Түркмөнстан тажик заводуна жүк алып бараткан фураларды өткөрбөй жатат

Түркмөнстандын чек ара бекеттеринде Тажикстандагы ТАЛКО заводуна жүк жеткирүү менен алектенген транспорттук компаниянын унаалары тыгында калды. Компаниядан билдиришкендей, алар бир айдан бери Түркмөнстандын аймагы аркылуу жүк алып өтө албай калышкан.

«Мага белгилүү болгондой, учурда ТАЛКО Азербайжандан алына турган чийки затты Каспий деңизи менен казак порттору аркылуу алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», — деди транспорттук компаниядагы өз булак.

Азырынча бул жагдай боюнча тажик алюминий заводунун өкүлдөрү эч кандай комментарий берише элек.

Ал ортодо КМШ жолчуларынын өкмөттөр аралык кеңешинин жетекчиси Бури Каримов бир нече күн мурда Ташкентте өткөн конференцияда жүк унааларынын Түркмөнстан чек арасындагы тыгыны маселеси талкууланганын билдирди. Анын айтымында, анда бул маселе тууралуу Тажикстан менен Түркиянын өкүлдөрү сүйлөп, кийинчерээк түркмөн бийлиги Тажикстанга жүк алып бараткан түрк фирмаларынын унааларына чек арадан өтүүгө уруксат берген.

Буга чейин Тажикстандын Транспорт министрлиги айдоочуларга алгач Бакуга келип, Каспий деңизи менен Актау портуна, андан Казакстан жана Өзбекстан аркылуу Тажикстанга келүүнү сунуштаган. Булактын белгилешинче, тажик өкмөтү расмий Бакуга кайрылып, жүктөрдү Азербайжан аркылуу ташуу үчүн алынчу тарифтерди төмөндөтүүнү өтүнгөн.

Түркмөн бажычылары августтун аягынан бери өз аймагы аркылуу тажик жүк ташуу компанияларынын унааларын өткөрбөй жатат. Иран-түркмөн чек арасында тыгында турган айдоочулар эмне себептен мындай чектөөлөр болуп жатканын билбей тургандыктарын айтышкан. Кийинчерээк Ашхабад транзит менен Тажикстанга бараткан жүк унаалары коопсуздуктан улам кармалып турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *