Мелис Турганбаев Жалал-Абадга губернатор болгусу келип…

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев үйүндө бош жаткандан жададыбы же мамлекеттик жогорку кызматтын даамын татып калган жаны тынч ала албай кыйналып жатабы, айтор, көптөн бери эле улам бир кызматты көздөп бийликке киши салып, максатына жетпей убара тартып келе жатат. Алсак, кайрадан ИИМге жетекчи болгусу келди. Тилегине жетпеди. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына барууга белсенип, дагы максаты ишке ашпай өксүдү. Нарынга губернаторлукка баргысы келип жатканы айтылды. Эми Жалал-Абадга губернаторлук кызматты сурап жатыптыр. Сыягы, Нарынга Аскаров кетип жатканын угуп, ротация кылып мени Жалал-Абадга алып барса деген үмүгү бар окшойт. Облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна кызыгып жатканына караганда, ал жактагы трассаны көзөмөлгө алгысы келип жаткандай…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *