Түркмөнстанда мамкызматкерлер Эгемендүүлүк майрамына жапырт даярданууда

Түркмөнстан бийлиги Эгемендүүлүк майрамына жапырт камына баштады. 45 градус ысыкта “Дагдан” стадионунда репетиция жүрүүдө.
Түркмөнстанда Эгемендүүлүк майрамы быйыл биринчи жолу 27 сентябрга белгиленди. Буга чейин 27-октябрда өтүп келген.

Майрамдык жүрүштөргө жашы 35тен ашпаган мамлекеттик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери тартылат. Алар ар шаршемби жана жекшемби күндөрү “Дагдан” стадионунда үч-төрт сааттан даярдык көрүшүүдө.

Былтыр Эгемендүүлүк майрамына карата көрүлгөн даярдыктардан улам бир катар мамлекеттик мекемелердин, банктардын иши убактылуу токтотулган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *