Фото – Туризм өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Бирок, 1000 жылдык тарыхый салттарды талкалайт

1980-жылдардын аягынан тарта Грузиянын бийик тоолуу Сванети району кедей жашайт. Бул тууралуу Еurasianet сайты жазып чыкты. Тоолуу аймактын тургундары өлкөнүн саясий иштерине катыша албайт. Ошондой эле климаты ар дайым катаал, жашоо шарты оор. Союз тарагандан кийин көпчүлүк жашоочулары көчүп кетишкен.

Бирок акыркы 10 жыл аралыгында регион туризм тармагынан киреше табуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ошондой эле бул багыт менен бирге аймактын бир катар көйгөйлөрү келип чыгууда.

Союз учурунда Москванын маданият адистери жергиликтүү тургундардын башка элдерден “этникалык өзгөчөлүктөрүбүз менен өзгөчөбүз” деген ойлоруна кошулушкан. Ошону менен катар Кремль мыйзамсыз деп эсептесе дагы аймактын кээ бир салт-санаасына каршы тура алган эмес. Мисалы, аксакалдар кеңешинин жерди бөлүштүрүүгө, кандуу өч алууда ортомчулук кылууга, кыз ала качууда чечим чыгарууга катышышы.

Бүгүнкү күндө Wikitravel, TripAdvisor, Facebook жана Booking.com өңдүү сайттардын билдирүүлөрү боюнча бул аймакта 100 жылдан бери эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Ошондой эле тургундары дагы деле таш мунараларында жашашат деп белгилешет. Бирок бул берилген маалыматтар жеткиликсиз, себеби, аймактын Ушгули деп аталган кыштагынын тургундары сырткы дүйнө менен байланышы жок жана кышында бир, эки жумага электр жарыгы өчүрүлүп турат.

1986-1987-жылдары кышында кар көчкүнүн жүрүшүнөн ондогон кишилердин өмүрү кыйылгандан кийин бийлик жергиликтүү тургундарды көчүрө баштаган.

Тургундардын жарымы 1990-жылдары кайра кыштакка кайтып келишкен. Жашоочулардын кийинки кайтып келүү агымы болжол менен 10 жылдан кийин башталган. Учурда аймакта ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк аренада кабыл алынган мунаралар, конок үйлөрү бар. Бул аймакта июль айынан сентябрга чейин туристтик мезгил болуп эсептелет.

Кошумчалай кетчү нерсе, Ушгули кыштагынын тургундарынын чет элдик туристтер менен баарлашуу тажрыйбасы бар. Себеби, 1970-жылдан тарта өлкөдөгү эң бийик чокуга чыгуу үчүн көптөгөн туристтер келе баштаган.

“Ал убакта туристтерди бекер кабыл алчубүз. Себеби бул меймандостуктун белгиси. Ал эми меймандостук биздин 1000 жылдык маданиятыбыздын негизги салттуу бөлүгү. Капчыгай альпинисттердин, тарыхчылардын, археологдордун чатырларына толуп турчу. Ал эми азыр биз андай бекер кабыл алуу салтына мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Туризм бизнеси 1000 жылдык салттарыбызды талкалап жатат” – дейт, жергиликтүү тургун Айсир Нижарадзе.

Бул аймакта бүгүнкү күндө туризм тармагы үй-бүлөнү багуунун жалгыз жолу болуп эсепелет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *