Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: “Атамбаев менен Текебаевдин тиреши жакшылыкка алып барбайт”

Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги саясый кырдаал, Атамбаев Текебаев тиреши, Убактылуу өкмөткө ыргытылган укурук жана Батукаевдин коё берилиши тууралуу баарлаштык.

“Президент сакайып кетсин”

– Атамбаевдин ооруп жатканын саясатташтырып, ал БУУнун жыйынына катышпай калыш үчүн куулук кылып жасалма ооруп калды дешип жатат. Президент ошондой кадамга барып анткорлонуп жасалма ооруп калышы мүмкүнбү?

– Мен президенттин ооруп жатканына  ишенем. Ал БУУнун жыйынына катышпай калайын деп оорумуш болуп калды деп шек санагандарга кошула албайм. Анын ооруп жатканынан саясат издеген туура эмес.  Президент өзүнүн саламаттыгын тобокелге салып, эч качан калп эле оорумуш болуп жатып калбайт. Ооруган үчүн  Стамбулдун ооруканаларында  калды. Президент тез сакайып, өз элине башчы болуп келишин каалайм.

“Мага президент да, Текебаев да бирдей”

– Текебаев менен Атамбаевдин тиреши Кыргызстанды эмнеге алып келет? Айрым аналитиктер бири президенттиктен кетсе, экинчиси революция кылат деп боолголоп жатышат го…

– Аналитиктер туура баалап жатышат. Экөөнүн тиреши жакшылыкка алып барбайт. Экөө тең кызматтан кетип, күп деп түшүшөт. Башкача айтканда, президент бийликтен кетип,  революция болот. Текебаев мандатынан ажырайт. Ошон үчүн экөө тирешпей эле  элдешип алса болот эле. Экөө тең көп жылдан бери саясаттын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жаткан салмактуу саясатчылар. Бири президент болсо, экинчиси легендарлуу парламенттин депутаты. Бири Конституциянын атасы болсо, экинчиси мамлекеттин башчысы. Ошондуктан эрте күндү кеч кылбай акылга келип элдешип, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактап, бири бирин каматканга чейин барабыз деп көшөрбөшү керек.

– Экөө көптөн бери тымызын тирешип жүргөнбү же  ич күптүлөрү ачыкка чыкканда  душманга айланыштыбы?

– Мен эч бирине жан тартпайм. Мага президент да, Текебаев да бирдей. Ошон үчүн кырдаалды ким курчутканын калыстык үчүн айтып коюшум керек. Тирешти биринчи Текебаев эмес, Атамбаев баштады. Кудайдын улуу күнү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында экс-президент Роза Отунбаеваны чакырып алып, элдин көзүнчө аброюна шек келген сөздөрдү айтып, “легитимсиз президент” деп президиумдан кетишине аргасыз кылды. Президент аны менен эле токтобой эл алдында Текебаевди “теке” деди. Бекназаровду “Бокназаров” деп аша чаап кетти. Өмүрбек Чиркешович терикпей президенттен да бийик болуп унчукпай койсо болот эле, тилекке каршы, Өмүрбек Текебаев да эмоцияга алдырып президентти эл алдында уяткарыш үчүн ал да болгон аракетин жумшап, президент салдырып жаткан Кой-Таштагы резиденцияны жарыя кылып, бири-бирин аёосуз чукуп  башташты. Эгер президент тийишпегенде булар унчукмак эмес. Кыскасы, булар эл үчүн эмес, кыйындыгымды көрсөтөм деп тирешип жатышат.

– Айтканыңызга ынаналы. Чындык кай  тарапта? Кимисине ишенсек болот?

– Чындык эки тарапта тең жок. Чындык ортодо. Ошон үчүн тирешкен эки лидерди жараштырайын деп аракет кылып жатам. Атамбаевге Отунбаева, Текебаевди жамандагандан баштап, кадырың кете баштады. Алардын дарегине ачуу сөздөрдү айтуудан мурун алардын артыкчылыктарын эске ал. Отунбаева эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Текебаев да далай кармаштарды жеңип чыккан.  Анын кемчилиги болгону менен кыргыз саясатында орду зор. Ошон үчүн эски бийликтин катачылыгын кайталабай жарашкыла, айкөлдүк кыл деп кайрылайын деп жатам.

“Текебаев кыйын болсо ал сөздү башына иш түшкөндө эмес, мен кызматтан кетип жатканда айтса болмок”

– Текебаев “Батукаевдин коё берилишине түздөн-түз Атамбаев көрсөтмө берген” деди. Сизди депутаттар таламайга алып  кызматтан  алып жатканда ал иштин башында Атамбаев турганын билдиңиз беле?

– Балким Текебаевдин айтканы туурадыр. Бирок Текебаев кыйын болсо ал сөздү башына иш түшкөндө эмес, мен кызматтан кетип жатканда айтса болмок.  Ал мезгилде “президенттин жинине тийбейли” деп коюп, жанына күч келип жатканда айтып жатканын туура көргөн жокмун.

– Өмүрбек Чиркешович Атамбаев Акаев, Бакиевден айырмаланып трайбалист деди. Буга кандай комментарий бересиз?

– Кечээ Текебаевдин пресс-конференциясы болуп жатканда Атамбаевдин адамдары келип “Текебаев, чык!” деп кыйкырышып, антимитинг өткөрүштү. Чынында президентке жагабыз деп антимитинг өткөрүшкөнү менен ал абийир алып келбейт. Текебаевде дагы жетиштүү тууган бар. Алар да анын таламын талашып Базар-Коргондон Бишкекке келсе не болот? Эки лидердин таламын талашып мушташышабы?

Текебаевди таламайга салып, 7-кабаттан кантээр экен деп карап турушканы менен Өмүрбек Чиркешович алардан коркуп калган жок. Качып башка эшик менен чыккан жок. Өкүнүчтүүсү, Акаев менен Бакиев кандай катачылыктарды кетирсе, Атамбаев да ошондой катачылыктарга жол берип жатат.

“Атамбаев жакшы адам болгон үчүн Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрүп, эстелик  тургузуп аш берди”

– Президент Атамбаевдин жакшы жагы барбы? Же ал Текебаев сындагандай жалаң туура эмес иштер  менен  алек болгон адамбы?

– Атамбаев ак көңүл, ичинде кири жок, жүрөгү таза, айкөл адам. Анчалык деле кекчил эмес. Анда-мында сүйлөп, көптөрдүн кежигесин тырыштырганы менен Акаев, Бакиевдердей болуп аялын, балдарын мамлекетти башкарууга аралаштырып, элдин ырыскысын чачтырган жок. Атамбаев жакшы адам болгон үчүн Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрүп, эстелик  тургузуп Көкөтөйдүн ашындай аш берди. Көптөр көчмөндөр оюндары болду деп жүрүшөт. Жакшылап баам салып караган кишиге Үркүндө каза болгон ата-бабабыздын арбагына таазим кылып аш бергенин түшүнөт.

“Азыркы бийлик кууса эле коркуп чыгып кетпейт”

– УКМКнын укуругу Эдил Байсаловго да жеткенин айтып, коомчулукка коңгуроо кагып пресс-конференция берди го. Демек, күрөш мындан да күчөйбү? 

– Эдил Байсалов мага да кайрылды. “Байке, мени камап салса укугум жөнүндө ойлонуп коюңуз” деди. Чынында Эдилди укурукка илебиз дегени туура эмес. Эдилдин эч кандай күнөөсү жок. Отунбаеванын саясатына макул болбой, Убактылуу Өкмөттүн саясатын колдой албайм деп бир айдан кийин эле кетип калган. Ал эми УКМКнын кызматкерлери кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып,  Эдилди кыйнап, Отунбаева менен Текебаевге каршы көрсөтмө бердиртем десе жаңылышат.  Анткени Эдил андай ишке барбайт. Эдил чындык үчүн  тайманбай күрөшкөн жигит. Кезинде кримтөбөл Рысбек Акматбаев менен коркпой күрөшкөн. Азыркы бийлик кууса эле коркуп чыгып кетпейт. Эдилди камашса чоң чатак башталат. Ошон үчүн УКМК жана бийлик арканды узун таштап, кырдаалды кыйындатпашы керек.

– Айрымдар УКМК качан камарын айтпайт. Эдил Байсалов кырдаалдан пайдаланып, өзүн пиар кылып жатат дешип жатат го…

– Эдил жөн эле сүйлөй бербейт. Ошондой тапшырма болгонун билген үчүн, маалыматы жетиштүү болгон үчүн “мени камап Отунбаева менен Текебаевге каршы көрсөтмө бердирткенге аракет кылышат” деп айтып жатса керек. Пиар кылбай эле Эдил туура  кылып жатат. Анткени Эдил пиарга муктаж эмес.

“Бабанов кошоматты да чеги менен жасашы керек ”

– Коалициядан Текебаевди чыгара албай, Бабановду киргизе албай убара болуп жатышат. Өмүрбек Чиркешович Атамбаев менен кармашып жаткандан кийин коалициядан чыгышы керекпи же  чыкпай эле күрөштү уланта бериши керекпи?

– Негизи Текебаев чыгып кетсе деле болмок. Бирок ал да принципке туруп коалициянын келишимдерин бузган жокмун деп чыкпай жатат. Бул бир жагынан туура. Болгону, алардын чыгышын күтүп коалицияга кошулуп калсам деп бирөөнүн өлүмүн күтүп, көксөгөн тарптардыкы туура эмес. Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов коалицияга кирем деп ашыккандан мурун парламенттеги оппозициялык милдетти толук аткарышы керек эле. Бийликти, өкмөттү парламент трибунасынан сындап турууга шанс бар эле. Ал мүмкүнчүлүктү пайдаланбай  Текебаевдин коалициядан чыгып кетишин күтүп жатат. Бул жаман көрүнүш. Ушундан эле Бабановдун ким экенин билиш керек. Келечекте президенттикке ат салышам деген жигит ушундай позициядан алыс болуп, сак болсо болмок. Кошоматты да чеги менен жасашы керек. Айдар менен Максимге жасаган мамилесин Атамбаевге да жасап, жеңил ийгиликке жетүүнү көздөп жатат. Эгер 2008-жылдары Бакиевге каршы чыккандай позиция менен турса, аны ийгилик өзү ээрчип келмек.  Алсыз лидер болгон үчүн ал уюштурган “Республика” партиясы үчкө бөлүнүп, партиялаштарынын партиясы аныкынан аша баштады. Мыкты лидер кандай кыйынчылык болсо да тиштенип көтөрүп, Атамбаев, Текебаевдей болуп партиясын чачылтпай сактап калат. Бабанов алсыз лидер болгон үчүн тигил жакка-бул жакка чуркап бийликке жетүүнүн айласын издеп жүрөт.

– Турсунбек мырза, КМШнын Кыргызстанда өткөн саммитинде маселе чечилдиби же салтанаттуу эле жолугушуу болдубу?

– Маселе чечилеби, чечилбейби юбилейлик саммиттин Бишкекте өткөнүнө кубанышыбыз керек. Анткени мындай нерселер жакшылыктын жышааны. Ошондой эле бул саммит президенттер арасында  президенттин  жаманбы- жакшыбы аброю бар экенин, башка президенттер эсептеше турганын көрсөттү. Алмаз Шаршеновичтин орду бар болгон үчүн Путин  орден такты. Кыскасы, юбилейлик саммит болгон үчүн  салтанатка басым жасалды.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Асман+”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *