Түмөнбай Колдошов, обончу: “Менин жазган обондорумдун эл оозунда кала турганы барбы жокпу билбейм, аны убакыт көрсөтөт”

Жүздөгөн жаңы обондор жаралса да алардын арасында айрымдары гана элдин жүрөгүнө орноп, бат алынаары шексиз персе. “Кандай обондор элге бат алынат?”, “обондун да жолу бары, жолу жогу болобу?” деген суроо көптөн бери көкүрөгүмдө жүргөн. Дал ушул суроолорго жооп алуу максатында заманыбыздын мыкты обончуларынын бири, обондору башкалардан айырмаланып салмактуу, ырга тандалган сөздөрү да мазмундуу болгон Түмөнбай Колдошов менен маек курдум. Берилген суроолорума алынган жоопторду төмөндөн окуңуздар…

– Түмөнбай мырза,обончулардын айтымында обондордун дагы жолдуусу, жолу жогу болот дешет. Жолдуусу элге өтө тез сиңип, бат эле тарайт, жолу жогу анчейин өтпөйт деген сөзгө кошуласызбы?

– Негизинен туура эле. Обон жазып жатканда кайсыл обонуң элге бат алынаарын билбейсиң. Качан элдин көпчүлүгү ырдай баштаганда гана ушул чыгармам ийгиликтүү жазылган экен деп ойлойсуң. Адамга бакыт күтүлбөй келгендей эле маселе.

– Чыгармачылык бир учурда нөшөрдөй жааса, бир учурда булут баскан асмандай түнөрүп, көпкө чейин токтоп калат экен.. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз ошондой учурда эмне менен алек болосуз? Сизде мындай жагдай болгонбу?

– 2012-2015-жылдары обон жазууга кызыгуум күчөп турган мезгил экен. Жакынкы бир жыл аралыгында бир да обон жазууга мүмкүн болбоду. Биринчиден текст тапкан жокмун. Экинчиден өзүм да жалкоо болуп кеттим. Издеп араң тапкан тексттериме да эргүү келбей, канча акындын ырларын чөнтөгүмө салып жүрдүм. Ыңгайы келгенде обон жазайын деп жазалбадым. Чыгармачылыкка да тыныгуу керек экен деген ойдо турам. Көөдөн бошоп калганда башка күнүмдүк нерселер менен алектенип жүрүп калат экенсиң. Кээде кыжалат болом, ушуну менен мен чыгармачылыгымдын көшөгөсүн жаап койдумбу деп. Качандыр бир күнү таланттуу акындардын бир керемет ырын окуп калсам обон чыгаар, кантип эле кайрык түгөнүп калсын деп өзүмдү-өзүм сооротуп жүрөм.

– Көбүнчө даяр текстке обон жазасызбы же обонго буйрутма менен текст жаздырасызбы?

– Акындар эргүү келип, эйфорияга түшүп жазып койгон тексттерине кайрылам. Буйрутма берип жаздырган учурлар да болгон, андай нерсе практикаланып эле жүрөт. Буйрутма берип жаздырганым көңүлүмө көп жага бербейт, ошондуктан даяр текст менен иштөө бир топ жеңил.

– Кунарсыз, сөлтүгү көп сөздөр менен жазылган ырларды укканда кыжырыңыз келеби?

– Адамдын табити менен эсептенгүүгө болбойт. Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр дейт. Аның сыңары, нерв кетирип ырчылардын ырдаганын сындап отургандан көрө, өзүмдүн башка жумушумду жасаганым оң.

– Адатта жазылган обонду ырчыларга өзүңүз сунуштайсызбы же сизге кайрылышабы?

– Аткаруучулар обончулардан жаңы обондорду сурап алышат. Айрымдарынан сатып алышат. Аткаруучулар өздөрүнүн репертуарларын жаңылоонун үстүндө көп иштешет. Жаңы, жакшы жазылган ырлардын кардарлары көп. Жакшы чыгарма жаратмандардын баарынын эле колунан келет, бирок дайым эле аңчынын жолу болбогондой, обончулардын да ортозаар, начар ырларынын арасынан бирөө жарымы гана мыкты болуп жазылышы мүмкүн.

– Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдердин ырлары өз актуалдуулугун жоготпой, эл арасында сүймөнчүккө ээ болуп келет. Алардыкындай популярдуулуктан түшпөй турган чыгарма жарата алдым деп ойлойсузбу?

– Сиз атын атаган залкар таланттар бул өмүргө бир берилген белек! Алардын ырларына тең келе турган чыгармалар балким жазылаар да, жазылбайт… Менин жазган обондорумдун эл оозунда кала турганы барбы жокпу билбейм, аны убакыт көрсөтөт.

– Эмнеден жан дүйнөңүзгө азык аласыз?

– Адатка айланган нерсем бар, узак жолго чыкканымда акындардын айтыштарын угам. Романтикалуу музыка угуп, мелодрамма көрүп, көркөм чыгармаларды окуп жан дүйнөмдү азыктандырам. Көптү көргөн, дили таза адамдар менен сүйлөшүүнү жактырам. Айрым көңүл сүйгөн адамдар менен дидарлашуу өзүнчө керемет эмеспи!

– Жакынкы убактардан бери жоопкерчиликтүү кызматты аркалап жатасыз. Кызматтын иши кызмат. Майда-барат көзгө көрүнбөгөн иштер көп убакытты жейт дегендей. Чыгармачылыкка толугу менен сүңгүп кире албай калып аткан жоксузбу?

– Жумушума жаңы киришип баштаганда бир топ адамдар куттуктоо менен бирге чыгармачылыктан алыстап кетпөөнү каалашты. Албетте, жумушта кызматкермин, жумуштан кийин, үйдө иштейм деген адамга убакыт табылат. Анан жалкоолук моюнга минип алса, эртеден-кечке үйдө жатсаң да убакыт жетпей калышы мүмкүн.

– “Атактуулукка жеткиси келген жаштар акчам болсо эле атактуу болот элем”, – деп көп айтышат. Чынында атактуу болуу үчүн акчанын ролу чоңбу? Бир чети азыр таланты жоктор деле акчанын күчү менен “жылдыз” болуп атышпайбы…

– Ч.Айтматовдун “Эзелтен чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот?” деген сөзү бар. Аның сыңары, элибиз тигинин акчасы бар, таланты жок, а мунун таланты бар, акчасы жок деп бөлүп айтышат. Бирок конкреттүү “Сенин үнүң жок, талантың жок, убактыңды кетирип убараланба, акчаңды башка жумушуңа сарпта, маданияттан кет”, – деп кимди ким айтты ушул убакка чейин? Эч ким айткан эмес! Ошондуктан, бардык нерсе адамдын ички каалоосунан көз каранды. Атактуулукту ким кандай элестетет да, кандай максат менен аракет кылат? Маселе ушул жерде.

– Илхам келип туруш үчүн обончу дайыма сүйүп туруусу керекпи?

– Балким…

– Чыгармачыл инсандардын ортосунда интрига күч экени айтпасак да белгилүү. Интрига сиздин дүйнөнү аралай элекпи?

– Күн менен түндү, күңгөй менен тескейди, асман менен жерди бири-бирисиз элестетпегендей эле, адам баласынын жашоосунда интригасыз элестетүүгө болбойт. Пендечилик баарыбызда бар, ошондуктан акыл-эс менен жашап, сезим менен жакшы чыгармаларды жазууга аракеттенемин.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *