түптүү кыргыз элинин  тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган, бирок ооз эки айтылып келе жаткан “Манастагы” чыныгы тулпарлар: Аккула, Тайтору, Сарала, Мааникер, Чалкуйрук, Карткүрөң ж.б., Ч. Айтматовдогу Гүлсарат ж.б. сыяктуу тулпарлар.  Алардын тарых-таржымалы аркылуу туулуш, өсүш, бузулуу, кыйроо, өлүп жок болуу, болбосо түбөлүк жашап калуу менен таптакыр изи-тозу жок жоголуп кетүүнүн философиясын аяыктаган, дааналаган, болтурган. Ушул тулпарлардын таржымал тагдырын иликтөө менен адам  болумунун сырларын аныктоонун зарылдыгын ачып көрсөткөн.

Жогоруда аталып кеткен  китептин абдан маанилүү барактарына кайрылсак; “…Сай күлүктөрдүн ичинен Тайтору “сүрөө” аркылуу марага биринчи болуп келет. “Сүрө­ө” идеясы кыргыз болумунун сыры, бабалардын келечек муундарга калтырган өрнөгү. Сүрөө –  рационализмге каныккан адам болумунун философиясы. Тайтору менен баатыр теңдеш, “бир”. Тулпардан калган туягым. Тайтору “болум сырын” жүктөп, эч талыбай, эч чалыкпай марага келет.  Жаныбарым Тайтору элдин тагдырын аркалайт, кыргыз эли үчүн  келечекке кошо сиңип, жуурулушат.  Келечекте марадан күтчүдөй сезилет. Болумда Каныкей менен Тайторунун аркалаган кызматтарынын мааниси “бир”, жаш Семетейди адам дүйнөсүнө, адам болумуна киргизүү жана катыштыруу, болум менен убакыттын өлбөс-өчпөс баатырына айлантуу болуп саналат.”

Тулпарды “сүрөө” менен башталып, ар бир мезгилдин адамдарга карай багытталган катаал Сыноо-чакырыктарында да, деги эле заманбап практикалык-техникалык билимдер менен куралданган, улуттук философияга ээ болушкан жаңы муундардын катмарын көбөйтүүнү, өлкөнү жаңыча куруу философиясына эгедер болгон  “Биз сүрөйбүз, демек жашайбыз! Биз жасайбыз! Биз жашайбыз! -” деген идеяны тастыктай алган. Мында-биз болумдуубуз.  Бул айтым коомдук иште адамга практикалык, маданий жана руханий жактан да  кызмат кылаары чындык.

Болум /бытие/ –  акыл-эске салынат, болум унутулбайт. Кыргыз философиясында “сүрөө”- идеясы, жеке жана жалпы, түздөн-түз адамды болумга киргизген  бирден-бир “босого катары өткөрүүчүнүн” ролун аткарат экен. Болум менен бир болуу, анда агылуу, ага кошулуу, “сүрөө”- ушу “азыр” “адам өзү күткөн болумга” кирүү, ага байлануу, ага аралашуу, ар милдетти аткаруу… Айрымдар болумду ойлобойт, башка жанга окшоп жашайт, жыргап деле кетпейт. Алардын жашоосу болумсуз. Кээ бирөөлөр боломун дешет, боло алышпайт, бу-болумдун жандырмагы табылбайт.

Ушундай ой пикирлерге байланышкан антикалык философтор Платон, Диоген, Аристотель, Сократ, Демокрит; кийинки эле философтор Г.Гегель, И.Кант, К.Маркс, Ф.Энгельс, В.И.Ленин; бүгүнкү күндөгү эле кыргыз  окумуштууларынан И.Молдобаев, А.Исмаилов, Ж.Бөкөшов, Ж.Орозобекова, ошондой эле улуу жазуучулар Ч.Айтматовдун, Т.Сыдыкбековдун терең философиялык ой-чабыттарын ийгиликтүү изилдөөгө көп аракеттерди жасаган жана алардан абдан терең маңыздуу жыйынтыктарды  алып чыккан.

Ошол чыгаан тулпарлар Манастын, Кошойдун, Бакайдын, Алманбеттин, Чубактын  жана башка шерлердин бактысына жаралып, аларга жөлөк-таяк болуп, эрдигине эрдик кошуп турганы ачыкталат. Эгерде ошол шерлердин алдында мингендери мындай тулпарлар болбогондо алардын баатырдыгы мүмкүн мынчалык болот беле же кандай болот эле, бул дагы өзүнчө маселе. Демек баатырлардын баатырдыгына, эрлердин эрдик кылганына, алардын минип жүргөн буудандары менен тулпарларынын дагы сүрөөнүн байланышы болгону сунушталат.

Аттар чындыгында эле адамдардын, өзгөчө көчмөн кыргыздардын тиричилигиндеги чыныгы жолдошу, жөлөк-таягы, ишенимдүү жардамчысы болуп келген.

Азыркы күндөргө чейин жеткен ат оюндары – эр эңиш, көк бөрү,  кыз куумай, ат чабыш, жорго салдырыш, кунан чабыш, тыйын эңмей, эр сайыш сыяктуу оюндарда эр жигиттин күчүнө күч, ыгына ык, жөндөмүнө жөндөм кошуп, алардын жеңишке жетишине брден бир жардамчысы, себепкери болуп келген, болуп жатат жана мындан ары дагы болуп келе бермекчи. Демек аты күлүк, жорго, дулдул, тулпар болсо  эр жигит кубалаганына жетип, качканынан кутулуп, каалаганын аткара алган. Ат эр азаматтын өтө жакын жолдошу жана  досу болуп келген. Жакшы ат  эр азаматка көп учурларда тарых тастыктагандай тагдырда негизги чечүүчү  факторлордун бири болуп келе жатканы таасын тастыкталган.

Көп учурларда көчмөн кыргыздардын эр азаматтарынын татаал тагдырлары дагы атка, тулпарга байланыштуу болуп калган фактылар көп кездешет. Мисалы Манас менен Аккуланын, Алманбет менен Сараланын, Семетей менен Тайторунун, Мааникер менен Көк­өтөйдүн,  Төштүк менен Чалкуйруктун, Курманбек менен Теке-жоомарт Телторунун, Эр Табылды менен Арчаторунун ж.б. тагдырлары. Аларды бири-биринен  бөлүп кароо  мүмкүн эмес.

Ал гана эмес, кийинки тарыхыбыздагы улуу инсандардын өздөрү менен кошо айтылып келе жаткан Касымалы менен Кара аты, саяк Байзак менен Каракашка аргымагы, Ормон хан менен анын Акжалы, кийинки эле Совет мезгилиндеги Нарын кантонунун алгачкы кантисполкому Турдубаев Жолдубайдын Карагер жоргосу, Тянь Шань облисполкому Кулунбаев Абилинин Кашка жоргосу, Куланак колхозунун  белгилүү башкармасы Курманов Туйтунун Боз жоргосу мисал боло алат. Мындай чыгаан азаматтар менен алардын өздөрүнө гана мүнөздүү чыгаан ат-унаалары кыргыздын ар бир айылында ондоп саналат.

Демек кыргыз тарыхында  тарыхый инсандардын  дээрлик бардыгында алардын даңк-даражасын,  алардын  аргымак-тулпарлары менен кошо даңазаланып келе жатканы да бекеринен эмес.

Окумуштуу Сыдык Иманалиев – чакан эмгегинде тулпарларды тарыхы менен алардын чыныгы философиясын ача алган десек десек жарашат.

Алтыбаев Шаршенбек,  – Академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей-интернат мектебинин география мугалими. КР Эл агартуусунун отличниги. Нарын облусунун Ардактуу атуулу. СССР география коомунун анык мүчөсү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *