Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы: “Кыргыз улуту – “таптаза кыргыздан турат” деген сөз түркөйлүк. Кыргыз өзүнө согду, ханзу, кытай (кидан), моңгол, сарт калмак жана башкаларды жуурулуштуруп алган”

Мен урматтап жүргөн Баяс Турал, Эмил Момунов мырзалар кыргыздын “арийчилери” болгусу келишеби?
“Арийлик таза кандуулар үчүн бейиштей болгон бакыбат мамлекетти” түбөлүккө куруу тилеги таш капкан Гитлерди башкалар болбосо да, ушул эки пост-советтик публицист жакшы билишет ко деп ойлойм.
“Таза кандуу улут” деген жоромолго критерийди эми сөөгү сөпөт болгон Адолф Гитлерден башка ким Сиздерге иштеп берээр экен?

Бир жерде Эмил мырза Жаналы Нурманбетов аксакалдын Шекербек төрүндө (Фейсбукта дегеним) жарыялаганына минтип пикир жазыптыр:
Emilbek Momunov: “Эң туура айтасың, Жаналы. Ошон үчүн президент катары таза кыргыз эмес, калмак аралаш А. Акаев тандалып алынып, ал да бийликтин майлуу-сүттүү орундарына жалаң калмактарды алып келген жана алар азыркыга чейин Кыргыздарды башкарып, нукура таза кандуу кыргыздарды бийликке жолотпой жатышат”.

Ошол эле жерде мен мындайча пикир жаздым:
Tynchtykbek Chorotegin: “2220 жылдык тарыхы жазма эстеликтерде тастыкталган, ага чейинки тарыхы боюна жазма булак табылбаса да, археологиялык маданият аркылуу боолголой алышыбыз мүмкүн болгон кыргыз улуту – “таптаза кыргыздан турат” деген сөз – түркөйлүк.
Байкал, Ордос, Кызыл-Жар, Эне-Сай, Ыртыш, Урал, Эдил, Теңир-Тоо, Памир, Каракорум, Кырым, Бурсага чейин чачыраган кыргыздар сөзсүз түрдө Каныкейлерге, Айчүрөктөргө үйлөнгөн, Алмамбеттерди, согдулуктарды, ханзу (колбашчы Ли Лин), кытай (кидан), моңгол, сарт калмактарды, кээ бир татар, немис, орус, дунгандарды өзүнө жуурулуштуруп алган. Саясатчыларыбызды “таза кандуу” дебестен, жемкор эмеспи, билими барбы, эне тилин жана маданиятын билеби?
чыныгы атуулбу? деген сыяктуу сапаттар менен ылгашыбыз керек”.

Бул оюма Эмил мырза таптакыр башкача маанайдагы пикирди кошуптур:

Emilbek Momunov: “Тынчтыкбек агай, эң туура ойду айтыпсыз. Ооба, Путин “Ар бир орусту кырсаң, татар келип чыгат”,- деп айткандай (жаңылбасам ушинтип айткан, билгендер болсо оңдоп коюшар), биз, кыргыздардын көпчүлүгүбүз деле атабыз же апабыз тарабынан башка улутка барып такалабыз. Менин өзүмдүн таэнем деле казактын кызы болгон. 1936-жылдары казак ачарчылыктан тозуганда алар кыздарын ачкадан өлбөсүн деп таштап кетишкен экен. Түркиянын президенти Эрдоганды, Россия ТИМ жетекчиси Лавровду теги грузин дешет. Бирок алар ошол мамлекетке чындап кызмат кылып, мекенчил жаран, жетекчи болушууда. Бирок биздикилерде андай эмес болуп жатпайбы. Болгон айырмачылыгыбыз жана трагедиябыз ушунда”. (Эмилбектин текстинин соңу).

Бир эле киши, болгондо да журналист, публицист катары көп жылдык тажрыйбасы бар инсан, Шекербектин ээн-эркин төрүндө ушундайча ар башка ойду жаза бергени таң калычтуу.
Менимче, казактын жээни болсоң да, Эмил мырза, Кыргызстандын президенти болууга акылуусуң. Юрий Бобков байкебиздин өзү жана урпактары бизде таптаза кыргыз катары президент боло алышат. Акын Жөжөнүн (Шөже Каржаубай улы) урпактары Казакстанда президент боло алышат. (Бул “президент” дегенди жөн гана өрнөк катары жазып жатам).

Айтор, ар бир цивилизациялуу коомдо атуул этностук тегине, жынысына, байлыгына же динине карабастан, мамлекетке салым кошо алган эмгегине карап таразаланат. Тывалык тууганыбыз Шойгу Орусиянын коргоо министри болуп жүрөт. Маскөөдөгү метродо кээ бир “арийчи” такырбаштар Шойгунун айрым борбордук азиялык жана шиберлик туугандарын опузалап деле жүрүшөт. Биз ошол “такырбаштарга” теңелгенибиз шермендечилик ко?

Азыркы тапта деле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрү байырлаган мамлекеттерде татыктуу инсан катары сый-урматка ээ болуп жатышат. (Ал жакта да түркөй жана арсыз арийчилер жок эмес, бирок алар өз турмушундагы кемчиликтерди келгиндерден, “чоочун” делгендерден көргөн, өздөрү обочодо калган – маргиналдык азчылыктын айрым гана, саналуу гана өкүлдөрү).
Мына, гандболчу Талант Дүйшөбаевди Испанияда өзгөчө кадырлашат. Муса Мураталиев Орусияда таанымал жазуучу. Мария Кулчунова – Саха жергесинде кадырман спортчу-ардагер. Базбек Давлетов Улуу Британиянын Кэмбриж университетинде таанымал окумуштуу. Гүлзура Жумакунова – Анкара университетинин эң өрнөктүү профессору, Олжобай Каратаев – Кастамону университетинин профессору. Адыл Жуматурду – Бээжиндеги кызыл-суулук таанымал профессор! Үрүмчүдө – профессорлор Сулайман Кайыпов, Мамбеттурду Мамбетакун иштешет.
АКШда (Анара Табышалиева, Бакыт Бешимов, Бактыбек Абдрисаев, Уран Ботобеков, Камыт Савай, Чолпон Миңбаева, Эрика Марат, ж.б.), Европада көп мамлекеттерде канчалаган айдыңдарыбыз жүрөт!

Алардын кайсы бир урпагы марокколук Нажад Валло-Белкасем айым 2014-2017-жылдары Франциянын билим берүү министри болгондой эле жаңы мамлекеттеринде саясий же башка олимптерге чыгышы мүмкүн (Нажад айым кичинекей мотурайган секелек кезинде Мароккодо кой кайтарып жүрчү экен).
Себеби демократиялык өлкөлөрдө “таза кандуу арийликтин үгүтүнүн” жугуштуу оорусу илгерки чечек оорусу сыяктуу эле түп тамырынан жок кылынган.

Баяс Турал, Эмил Момунов сыяктуу мырзаларыбыз дал ушул өңүттө элди бөлбөй, ынтымакка чакырып, азыркы коомго прогрессчил айдыңдар катары көмөк кылышса, ошондо “курама жыйып, журт кылуу” тууралуу бабалардын эки миң эки жүз жылдан ашуун убакыттан берки осуятын аткарууга салым кошоор эле.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору

Прага, 27-январь 2018-жыл

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *