Түрк тилдүү өлкөлөрдүн келечеги кең

Кечээ жакында эле Кыргызстанда өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгына арналган мамлекеттердин кеңешинин саммити мындан тогуз-он жылча мурдараакта (же, 2008–09-жылдарда) Бишкекте өткөн ШОСтун (Шанхай кызматташтыгы уюмунун) жана да КМШнын ОДКБ (Жамааттык коргонуу боюнча кызматташтыгынын) уюмунун эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары сыяктуу эле бийик деңгээлде өтүп, Кыргыз Республикасы мындай эл аралык абройлуу иш-чараларды керектүү деңгээлде өткөрө аларын далилдеди.

Негизги конкреттүү иш-чаралык-практикалык чечимдерден сырткары дагы, демейде мындай саммиттер эл аралык саясатта жаңырык узак убакыт бою сакталып калуучу таасирлери менен баалуу болуп саналат. Демек, Кыргызстандын эл аралык аброюнун өсүшүнө дагы олуттуу таасир эте алат!.. Белгилүү болгондой, өзүн “демократия аралчасы” атап келген Кыргызстан узак убакыттар бою эл аралык дегенди мындай кой, өзүнүн жакын коңшулары менен дагы өтө начар мамиледе болуп келген. Бул багыт 2005-жылкы жоогазын революциясынан кийинки кездерде гана кескин өзгөрүп, жогоруда аталган уюмдардын иш-чаралары Бишкекте өткөндө дүйнөлүк супердержавалардын лидерлери — ​РФ мамлекет башчысы Владимир Путин, Кытай мамлекет башчысы Ху Цзинтао (кийинчерээк Цзянь Цземинь) сыяктуу мамлекет башчылары келген кезде, саясий-декларативдүү чакырыктардан айрымаланган, конкреттүү багыттарга арналган документтер кабыл алына баштаган. Дал ошондуктан улам гана, биздин өлкөгө дагы баш багып, кадимкидей коркунуч жарата баштаган террордук уюмдардын аракеттерине бөгөт коюлган. Кыргызстандын коопсуздугу жана түштүк чек аралар тарабы бекемделген…

Ал эми түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгына келсек, бул — ​заман талабы жана глобализация доорундагы эң бир зарыл багыттардын бири экендиги шексиз. Карт тарыхка кылчая турган болсок, тээ V–VI кылымдарда эле Улуу Түрк каганаты дал ушул Кыргызстандын азыркы аймагында (чек ара аймагы — ​ары жагы Кытай, бери жагы Кара деңизге чейин созулса да!) түзүлгөн. Түрк тилдүү элдердин башаты болгон бул империяга кыргыз этносу баштаган башка көп түрк элдери дагы киришкендиги белгилүү. Тарыхта бир жарым-эки кылымга жакын жашаган бул улуу каганат адегенде аймагынын эбегей сиз чоңдугунан улам гана, Батыш жана Чыгыш Түрк каганаттарына бөлүнүп кетип, кийинчерээк ичине кирип алышкан башка этникалык күчтөрдүн аракетинен улам, өз ара бөлүндү-жарынды болуп олтуруп, акыры тарыхый аренадан четтеп кетүүгө мажбур болгон. А бирок, жөн эле кетпей, кийинчерээк Жунгария деп аталган ошол кездеги жеткен реакциячыл мүнөздөгү (бекеринен байыркы кытайлар аларды “жуань-жуань” деп аташып, жек көрүшкөн эмес да, — ​бир ичке кирип алышса оңой менен сыртка чыкпай, ичтен билгизбей жей берген мите курттарга салыштырышып!), феодалдык мамлекеттин таш-талканын чыгарып, талкалап кетишкен… Арийне, “бар нерсе такыр жок болуп кетпейт, жоктон эч качан бар болбойт” деген табийгат мыйзамы баары бир үстөмдүк кылып, кийинчерээк өзүнчө өнүп чыккан Улуу Кыргыз Империясы дал ошол байыркы улуу түрк дарагынын бир бутагынан чыккандыгы да маалым.

Андан берки доорлорго көз чаптырсак, Түрк тилдүү элдер көчмөнчүлүк-феодалдык доорунда деле бирге болушуп, “казак кайың саап, кыргыз Гиссарга чейин жеткен” кездерде деле арам ойлуу, тили буруу душмандарга (үч ирет баскынчылык ниети менен келишкен калмактарга жана да Англия менен Орто Азия чөлкөмүндө геосаясий жактан атаандашкан колониячыл орустарга каршы) чогуу согушушуп, мекендерин коргошуп, кыргыз, казак, өзбек ж. б. түрк тилдүү элдер дээрлик Улуу Октябрь революциясына чейин эч кандай чек аралары жок эле, коюн-колтук алышып, аралашып жашап келишкен.

Тарыхый өңүттөн алып кароону уланта турган болсок, аталган саммитте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын өз сөзүндө венгер эли түрк-кыпчак этникалык негизден куралганын айтып, азыркы кезде аларда улуттук идентификацияга жана маданиятты, өзгөчөлүктөрдү сактоого олуттуу маани берилип жаткандыгын белгилегени символикалуу чакырык болуп калды. Азыркы цивилизациянын өтө өнүккөн аймагы болгон Европанын чок ортосунда жайгашканына карабастан, алар тарыхый-генетикалык, этникалык баалуулуктарга бекеринен өзгөчө басым жасап жатышкан жок.

Анткени, боордош, коңшулаш жашаган элдердин ортосун жик салуу канчалык коркунучтуу экендигин жаңы кылымдын башталышында орун алган Араб Жазы аталган окуялар эле тастыктап койгондой болду. Анчалык алыска барбай эле, өзүбүз мүчө болгон КМШ аймагына карасак, — ​Украина менен Россиянын ортосундагы конфликт глобалдык кыймылдардын жана геосаясий жактан бүт дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулган державалардын өз ара тирешүүсүнөн жана кызыкчылыктарынан улам тутанганы жашыруун деле эмес…

Азыркы кезде эл аралык коомчулукта, Бишкектеги саммитте мамлекет башчылары тарабынан көтөрүлгөн маселелер тууралуу “ар кимиси өз кызыкчылыгы тууралуу гана айтышты” деген сынчыл мүнөздөгү пикирлер да үстөмдүк кыла баштады. Асыресе, ошол айрым кызыкчылыктардын баарын бириктирип турган бир чоң кызыкчылык бар экендигин, ал жалпы кызыкчылык — ​түрк тилдүү мамлекеттердин мындан аркы өнүгүшү менен түздөн-түз байланышып тургандыгын эч качан танууга болбойт.

Жалпы калкынын саны 150 миллиондон ашкан түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине бүткүл дүйнө кызыгуу менен көз салып тургандыгы бекеринен эмес. Ал эми РФ аймагындагы алтай, тува, хакас, башкыр, татар, кумык, балкар ж. б., жана да коңшулаш Кытай, Монголия мамлекеттериндеги түрк тилдүү диаспораларды кошуп эсептей турган болсок, жогорудагы цифра эки-үч эселенип кетиши дагы толук ыктымал. Демек, этникалык жактан бир дарактан таркаган бутактардын азыркы өрүш алышы келечекке карай олуттуу мааниге ээ.

Конкреттүү сунуштар тууралуу талдай турган болсок, албетте, инфляциянын айынан ансыз да алсыз болгон Турциянын лирасы эл аралык валюта болушу күмөн. Бул узакка созулган талкуунун, комплекстүү иш-аракеттердин натыйжасына муктаж болуучу сунуш. Ошол эле учурда, жалпы кызыкчылыктар аркылуу биригишкен мамлекеттердин бирдиктүү валютасы болушунун оң жактары басымдуу экендигин да айта кетүү зарыл. Ал тургай, түрк элдеринин өз ара жакындашуусун жана кызматташуусун бекемдей турган орток тил да керектиги туюлууда. Айталык, түрк тилин жакшы билгендер жана оңой эле өздөштүрүп кеткендер азыркы жаштардын арасында арбын. Сыягы, перспективада түрк тилин БУУнун расмий кабыл алынган алты тилинен кийинки жетинчи тил катары кабыл алдыруу аракеттери башталса, бул кыйла эле прагматикалуу жана иштиктүү сунуш болмок. Ошол эле учурда, дүйнөнүн кайсыл бурчунда болсо да, түрк тилдүү мамлекеттеринин жарандарынын өздөрүн ыңгайлуу сезүүгө шарт түзүлмөк. Маселен, СССР ыдыраган соң, КМШ аймагынан чыккан соң (азыр кээде мурунку союз республикаларында деле!), орус тили мурдагыдай таасир эте албай калды. Дал ошондуктан улам, бизде ал расмий тил катары Конституция аркылуу бекигендигине карабастан, дагы бир кошумча үчүнчү тилди үйрөнүү муктаждыгы жаралды.

Турцияда кылым башында замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү кыймылдары болгондугу маалым. Буга ассиметриялык жооп иретинде, Нобельдик комитет Турцияда кодуланган, а бирок, белгилүү бир бул мамлекеттин саясатына оппозициячыл күчтөр тарабынан колдоого алынган курд улутундагы түрк жазуучусу Орхан Памукка (союз тушунда жалаң антисоветчил жазуучу-акындар сымал!) аталган сыйлык ыйгарылды. Ушуга байланыштуу бир идея жаралууда — ​Түрк тилдүү мамлекеттер Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлыкты кыргыз парламентинин чегинде эле калтырып койбой (мунун натыйжасында аталган сыйлык Юрий Поляков, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу ортозаар жана азыркы адабияттын деңгээлинен алып караганда дурус делинип жүргөн, кеңири коомчулукта белгисиз акын-жазуучуларга ыйгарылганы аз келгенсип, АКШга качып кетүүгө үлгүргөн подпольдук миллионер Аскарбек Шадиев аталган сыйлыкты “карманный расход” катары кымтып кеткени Айтматовдун ысымын гана уят кылбай, жалпы эле кыргыздарды эл аралык деңгээлде шерменде кылган фактыга айланды!), керек болсо бул кеңешке киришкен мамлекеттердин ар бири милдеттүү түрдө аталган сыйлык фондуна эки жылда бир жолу 50 миң доллардан которуп турушса (бул мамлекеттик бюджетте — ​бир тыйын!) жана биринчи жылы аталган мамлекеттер өз талапкерлерин көрсөтүшүп (өз мамлекети менен гана чектелип калбай, жалпы дүйнөлүк адабият алкагында), алар кийинки жылы атаандаштык иретинде ачык талкууланып, андан соң жалпы суммасы да, эл аралык аброю да Нобельден кем болбогон сыйлыкка айланмак!.. Бул жалпы эле түрк дүйнөсүнө планетардык масштабдагы аброй алып келмек…

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Карабах маселесин көтөрүп чыкканы да түрк дүйнөсүнүн моралдык колдоосуна муктаждыктан улам гана келип чыккан сунуш болду. Антпесе, азыркы кезде стабилдүү өнүгүп жаткан бул өтө бай түрк тилдүү өлкө өз проблемаларын эч кандай чет жактын колдоо-жардамсыз эле өзү чечип алууга жөндөмдүү. Армениянын экс-президенти жана премьерлик креслого олтургусу келген Серж Саргсян көп күндөргө созулган митингдерден соң, жаңы премьерликте алты күн олтурган кызматынан отставкага кеткенден кийин азербайжан президенти Алиев “бул кылмыштуу режимди кулатууда биздин дагы салымыбыз бар!” — ​деп эл аралык аренада бекеринен ачык айтып чыккан жок да!..

Жыйынтыктап айтканда, жалпы түрк тилдүү мамлекеттер жана элдер азыркы тапта дүйнөгө жаңы дем менен карап, өз тарыхтарындагы жаңыдан Кайра Жаралуу доорун баштан кечирген этап алдында турушат. Муну жаңы көз каранды болгон жалпы түрк тилдүү мамлекеттердин cаясаты жана да Турция Республикасынын АКШдан көз каранды болуудан толук баш тартышы айгинелеп турат.

Азамат САЛИЕВ

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *