Түркмөн мигранттары Стамбулда нааразылык акциясына чыгышты

14-майда Стамбулдагы түркмөн жана өзбек мигранттары юридикалык жардам көрсөткөн фирмалардын өкүлдөрү менен бирге миграция кызматынын имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Нааразылык акциясына чыккандар Стамбулдагы миграция кызматы аталган шаарда убактылуу жашоо укугун сураган же бул документтин мөөнөтүн узартууну каалган мигранттардын арыздарын четке кагып жатканын билдиришти.

«Түркпермит» юридикалык жардам фирмасынын жетекчиси Мурат Эршахиндин айтымында, Стамбулдун миграция кызматынын мындай мамилесинен өзгөчө түркмөн жана өзбек мигранттары жапа чегишүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы буга чейин Стамбулдагы миграция кызматы эмгек мигранттарына эле эмес, БУУнун коргоосундагы түркмөн качкындарына да убактылуу жашоо же иштөө укугу боюнча документтерди берүүдө же узартууда көйгөй жаратып жатканын маалымдаган.

Маалыматтарга караганда, бул маселе Стамбул эле эмес, Түркиянын башка аймактарында да катталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *