Турат Сатимбаев, КР Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси: Илбирс аткан мергенчи жарым миллион сом айыпка жагылат

Кыргызстанда соңку жылдарда улам азайып бараткан илбирсти сактап калуу максатында 1995-жылы атайын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюштурулган. Бул абдан сейрек жаныбарды аткандыгы үчүн мергенчи мындан ары 500 миң сом айыпка дагы жыгылат. Ошентсе деле өлкөбүздө бул өңүттөгү аракет анчалык чеке жылытпайт. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Туратбек Сатимбаев кабарчыбызга курган маегинде агынан жарылды.

– Туратбек мырза, Кыргызстанды туруктуу байырлаган илбирс өтө сейрек гана кездешчү жаныбарлардын катарына кирет турбайбы?

– Ооба. Илбирс ушул тапта дүйнөнүн он үч гана өлкөсүн туруктуу байырлайт. Бул – деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жашоого абдан ылайык-ташкан мышык уруусундагы эң ири жырткыч жана сүт эмүүчү. Негизинен Борбор Азиянын тоо кыркаларын туруктуу мекендейт. А Кыргызстанда Тянь-Шань тоо түйүнүнө кирген бардык тоо кыркаларында, атап айтканда, Курамин, Фергана, Чаткал, Пекем, Угам жана Талас тоолорунда гана кездешет.

– Булардын башка жаныбарлардан деги олуттуу айырмачылыгы эмнеде?

– Маселен, бир илбирс жайлаган жерге экинчиси эзели жолобойт. Анткени, бул өтө каардуу жана абдан өжөр жаныбар. Кокусунан булар жолугушуп, анан каршылашып калышса, бири сөзсүз катуу жараланат, же өлүп тынат. Ошол себептүү булар үйүр-үйүр болуп чогуу жүрүшпөйт. Жалгыздап гана ар жерде өздөрүнчө жан сакташат.

– Бирок, илбирс анча деле узак жашабайт турбайбы?

– Ооба. Ашып баратса он-он эки жыл гана өмүр сүрүшөт. Булардын кууту тээ февраль-март айларында катуу жүрөт. Анан 98-103 күндөн мый туулат. Ургаачысы эки жылда бир гана тууп, балдарын эки-үч жыл өзү менен кошо ээрчитип жүрүп, жем тапканга жана аны кантип жегенге секин үйрөтөт. Айтмакчы, илбирстин ургаачысы эки жашында гана араң жетилет.

– Албетте, дайыма чаржайыт жана чачырап жүрүшкөн бул жаныбарларды эсептөө дегеле оңой эмес. Сиздин божомолуңузда Кыргызстанды канча илбирс байырлайт экен?

– Ушул тапта “Кыргызстандын эң бийик тоолорун 150-500 чакты илбирс гана мекендейт” деген божомол бар. Анткени, илбирс – дүйнөдөгү эң кымбат жана абдан баалуу жаныбар. Өзүбүздө, Кыргызстанда, бир илбирс он миң долларга бааланат. Ал эми чет өлкөлөрдө наркы кырк миң долларды чапчыйт. Дал ушунун өзү булардын тымызын атылып, бара-бара кыскарышын дагы ого бетер шарттап жатпайбы.

Дагы өкүнүчтүүсү: илбистер мекендешкен бийик толуу аймактарда дагы соңку жылдарда катарынан кен-байлыктар казылып жатат. Дул ушунун кеспетинен булардын туруктуу чөйрөсү дагы улам бузулуп, таптакыр айла куругунда алар башка тыптынч жактарды карай ооп кетишүүдө. Мындан тышкары алардын негизги тоюту – ача туяктуу сүт эмүүчүлөр дагы бара-бара суюлуп бараткандыгы өкүнүчтүү.

– Туратбек мырза, айда эмне үчүн бул өңүттө байма-бай коңгуроо кагып, Кыргыз Өкмөтүнүн кулагын жебей жатасыздар?

– Биздин талыкпаган аракетибиздин аркасында гана 1995-жылдын 10-мартында 72 080 гектар аянтты ээлеген Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу уюшулган. Ушул тапта республикабыздын бардык булуң-бурчунда Pantera, Германия тарабынан каржыланган NABU, Эл аралык илбирсти коргоо фонду (Snow Leopard Troust), ошондой эле Illegal Trade (IWT) Challenge Fund уюмдарынын колдоосу аркасында “Корукчу-Жаран” жаратылыш коргоо программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат.

Баса, илбирсти аткандар үчүн ар өлкөнүн өзүнчө мыйзамдары бар. Маселен, Кытайда браконьер жыйырма жылга түрмөгө кесилет. Ал эми Кыргыз Республикасында бир илбирс атканы үчүн мергенчи 500 миң сом гана айыпка жыгылат. Албетте, азыркындай каатчылык заманда бул оңой табылчу каражат эмес! Бирок, ошол айыпты төлөттүрүү дагы ушул тапта оңбогондой азапка айланып олтурат.

Булак: «Майдан»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *