Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Апас Жумагулов премьер-министр болгондуктан аз жерден бизди камап коё жаздаган»

— Турсунбек мырза, кыргыз-казак чек арасына барып, маселе менен таанышып келдиңиз эле. Азыр болсо жагымдуу кабарыңыз бар экендигин айтып жатасыз. Деги кандай жаңылыкты айтайын деп атасыз?

— Өзүңөр билесиңер, 10-октябрдан баштап кыргыз-казак чек арасында чыңалуу болду. Бир айга жакын убакыттан бери чек арадагы маселе чечилбей келаткандыктан, мен дагы чыдабай кетип патриот, андан тышкары Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору катары чек арага барып, маселени чечүү боюнча мониторг жүргүзүп, ошол жерде болуп жаттым. 27-октябрда атайын чек арага барганда 10 чакырым тыгын бар эле. Ал күнү 450 фура турган. Ал жерде бизге жолуккан айдоочулардын баарынын абалы кыйын болчу. “Урматтуу укук коргоочу! Биздин азыркы абалыбыз тууралуу маалыматты тиешелүү кыргыз-казак жетекчилерине жеткириңиз. Азыр азык-түлүктөрдүн баары чирип баратат!” деп суранышкан. Чындыгында алардын абалы абдан кыйын болчу. Биз 31-октябрда кайра барганыбызда баягы 10 чакырым тыгында турган 570 машина бар экен. Мына ушул көрүнүшкө чыдабай жүрөгүбүз сыздап 3-ноябрда казак элчилигинин алдына митингге чыктык.

— Митингге чыкканыңарды казак элчилиги кандай кабыл алды?

— Өзүбүздүн талаптарды коюп, элчи Бозжигитов мырзага кат жазып “Өзүңүз кабыл алып коюңуз. Биздин үнүбүздү Назарбаевге жеткириңиз!” деп сурандым. Биздин патриот инсандардан 70 чукул адам чогулду. Казак элчилигинин өкүлдөрү да чыгышты. Ошондо биз эки талап койдук. “Эгерде 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, анда биз ЕАЭБден чыгабыз. Ушул маселени жаңы шайланган президент менен кызматтан кетип жаткан президенттен талап кылабыз. Экинчиден чек ара дагы эле ачылбай турган болсо, анда Эл аралык уюмдарга, ОБСЕге, БУУга кайрылып Казакстанга экономикалык санкция киргизүүнү талап кыла турган маселени коёбуз” деп билдирдик. Биз ал жерде аябай катуу митинг өткөргөндө Казакстандын элчилиги титирей түшкөнүн байкадык. Алар биздин талабыбызды Астанага дароо билдиришти. А бирок биз Казакстандын элчилигине эч кандай дооматыбыз жок экенин айтып, аларды сыйлоо менен тынч тарап кеттик.

— Анан митингден кийин кандай жыйынтык болду?

— “Кумтөргө” баратып эле карасак машиналардын саны 300гө түшүп калыптыр. Ошол түнү таң аткыча 200 машинаны өткөрүшкөн экен. “Кумтөрдөн” кайра келатсак 150 машина туруптур. Анан 70 машина болсо, андан кийин 40 машина болуп калыптыр. Учурда чек арадагы абал оңолуп калды. Азыр президенттен тышкары премьер-министр деле чек ара маселесин чечүү үчүн Астана, Ереванга чейин барып жакшы эле аракет кылып жатат.

— Биздин ажобуз казак лидерине катуу сын айтпаганда бул көйгөй жаралбайт эле деп азыркы кезде элдин баары айтып жатпайбы?

— Президент туура эле айткан деп ойлойм. Балээнин баары Бабановдон башталды. Эгерде Бабанов шайлоо учурунда ал жакка чуркап барбаганда, анда президент ачуу сөздү айтпайт эле. Бирок президент эмоцияга алдырса да ачуу чындыкты айтты. Анткени буга чейин казактардын элбашчысына эч ким мындай сөздү айткан эмес. Акыры бул сөз баары бир айтылмак. Учурда чек ара маселеси чечилгени турат. Сиздердин редакцияга ушундай кубанычтуу кабарды айтып коёюн деп келдим.

— “Кумтөргө” барып келген экенсиз. Учурда ал жактагы абал кандай экен?

— Мен жогоруда атап өткөн конгресстин координатору болуп иштейм деп баса белгилеп өтпөдүмбү. Биз азыр долбоор менен иштеп жаткандыктан мониторг жүргүзүп турабыз. “Кумтөр” кенинде 4000ден ашуун кыргыз иштейт. Алар“келип кетпейсизби” деп эки жылдан бери чакырып жаткандыктан ал жакка баргам. Ал жактагылар мени акыйкатчы катары көрүшкөндүктөн 4-ноябрда эртең мененки саат 7де кетип кайра кечинде бул жакка келип калдым. “Кумтөр” экологияга азыркы кезде абдан баа берип жатыптыр. Ал жердеги машиналарды компьютер менен көзөмөлдөп турушкандыктан айдоочулардын коопсуздугу жакшы сакталып жатканына өз көзүбүз менен күбө болдук. Бул кенде иштегендердин 97%ын кыргызстандыктар түзөт экен. Бир жигит менен сүйлөшүп калсам 15 күн иштеп 85 миң сом айлык алаарын айтты. А мени коштоп жүргөн жигиттер 200 миң сом айлык алышарын билдим. Айлык өз убактысынан эч кечиктирилбестен берилерин айтышты. Иштөө үчүн түзүлгөн баардык шарттары да жакшы экен. Ошон үчүн 4 миң мекендешибиз үй-бүлөсүн, ата-энесин, ага-туугандарын багып жатат да. Демек, мындай шартта көлдүк туугандардын жол тосуп, митингге чыккандарын туура эмес деп эсептейм. Бул жерге Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунун, Балыкчы, Каракол шаарларынын тургундарын ишке алышат экен. А мен ал жердегилерге “Бул дискриминация эмеспи? Жалаң эле айрым аймактардын тургундарын ишке алыпсыңар да?!” деп акыйкатчы катары ачык эле айттым. Эми мен түшүнөм. Анткени алардын экологиясы бузулуп, суулары булганып жатпайбы. А бирок жумушчуларды бүт регион боюнча алыш керек да. Оштон, Нарындан болсо адистерди гана жумушка алышат экен.

— Айлык көп болгону курусун. Жумушчулардын ден соолугуна залакасы тийип жатпайбы?

— Бул кенде иштегендер кийинчерээк көп дарттарга чалдыгышат экен. Учурунда жумушчуларга компенсация төлөп беришерин айтышты. Бирок жумуштан кеткендер үчүн ал жердегилер жоопкерчиликти моюнуна алышпайт экен.

— Мурдагы күнү Ак үйдүн жанында мөңгүлөргө байланышкан митинг болду. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

— Давыдов мөңгүсү мурда суткасына эки-үч метр төмөн жылчу экен. Азыр ал мөңгүнү токтотуп коюшуптур. Мен эми билгенимди айтышым керек. Чындыгында мөңгү боюнча адис эмесмин.

— Сиз “Кумтөр” кени казыла баштаган учурда да ага каршы пикетке чыгып жүрбөдүңүз беле?

— 1993-жылы “Кумтөр” кени казыла баштаганда “казылбасын” деп пикетке чыкканбыз. Анда 27деги жаш жигит элем. Ал кезде Апас Жумагулов премьер-министр болгондуктан аз жерден бизди камап коё жаздаган. Эми ошол учурда эле саясий соодалашуу болгон. Анткени Топчубек Тургуналиев Акаевдерди “Кумтөр” маселеси боюнча колдоп БГУнун ректору болуп алган. Бул кенди негизи эле таптакыр каздырбай коюш керек болчу. Эми кен иштетилгенден кийин баары бир мөңгү жылат да.

— “Кумтөр” маселеси боюнча дагы эмнени айтар элеңиз?

— Эл да талап кылып жогору жакка өзүнүн үнүн угузуп турушу керек. Бирок ошол эле учурда өндүрүш да иштеп турганы оң. Кыргызстандын казынасынын 20%ын “Кумтөр” берип жаткандан кийин муну да ойлонушубуз керек. Эми бул жерде бирин тапканыбыз менен экинчисин жоготуп жатабыз. Мен башында “Кумтөргө” каршы болчумун. Эми бул кен иштеп жаткандан кийин аягына чейин иштешин каалаймын. Бул жерде өтө татаал маселе болуп жаткандыктан аны бир тараптуу эле карабаш керек. Бул кенди Атамбаев же Исаков каздырган жок да. Бул иш Акаевдин учурунда эле башталган. Ал кезде Сапар Исаков мектепте окуган жаш бала болчу. Деги эле бийликти да, пикетке чыккандарды да күнөөлөбөш керек. Анткени алар жүрөгү күйгөнүнөн пикетке чыгып жатышат да. Эки тарап бири-бирин жек көрбөшү керек. Бирок пикетке чыккандар мөңгүнү бетине кармап, андан саясат жасаганы да туура эмес кадам болуп эсептелет. Ал эми жакында митингге чыккандар мага саясаты жок эле мөңгү үчүн пикетке чыгып жаткандарын ачык айтышты.

— Саясат демекчи, сиз учурунда митингдин акесин жакшы эле тааныттыңыз окшойт. Бүгүнкү күндө чоң масштабдагы митингдер көп деле болбой калды. Сиздин оюңузча бул эмненин белгисин билдирет?

— Баардык эле маселе митинг менен чечилбейт. Митингди менден артык кылбаган адам жок. Менин “Король баррикада” деген каймана атым бар. Эл арасында жүрүп токмок жеп канчалаган азаптарды көрдүм. Мендей кара жанын карч уруп элдин алдында жүргөн адамдар аз эле болсо керек. Митингдин азайганынын өзү – бул элдин аң-сезиминин жогорулай баштагандыгын билдирет. Азыр баардык маселени компромисске келип дипломатиялык жол менен чечсе болот. Учурунда мен деле митингди аябай жакшы көрчү элем. Эми жаш өткөн сайын турмуштук тажрыйбага ээ болуп токтолот экенсиң. Ошон үчүн азыр митингге чыгып жаткан жаштарды туура түшүнөм. Буларга мен устат катары мамиле кылгандыктан жүрөгү таза экенин билем.

— Жеке эле биздин өлкөдө эле эмес учурда бүткүл дүйнөдө деле экология маселеси козголуп жатпайбы?

— Туура айтасың. Азыркы кезде жеке эле биздин өлкөдө эмес бүткүл дүйнөдө экологияга коркунуч жаралып жатат. Анткени дүйнөгө көмүр кычкыл газын таратып жаткан эки эле мамлекет бар. Тактап айтканда АКШ менен Кытай. АКШ болсо Париж келишиминен чыгып кетти. Миллиарддаган акчаны Трамп Париж келишимине которгондон качып өзүнүн элине сарптап жатпайбы. Ошон үчүн бүт дүйнө эли аталган келишимден чыккандыгы үчүн Трампты күнөөлөп жатат. Ошондуктан бүт дүйнө эли экологияны сакташы үчүн жалпы аракет кылышы керек.

— Жакында расмий ишке кирише турган президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу бергим келип жатат. Сиз ал киши менен студенттик мезгилди чогуу өткөрүп калдыңар. Жаңы президент студент кезде балдардын авторитети беле же катардагы эле студент болчубу?

— Сооронбай Жээнбековду көпчүлүк чогуу иштегенден кийин билип атса, мен ал кишини Айыл чарба окуу жайында студент кезден бери жакшы билем. Узун бойлуу, жакшы студент болчу. Экөөбүз курсташ болуп чогуу окуганбыз. Сооронбай зоотехникалык факультетте, мен ветеринардык факультетте окугам. Курсташтардын арасында кадыр-баркы бар болчу. Чогуу окуган балдар “Соке берешен, ак көңүл” деп ошондо эле көп айтчу. Кыйын учурларда Соке жардам берчү экен да. Сооронбай Шарипович окуп жүргөн кезде эле волейболду кыйын ойночу. Институттун волейбол боюнча курама командасынын капитаны да болуп жүрдү. Коомдук иштерге да активдүү катышып, уюштуруучулук жөндөмү да күчтүү эле. Жогорку окуу жайын бүткөнүбүзгө 36 жыл болуптур. Бул аралыкта көп жолу жолугуштук. Чогуу окуган курсташ кезде кандай болсо, ошондой мамилесин өзгөрткөн жок. Бийликте же болбосо оппозицияда жүрбөсүн мурунку калыбынан жазбады. Мен кыйынмын деген мамилесин көргөзбөдү. Адамдык сапаты жогору инсан.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *