Түркмөнстанда чет өлкөлүк дипломаттар абактагылардын абалы менен таанышып чыгышты

6-ноябрда Германия, Франция, Италия, Улуу Британия, АКШ жана ЕККУ, БУУ, ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдардын дипломаттары Ахал облусундагы түзөтүү мекемесин кыдырып чыгышты. Бул тууралуу Түркмөнстан ТИМи кабарлады.

Расмий билдирүүдө түзөтүү мекемесинин аты, жайгашкан жери жана макамы айтылган эмес. Дипломатиялык корпус өкүлдөрү абактын ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы жана ал жерде кармалгандардын абалы менен таанышып чыгышкан.

Бул арада SNG.Today басылмасы Түркмөнстан ТИМинин маалымат кызматына шилтеме жасоо менен сапардын жүрүшүндө чет өлкөлүк дипломаттар жана эле аралык уюмдардын өкүлдөрү түзөтүү мекемесинин ишине оң баа беришкенин жазды. Дипломаттар абактагы жашы жете элек өспүрүмдөрүн толук кандуу өнүгүшү үчүн бардык шарт түзүлгөнүн, кесип үйрөнүп жатышканын колдоого алышкан.

Көп жылдардан бери Түркмөнстан өкмөтү эле аралык байкоочуларды түрмөлөргө киргизбегени үчүн сынга кабылып келген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *