TUT.BY башкы редактору БелТАнын маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланганын мойнуна алды

Беларусиялык TUT.BY порталынын башкы редактору Марина Золотова журналисттери мамлекеттик БелТА маалымат агенттигинин материалдарын акы төлөбөй пайдаланып турганын мойнуна алды. Бул тууралуу Беларус Тергөө комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Тергөөчүлөр Золотова менен бирге БелТА иши боюнча кармалган башка кишилерди дагы бошотуу чечимин кабыл алды.

Ошол эле маалда БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшина 9-август күнү кечинде Минсктеги убактылуу кармоо жайына жөнөтүлдү. Бейшембиде анын үйүндө тинтүү жүргөн.

7-августта БелаПАН жана мамлекеттик эмес TUT.BY порталынын редакцияларында тинтүү жүргөн. Ошол эле күнү бир нече журналист кармалып, үч күнгө камакка алынган. Эл аралык жана беларусиялык укук коргоо уюмдары муну сөз эркиндигин чектөө катары баалашкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *