Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Президенттин туугандары Бакиевдерге окшоп, агасынын ишине аралашпайт. Асылбек Жаныш эмес!”

– Турсунбек агай, президенттин парламенттеги кайрылуусун ар ким ар кандай кабыл алып, түрдүү кептерди айтып жатышат. Сиз кандай комментарий бересиз?

– Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга кетер алдында президент парламентке барып, Кыргызстандагы орчундуу маселелерди көтөргөнүн жакшы жөрөлгө катары бааласак болот. Ал кайрылуу менен президент депутаттарды эки айды бекер эле өткөзбөй эл менен жолугуп, жакшы долбоорлорду иштей келгиле деген тымызын тапшырма берип, маселенин жолун чечүүнү табыштады десек болот. Анткени, ажо Сооронбай Шарипович  буга чейин орун алып келген кемчиликтерге токтолуп, элди түйшөлткөн маселелерди жалпак тил менен алаканга салгандай айтты. Бирок, анын бул аракетин түшүнгүсү келбегендер президентти сындап, “эмоциясын билдирген жок” деп жатышат.

Кандай болгон күндө да президенттин парламентте жасаган кайрылуусу парламентке болгон ишенимин көрсөттү. Кыскасы, Конституциядагы өз укугунан пайдаланып, туура иш жасады.

– “Президент калпыстыкка жол бербейт”- деп мактаганыңыз менен азыр анын жакындарын сындагандарга кылмыш иши козголо баштады го. “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын”- деген Мээрбек Мискенбаевге козголгон  кылмыш иши өч алуу эмеспи?

– Мен Мискенбаевге козголгон кылмыш ишин өч алуу дебейт элем. Ал да мезгилинде калпыстыкка жол бергени үчүн аны жакындан билгендердин арызынын негизинде кылмыш иш козголуптур. Ошондуктан, ал кылмыш ишин Асылбек Жээнбековго жабыштырбай деле койсок болот. Себеби, президенттин туугандары Бакиевдердей эмес, алар агасынын ишине аралашпайт. Асылбек Жаныш эмес. Ал сөздү Мискенбаев өзү эмес, кимдир бирөөнүн буйругун аткаруу максатында айтканын элдин баары эле билет. Ошон үчүн Мискенбаев өзүнө козголгон кылмыш ишин саясатка байлабай койсо жакшы болот эле.

Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясына кылмыш ишин козгоду. Бул жагдай башка сотторду да эсине келтирип, сабак болушу мүмкүнбү?

– Албетте, сабак болот. Анткени, соттор президент мыйзамсыз чечим чыгаргандарга да чара көрөөрүн билип, мындан ары мыйзамдын алкагында гана чечим чыгарып калышат. Буюрса, сот системасында дагы мыйзамдуулук орун ала баштайт. Аша чапкан соттор тизгинин тартып, мыйзамдын гана алкагында иш кылып калышат деп үмүт кылам.

– Премьерлердин чекесинен камакка алынышы, суракка чакырылышы баары коррупцияга аралашканынан кабар береби?

– Мен аларды жакшы же жаман дегенден алысмын. Камакка алынып же суракка чакырылгандын баары эле күнөөлүү дегенден алыс болушубуз керек. Соттун чечими чыкканча аларды коррупцияга тиешеси бар же жок экенин биле албайбыз. Алар азырынча шектелип гана жатат. Күнөөсү далилденбесе, чыгып да кетиши мүмкүн.

– Эгер келтирилген чыгымдарды төлөсө, алардын баш коргоо чарасын өзгөртсө болобу?

– Эгер алар келтирилген чыгымдарды төлөшсө, анда алар күнөөлөрүн моюндарга алган болуп калат. Анан күнөөлүү болсо, кантип баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карашаарын чыны менен билбейм.

– Азыркы премьер-министрдин ишине ичи жылыбагандар да четтен чыгат. Анын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Өкмөткө президенттей эле татыктуу адам келди. Мухамедкалый Абылгазиев эң татыктуу премьер-министр экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ал билими, интеллектуалдык деңгээли жогору адам. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Анын мойнунда “”Кумтөр”, ТЭЦ баштаган оор жүк калды. Ошон үчүн анын шаштысын кетирбей, ишинен жыйынтык бергенче сабыр кылып күтө турушубуз керек. “Кетиребиз, жоош экен”- деп кетирсек анын ордуна дагы эле ошондой бирөө келет. Маселе чечилмек турсун татаалдашат. Ошондуктан, Абылгазиевди эле иштетип, ишинин жыйынтыгын күтүшүбүз  керек.

– Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан өз каалоосу менен кетти. Ал кызматка эми сиз барып калбайсызбы?

– Мен Москвадан кечээ эле келдим. Ошол жактан кызматтан кеткенин уктум. Акыйкатчы боло сал деп эч ким сунуштаган деле жок. Өзүм “Кубат Оторбаев ырас эле кетиптир”- деп кубанган деле жокмун. Себеби, депутаттар катачылыкка жол берди. Акыйкатчы бир эмес, эки жылдан бери докладын тапшыра элек болсо да анын кызматтан кетишин колдоп беришти. Аны кызматтан бошотоордон мурун “алгач докладыңды тапшыр”- деген талап коюшса болмок.

Негизи Кубат Оторбаев кечээ эмес, бир жарым жыл мурда, башкача айтканда биринчи докладын тапшыра албай калганда эле кызматынан кетиши керек эле. Ал алган айлыгын да актаган жок.  Президент кабыл албай койгондо эле “менин аброюм, кадыр-баркым жок экен”- деп кетип калышы керек болчу. Бир жарым жылдан бери 30 миң сомдук айлыкты алып жүрдү. 27-июнда доклад тапшыраар маалда, депутаттар дагы кабыл албай коёруна көзү жетип, өз каалоосу менен кызматтан кетип, Жээнбековду мактамыш этип, дагы кызматка илинип каламбы деген кыязда арыз жазды.

Мен  эки жолу акыйкатчы болгон адаммын. 5 жыл мурун мыйзамсыз, жалаа жабуунун негизинде  кызматтан кеткениме карабай укук коргоо багытында ишимди улантып келе жатам. Мен укук коргоочу ишимди акыйкатчы болсом, болбосом да уланта берем.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *