Турганбаев “былжырбайлар менен иштешпейм” деп былжыраптыр

Мелис Турганбаев өз маегинде “Мен былжырбай саясатчылар менен иштешпейм”- деп былжыраптыр. Кызматы жок калса оозуна келгенди оттой берсе боло берет экен да. Кайран кишинин сөзүнөн кийин жакаңды кармаганга  акыбалың келбей калат экен эй. Кечээ эле ИИМ министри болуп, өзү айткан былжырбайлардын кабинетинен чыкпай жүрбөдү беле. Сөз экен деп сүйлөй берсе Турганбаевге жараша береби? Генерал өзү унутса да башкалар унута элек, ошол былжырбайлардын колдоосу менен министр болгонун. Парламентте депутаттар менен кучакташа көрүшүп, чекеси нымдашкыча чай, кофе ичип, чери жазылгыча каткырып күлүп олтурчу эмес беле? Ал күндөрдү кайда катасыз урматтуу генерал мырза? Же “Ак жолдун” партиясынын жыйынына катышып жүргөн Мелис Турганбаев, өлкө башындагы биринчи адамды былжырбай саясатчы деп эсептейби?

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *