Учур саясаты – “…Дос элек бозо сүзгөндө, ажыраштык коон үзгөндө…”

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган иш сапары тышкы саясаттын эң маанилүү векторлорунун бирин аныктоого багытталганы менен да, эң алгачкы калтырган таасири — ​ички өлкөлүк карама-каршылашкан, курч маанайларды жаратуу аракеттери менен коштолду. Болгондо да, бул күтүүсүздөн пайда боло калган саясий дискуссияны курч мүнөзгө айлантып, керек болсо эл аралык масштабга чейин да чоюп жеткирүүгө далалаттар жасалды.

Арийне, эң соңку жыйынтыгында Кыргызстандык борбордон кытай тарапка узак мөөнөттүү (49 жылга!) берилген үч жарым гектар жер менен Пекинден кыргыз элчилиги үчүн бөлүнгөн 23 сотых жер аянты бири бирине физикалык-финансылык-суммардык ж. б. параметрлери боюнча такыр эквиваленттүү болбосо да, расмий бийлик тарабынан аталган келишим кыргыздар тарап үчүн кыйла пайдалуудай жана келечектүү дегендей пикир түзүүгө умтулуу байкалды…

Кандай болгон күндө да, кытай мамлекетине жана да анын “артыкчылык ыйгаруу” менен (льготалар аркылуу) берилген кредиттерине, ал каражаттарды эң соңку Бишкек ЖЭБиндеги ыксыз пайдалануу, уурдоо менен байланышкан ызы-чуудан кийин, биздин коомчулукта кыргыз-кытай эл аралык мамилелерине кыйла эле салкындай түшкөн жана да кооптонгон сыяктуу маанайлар басымдуулук кыла баштаганы дагы түшүнүктүү. Себеби, дээрлик 5 млрд долларга жакындап калган тышкы карыздын жарымына жакыны дал ушул бир эле өлкөгө — ​Кытайга тиешелүү болуп жатканынын өзү эле көптөгөн кошумча суроолорду жаратпай койбойт. Биздеги азыркы түзүлгөн финансылык-кредиттик кырдаалды тереңирээк талдап, ар тараптуу ой жүгүртүп көргөн адамда, дегеле, өзүнүн эл аралык саясатында дайыма алыскы келечекти гана ойлоп иш жүргүзгөн улуу Кытай империясы өзүнө коңшулаш болушкан чакан, калкы аз мамлекеттерди — ​атап айтсак, Кыргызстан менен Тажикстанды, — ​атайылап өзүнүн финансылык-кредиттик ийнесине (наркомандар сыяктуу кылып) олтургуза баштаган жокпу?! — ​деген маанидеги шектенүүлөр дагы жаралары турган иш. Анткени, карыздар олчоюп, моюндан нышыра басып, төлөп берүү айласы табылбай баштаганда, карыздар тарап эриксизден айласы куруп, карыз берген тараптын көзүн карап каларын турмуш өзү тастыктап келе жатпайбы?!..

А баарынан өкүнүчтүүсү, — ​ошол алынган олчойгон карыздарды да жөндүү пайдалана албай, ар кандай шылуун, колу туткак, арамза чиновниктердин ууру чөнтөктөрү аркылуу жок кылып алып, андан соң, улам-улам кредит ала берүү зарылчылыгы туула баштаганында болуп жатпайбы…

Ал тургай, СДПКнын съездинен кийинки пресс-конференциясында да экс-президент статусуна ээ болгон соң, бул партиянын төрагасы болуп шайланган Алмазбек Атамбаев өзүнүн жакынкы иш пландары жөнүндө ойлору менен бөлүшүп жатып, жакында Кытайга барарын, ал жактан өнөр жай жана экономика кызматташтыгы боюнча каражаттарды издештире тургандыгын айткандыгы маалым.

Мына, эми болсо президент Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапары аяктоо алдында турат… Алетте, мамлекеттик жетекчилер алдын ала узак мөөнөттүү, эки тараптуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн соң гана кабыл алынган келишимдердин жана расмий протокол-чечимдердин рамкасынан чыга алышпасы түшүнүктүү. Ошентсе да, Кыргызстандын жаңы президентинин расмий иш сапары Россия Федерациясы жана Турция Республикасы сыяктуу супердержавалардан кийин, жана да геополитикалык мааниден алганда Борордук Азиядагы чечүүчү өлкөлөрдүн бирине айланып бара жаткан, соңку кездерде өтө тез ылдамдык менен өнүгө баштаган коңшулаш Казакстан Республикасынан кийин эле Кытай тарапка бурулганы бекеринен эмес.

…Белгилүү болгондой, АКШ менен РФнын — ​азыркы дүйнө геополитикасын аныктап турган эки супердержаванын — ​учурдагы конфронтациялык тирешинин эң башкы себептеринин бири катары алардын демократияга жана демократиялык баалуулуктарга болгон көз караштарынын эки ача келип жаткандыгынан улам башталган… Адегенде саясий полемика, эл аралык мамилелердеги дискуссиялар формасында тынч гана формада башталган бул коллизия кийинчерээк өз апогейине чейин өсүп жетип, абдан катаал экономикалык санкциялар жана саясий антагонисттик келишкис ажырым менен аяктады…

Орой айтканда, АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россияны “силерде демократиянын сырткы декорациялары бар болгону менен — ​бул тек гана беткап-маска, ал эми ички мазмунуңар боюнча мурдагыдай эле — ​автократиялык, диктатордук режим бойдон калгансыңар” деп айыптап келишүүдө. Буга жооп иретинде, Россия (көбүнчө президент Владимр Путиндин оозу менен)“Силер бизге акыл үйрөтпөй эле койгула, биздеги демократия так ушундай түстө, биздин миң жылга созулган мамлекеттик түзүлүш боюнча салтыбыз бар, а силер мамлекет болгонуңарга эми гана эки жүз жыл араң толду…” — ​деп каяша айтып, Батыш демократиясынын эки жүздүүлүгүн, өз кызыкчылыктарына келе калганда, дайыма алар үчүн керек учурда өтө ыңгайлуу боло калган кош стандарттулукту пайдалана калышарын да ырааттуу түрдө кайталап келе жатат…

Жакында эле Россия Федерациясы өзүнүн “Юрий Долгорукий” атуу суу алдында жүрүүчү аскердик кемесинен атылуучу континенттер аралык алыстыкка багытталган “Булава” ракеталарынын жаңы муунун сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. 7 миң км аралыктагы мерчемделген белгини таамай жок кыла алган ядролук ракеталык комплекстердин бир эле сокккусунун радиусу жүз гектарга чейин созулуп, таркай алары да өзгөчө басым жасоо менен белгиленди. Расмий эмес, коомчулук арасында кеңири жайыла баштаган пикирлер боюнча, азыркы кезде үч дүйнөлүк держава — ​АКШ, Россия жана Кытай согушка ачык эле даярданып жатышат. Бул азырынча соода согушу, саясий өңүттөгү гана конфронтация түрүндө болгону менен, өз чегине жтип, чегинүүгө такыр мүмкүнчүлүк калбай калган кезде, реалдуу аскердик-согуштук куралдар аркылуу кармашууга өтүп кетери дайын болгонсуп эле калды.

Демек, кичинекей Кыргызстан дагы — ​дал ошол үч супердержаванын тең ортосундагы кызыкчылык борборунда тургандыктан, геосаясий алкактан алып караганда, территориясы абдан маанилүү болуп турган өлкө болгондуктан, — ​бул глобалдуу, планетардык масштабдагы тирешүүдөн эч качан четте калып кала албайт.

Бул өңүттөн алып караганда, кечээ жакында эле коңшулаш Өзбекистан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга жасаган иш сапары учурунда (мындан беш айча мурда Дональд Трамп менен жолугушуп, “АКШ менен Россиянын мамилелери бузулуп калганына” тынчсызданып жатканын билдирген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий иш сапарын эске албаганда), Өзбекистан менен АКШнын компанияларынын ортосундагы жалпы суммасы 4,8 млрд доллардан ашкан 20дан ашуун ири контракттарга кол коюлган.

АКШ менен Өзбекистандын аскердик техникалык партнерлук кызматташтыгы алкагында коргонуу чөйрөсүндөгү кызматташууну дагы күчөтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, аскердик жактан биргелешкен аракеттердин беш жылдык планын ишке ашырууга макулдашышкан… Кыргызстан ОДКБ сыяктуу аскерий жамааттык уюмга ал уюшулгандан бери активдүү мүчө болуп келе жатканына карабастан, азырынча кыргыз аскерлеринин бут кийимдери, үстү-башы оңолгонунан башка курал-жабдык, заманбап техника менен толукталганын айтып мактана албайбыз. Быйыл 9-майда да борборду шаңга бөлөгөн аскерий парад болбогону эле бул жагдайдагы көп маселелерди каңкуулап турат…

Казак президентинин АКШга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча, башка узак мөөнөттүү тармактардагы өз ара пайдалуу келишимдерди эске албаганда да, жакынкы эле аралыктарда казак авиалиниялары жаңы “Боингдер” менен толукталып, жаңыланары күтүлүүдө…

Ал эми көптөгөн менчик жана алсыз авиакомпанияларга чачырап, бөлүнүп-бүлүнүп кеткен кыргыз авиациясы эскилиги жетип, өз ресурстарын эбак иштеп чыгарып бүткөн самолеттору менен калгандыктан, алар менен учуу да коркунучтуу боло баштады. Алар качан жана кантип жаңылана баштаарына да көз жетпейт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз ара жолугушууларда ага алдыртадан, мыйыгынан, сынагандай сырдуу жылмая караган Владимир Путинди “досум” деп атап, аны менен мурдатан эле жакын мамиледе экенин өзгөчө такай белгилеп келсе да, бул жекече деңгээлдеги мамилелер, эмнегедир, өлкөлөр аралык өз ара пайдалуу кызматташуу деңгээлине чейин өсүп жеткен жок. Ал эми Россияга жагынуу максатында жана ага ишенимдүү партнер экенибизди далилдөө максатында жасалган кадам — ​АКШ транзиттик жүк ташуучу авиабазасы бизден чыгарылары менен коңшулаш Өзбекистандан орун тапты. Бул авиабаза “Манас” аэропортунун бир жак четин арендага алгандыгы үчүн эле жылына 150 миллион доллар төлөп келген. Жумушчу орундары, соода-сатык ж. б. башка пайдалуу жактарын айтпай эле коелук, соңку жыйынтыгында, Кыргызстан бул ирет эч кандай пайда тапппай, тек гана зыянга учурап калгандыгы анык болду. Бул алысты көрө албаган чечим Кыргызстан экономикасы гүлдөп-өсүп, анча-мынча майда киреше-чыгашалар жалпы социалдык-экономикалык фонго терс таасир эте албаган учурда жасалса, көңүл да бурмак эмеспиз.

Тилекке каршы, эки-үч жылдан бери бюджет тартыштыгы мурда эч качан болуп көрбөгөндөй күчөп, эң эле элементардык мамлекеттик камсыздоодон — ​көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык пособиелерди төлөө боюнча мындан бир аз мурда президент тарабынан кол коюлуп кабыл алынган. Кыскасы, геополитикалык оюндардын оюнчугу болуунун жыйынтыгы, өкмөт аткара баштаганда алы жетпеси белгилүү болуп калганда, бул мыйзам туура эмес иштелип чыккан деген шылтоо менен Жогорку Кеңешке кайра артка кайтарылды.

“Апрель революциясынан” кийин келген бийлик тарабынан адегенде ашкере ооз көптүрүү менен айтылып, эл аралык кызматташуудагы чоң ийгилик катары белгиленип келген Россия Федерациясы менен гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуу дагы фиаского учурады. Эки жылдан ашуун убакыттан бери өзүбүздүн колдо туруп, баркы жок бааланбай келе жаткан, алтындан дагы баалуу байлыгыбызды иштетүүгө жаңы инвесторду таба албай, көрүнгөн жакты кайсалап, үмүтүбүздү үзбөй карап келе жатабыз.

Ар кандай деңгээлдеги эл аралык кызматташтык дипломатиялык достук мамилелерден сырткары дагы, ар бир мамлекеттин өзүнүн жеке ички кызыкчылыктарын эске алуу менен коштолору дайын. Кыргызстан учурунда “демократия аралы” аталып, АКШ менен тыгыз достук мамиледе болуп келди. Ал эми Россия такай түрдө Кыргызстандын “стратегиялык партнеру” катары баса белгиленип келет.

Соңку учурларда Кытай менен экономикалык багыттагы кызматташуу тыгыз жүрө баштады. Узак мөөнөттүү жана льготтук деп аталган кредиттерди кытай тараптын койгон шарттары менен ала берүү биздин мамлекеттин алыскы келечеги үчүн азыртан эле опурталдуу боло баштады. Ошондуктан, андай кредиттерди кимден алсак да, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктары үчүн ыңгайлуу шарттар менен ала баштачу учур да келди. Азыр дүйнөнүн бардык өлкөлөрү карыз алып жашашат, буга биз эмнеге баш оорутмак элек, кийинки бийлик жана кийинки муундар төлөп беришет да! — ​деген сыяктуу жеңил баа, кызыл кулакчыл мамиле азыркы тирүү жашап жаткан жарандарыбызга гана эмес, Кыргызстандын болочок жарандарынын келечегине да алар али төрөлө элек кезинде эле терс таасир этип жаткандыгын эстен чыгарууга болбойт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *