Турсунбек Акун: Ысык-Көл форуму-акылдын үнү болду

Акылдын үнү болгон, эркин баарлашууга жол ачкан эл аралык Ысык-Көл форумунда көтөрүлгөн маселелер жана анда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын билүү максатында Турсунбек Акунду кепке тарттык.

– Турсунбек мырза, 21 жылдан кийин өткөн Ыссык-Көл форумуна катышыпсыз. Кандай маселелер көтөрүлүп, кандай чечим кабыл алынды?

– Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы Ысык-Көл форуму өткөн эле. Аталган форум андан кийин 1997-жылы Кыргызстанда экинчи ирет болгон. Бирок, андан кийин президенттер бул демилгени колдоого алмак турсун, Айтматовду куугунтуктагандай түр көрсөтүшкөн. Элчилик кызматты аркалап жатканда Бакиев Айтматовго айтпай эле, ал иштеген кызматка башка бирөөнү дайындап коюп, Чыңгыз Төрөкуловичке чоң сокку кылышкан.

Бу сапар президент Сооронбай Шарипович 21 жыл мурун болгон Ысык-Көл форумун өзү колдоого алып, президенттик аппарат уюштуруп, Бишкекте өткөрүп, Ысык-Көлдө улантты. 30дан ашык мамлекеттин акын-жазуучулары, гуманисттер жана ойчулдар келди. 1986-жылы көтөрүлгөн маселелер кайра жанданып, өзгөчө маани берилди. Маданияттын, адабияттын ролу тууралуу чоң сөз болуп, дүйнөдөгү катастрофаны токтотуу, гумманистик идеяларды ишке ашыруу, жайылтуу, улуттар аралык жаңжалды токтотуу тууралуу маселелер көтөрүлүп, талкуу болду.

Бул форум Бишкекте башталып, Ысык Көлдүн жээгиндеги Рух ордодо өттү. Чыңгыз Айтматовдун 10 чыгармасынан актёрлор үзүндүлөрдү коюп, форумдун катышуучуларын ого бетер толкундатышты. Айрыкча кечинде “Ак кемени” көл жээгине алып келип, бала “ак кеме” деп чуркап баратканда элдин баары ордунан туруп, көздөрүнө жаш алышты. Айтор, чоң маселелерди камтыган иш чара секцияларга бөлүнүп уланды. Экология боюнча да чоң талкуу болду. Мен маданият жана гуманисттик тармагына кирдим. Жыйынтыгында катуу талкуу болуп, резолюция кабыл алынды. Резолюцияны атайын жумушчу топ иштеп чыкты. Кыскасы, эл аралык деңгээлдеги Ысык-Көл форуму акылдын үнү болду. Дүйнөнү кооптондурган бардык маселелер көз жаздымда калган жок. Эркин пикир алмашуу орун алып, чыгармачылык аркылуу дүйнөнү сактап калуу деген маселелердин алкагында иш болду. Жыйынтыгында “туруктуу иштей турган форум болсун”- деген чечим кабыл алынып, “Ысык-Көл форуму Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы улансын”- деген маселе көтөрүлдү. Андан тышкары Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык институт түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Эстеликтерди, шаарларды талкалоого жол бербөө тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Эң негизгиси, биз маданиятка, адабиятка, искусствого маани бербесек, эч качан өнүгө албасыбыз тууралуу сөз болду. Маданиятка маани бергенде гана экономиканы көтөрүлүп, мамлекет өсүп өнүгөөрү тууралуу кенен сөз болду. Ал үчүн эң биринчи кезекте маданият кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу зарылдыгы айтылды.

– Президент аталган форумда көтөрүлгөн маселелерди эске алып, чече баштайт деп үмүт артсак болобу?

– Албетте болот. Президент форумдагы омоктуу ойлорду угуп, ал жерде көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү колго ала баштады. Айтайын дегеним маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайыз жогорулады деген маалымат тарады. Бул да болсо, форумда көтөрүлгөн маселенин жыйынтыгы. Буюрса, маданиятыбыз гүлдөп, адабиятыбыз өркүндөйт. Чыңгыз Айтматовдун кыргыз маданиятына сиңирген зор эмгеги эске алынып, Шекерде музейи курулуп жатат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *