Түркмөн өкмөтү манаттын курсун өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда

Түркмөн өкмөтү манаттын курсун чет өлкөлүк валюталарга, айрыкча АКШ долларына карата өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда. Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук банкындагы өз булактар билдирди.

Маалыматтарга караганда, манаттын жаңы наркы “көмүскө базардагы” курска өтө жакын болот.

Бул аптада Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын көмүскө базардагы баасы жаңы рекорд жаратты. 10-фервалда 1 АКШ доллары 15 манатка чейин сатылды. Валюта наркы январда кескин жогорулап, азык-түлүк кымбатташына алып келди.

2015-жылдын январында манаттын расмий курсу белгиленип, ошол бойдон өзгөрбөстөн турат. Расмий курс боюнча бир доллар 3 жарым манатка барабар.

Өлкөдө валюта менен соода кылуу мыйзамсыз болуп эсептелет. 2016-жылдын башында Түркмөнстандын Борбордук банкы чет өлкөлүк валютаны накталай алмаштырууга тыюу салган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, кандай чара көрүлбөсүн Борбордук банк валюта алмаштыруу үчүн калкты тиешелүү деңгээлде акча менен камсыздай албайт. Анын айтымында, курсту жогорулатуу инфляцияны токтотуу үчүн зарыл. Курс Түркмөнстандын эн ири соода өнөктөштөрү – Иран жана Кытай менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн көз каранды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *