Учур саясаты: Эл жана өлкө кызыкчылыгы үчүн күрөш эки команданын күрөшүнө айланбашы керек

“Элүү жылда — ​эл жаңырат, жүз жылда — ​жер жаңырат” — ​демекчи, экс-президент Конституция жоболорун сактап, шайлоого катышпай, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков шайланып келип, инаугурациясы өткөндө эле, алгачкы жарым жыл сыноочу (критическое) мөөнөт катары каралары белгилүү боло баштаган. Мына эми, ошол божомолдор дээрлик толугу менен ордунан чыгып (жарым жылдык чек — ​май айынын аягында гана толук аяктайт!), жаңы президент улам өзүнүн кубаттуу потенциалын ачыкка чыгара баштады. Азыр анын командасы дээрлик толугу менен жаңыланайын деп калды. Демократиялуу өлкөлөрдө дал ушундай болушу шарт. Мурдагылардан технократ-аткаруучулар гана калышы керек, ал эми калган бардык жогорку эшелондогулар — ​алар жакшы иштеп жаткан күндө да! — ​өзү чогуу келген командасы менен чогуу кетип, жаңы командага орун бошотуп бериши абзел.

Мурдатан эле болжолдонуп келе жаткандай болуп, саясий окуялардын мындан аркы өнүгүшүнө карата СДПКнын кечээ жакында болуп өткөн кезектеги съезди кыйла чоң түрткү берди. Окуялардын оң жагына же позитивдүү маанайда өнүгүшүнө эмес, — ​өтө акырындан өнүгүп жаткан жана кайсыл багытта кетери али бүдөмүк болуп турган окуялардын тездешине жана чак түштөгү чагылгандай чартылдабаса да, алдыртан гана, тымызын “жарылышына” карата катализатор сыяктуу роль ойногондой болду. Тагыраак айтканда, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кийинки жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун мындан аркы жолдору чогуу кетеби же айрылыш болобу? Дегеле, кош бийликтүү сыяктанган абал дагы канча убактыга чейин созулат? — ​деген сыяктуу суроолорго биротоло чекит коюлгансыды. Демек, мындан аркы жүргүзө турган саясатында үй-бүлө, тууган-урукка, доско да (!) карабай туруп, бир гана мыйзамдуулуктун алкагында иш алып барарын билдирген президент Сооронбай Жээнбеков жалгыз аяк жолду тандап алып, — ​өз чыйырына түштү десек болот… Дагы бир кубантарлык момент — ​жаңы президент алгачкы кооптонууларды дээрлик толук бойдон четке кагып, керектүү учурларда жетишерлик деңгээлде чечкиндүү жана катаал боло аларын гана далилдеп тим болбостон, мунусун иш жүзүндө ырааттуу түрдө улантып келе жаткандыгы. Кечээги жогорку бийлик эшелонундагы кадрдык алмаштыруулар жаңы президенттин айланасындагы “тазалануу” процесси күчүнө кире баштагандыгын гана ырастап турат.

Мурдатан эле болжолдонуп келе жаткандай, Улуттук коопсуздук кызматынын башына күтүүсүздөн эле, кокусунан бара калган, “ишеничтүү, өз бала” катары саналган Абдил Сегизбаевдин отставкага кетиши да экс-президенттин көмүскө командасынын алсырашына алып келери турган иш. Андан сырткары, анын орун басары кызматынын рангасында турган Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Дамир Мусакеевдин кетишин дагы азыркы президенттин айланасындагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн бири деп атоого болот. Дегинкисин, жалпылап айтканда, атамбаевдик кадрлардын кетиши кандайдыр бир психологиялык кысым же кабинеттик интригалар сыяктуу көлөкөдөгү оюндар менен коштолбой, табигый түрдө улантылып жаткандыгы деле жаңы президент Жээнбековдун колундагы күчтүү козырлардын бири болуп кала берери шексиз. Тагыраак айтканда, ал аларды кетиремин деп максат коюп, куугунтуктап, же мажбурлап кетирип жаткан жок. Алар өздөрү эле, өз ордуларын өз ыктыярлары менен бошотуп беришип, кетүүгө мажбур болуп жатышкансыйт.

Маселен, бул кадрдык алмашуу процессинин башталышына “старт” берген Фарид Ниязов — ​президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, — ​кантип кетти? Президент Сооронбай Жээнбеков ага бир жумача “дагы ойлонуп көрүүгө, шайлоодон кийинки стресстен чыгып, эс алууга” да мүмкүндүк берип көрдү. Арийне, Ниязов ушундан кийин да өзүнүн баштапкы чечимин өзгөрткөн жок…

Анын кызматтан кетиши аппарат жетекчисинин кызматтык полномочияларынын мурдагыдан алда канча тарып, таасир этүү чөйрөсү чектелип калгандыгына байланыштуу болду. Кайсыл бир ирет, президенттик автомобилдик кортежден улам шаардагы көчөлөрдө пробкалар жаралып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлө калганда, экс-президент “резиденцияда баары даяр турат, дал ошондой эле кабинет бар, ушул жакта деле иштей берсе болот” деген мааниде айткандыгы маалым. Экс-президенттин көңүлүнүн мынчалык жумшак-кылдаттыгы (тактичность — ​шаар тургундарынын жашоосуна ашыкча ыңгайсыздык түзбөйүн деп ойлоп, “тарткынчыктап”), резиденциядан ашыкча зарылдыгы деле жок болсо, көп сыртка чыккысы келбегендиги, албетте, жакшы нерсе дечи.

А бирок, мунун экинчи тарабы да бар. Ал жагдай борбордогу Ак-Үйдө дароо сезилери шексиз. Президенттик аппараттын жетекчисинин (өз кезегинде, өз жетекчисинин атынан иш жүргүзгөн адамдын!) полномочиялары кескин түрдө артып, өзү каалагандай башкарып, керектүү учурларда гана, жасалып жаткан иштер тууралуу телефон аркылуу “жогору жакка” маалымдап коюу менен күндөр өтө бермек… Салыштырма-параллель түрүндө айтсак: акаевдик соңку жылдарда, президент кызматка кааласа келип-келбей, кээде бир жумалап, он күндөп келбей калган учурлар орун алгандыгын эски чиновниктер жакшы билишет. Дал ошол мезгилде Ак үйдөгү буфеттер саат 3–4төрдөн кийин кадимки көчөдөгү “пивнушкалардан” эч айрымаланбай, “бака-шака” болуп киргендиги маалым. Мындай деңгээлдеги “иштердин” аягы эмне менен бүткөнүн жалпы эл билет!.. Ал эми аппараттагы ар бир кызматкер — ​чоң же кичинесине карабай, өз кызматтык полномочиелеринин алкагында гана аракет кылышып, өз милдеттерин так аткара баштаган чакта, албетте, алар биринин аракеттерин экинчиси чектеп, өз ара көзөмөлдүк дагы кыйла жогорулайт.

Бийликтин жогорку эшелонундагы абал жана атмосфера минтип кардиналдуу түрдө өзгөрө баштагандыгын өз учурунда сезе албагандыктан улам, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы дагы өзүнүн ашкере “элпектигинин” гана курмандыгы болгонсуп калды. Айталык, мыйзам чегинде аракет кылуулар орун алган болсо, ал жаңы шефин таштап коюп, экс-президенттин коопсуздугун камсыз кылууга аракет кылып, СДПКнын съезди өткөн күнү ал жакты карай чуркап кетмек беле?!

Дегеле, мыйзамдардын так иштеши, Конституциянын Жоболорунун кыйшаюусуз аткарылышы тууралуу ой жүгүртө келсек, экс-президенттердин коопсуздугу, материалдык-финансылык жактан камсыздалышы сыяктуу ж. б. нерселердин баары алдын ала каралгандыгы белгилүү. Ток этер жерин айтканда, Дамир Мусакеевдин өзүнүн мурунку шефине чуркап барышына анчалык зарылдык да жок болуучу. Анан калса, экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү айткандай, “ансыз деле бай” адам жана да, зарылдык жарала турган болсо, жансакчылардын эң эле мыктыларынан жетиштүү санда кылып кармай алууга да, Кудайга шүгүр, кудурети жетет.

Мына эми өлкөдөгү коомдук-саясий аба-ырайынын өзгөрүп турушуна түздөн-түз таасир этүүчү фигура — ​генералдык прокурор Индира Жолдубаеванын да отставкага кетиши дайын болуп калгандай шекилдүү. Парламенттик фракцияларда өз маселеси каралып жатканда буга кайдыгер карап, катышууга чакырууну алса да келбей койгонуна караганда, ал айым азыр баарына даяр болуп турган маанайда сыяктанат. Чын-чынына келгенде, “ээрге адеп олтурганда эле кыйшык олтурган болчу” демекчи, анын ушул кызматтык орунга барышынын өзү эле коомчулукта далай суроолорду жараткан. Мындай чечүүчү, жогорку кызматтык орун талап кылган деңгээлге иш тажрыйбасы али жетишсиздигине, кабинеттердеги юридикалык-теоретикалык багыттагы документтер менен иштөө бир башка, ал эми реалдуу турмуш-шарт жагдайы — ​такыр бөлөк экендигине Индира айымдын өзүнүн деле көзү жетип калган окшойт. Болбосо, керектүү деңгээлдеги аракеттерди жасап, өз принциптери жана иш-аракеттери үчүн күрөшүп, кызматтык позициясынан тайбаганга умтулмак…

Кайра эле мыйзамдардын жана Конституциянын Жоболорунун практика жүзүндө иштебей жатканына кайрыла турган болсок, учурдагы өткөөл чакты мүнөздөгөн мындай бир симптом көзгө урунбай койбойт. Бул симптом, өз аты менен атап айтканда, кыйла убакыттан бери көрүнбөй калышып, жаңы келген келинден бетер, көшөгө артына жашырынып калышкан айрым бир фигуралардын кайрадан ачыкка чыга башташы. Мурунку бийликтин тушунда жеке өздөрүнө карата, же түздөн-түз өздөрүнө болбосо да, алардын пара алуу учурунда кармалышкан алкы бузук балдарына же кыздарына кылмыш иштери козголуп, мурунку бийликке карата аздыр-көптүр нааразычылыктары барлар да мурункулардын даректерине сын айтышып, азыркы бийликке жагынып алууга жана да бул аракеттери аркылуу ошол арабөк калган иштерин биротоло жаптырып салып, же өздөрүн реабилитациялап алууга далалат кылып жатышкансыйт…

Андай люмпендешкен, булганып калышкан экс-чиновниктердин жагымпоз жана чагымчыл аракеттерине карата — ​али түйүлдүк кезинде тыптыйпыл кылып жоюу менен гана чектелбей, аларды кайрадан ачыкка чыгарып, биротоло ошол жабылып же кыскартылып калган иштерин аягына чыгаруу максатка ылайыктуу болот. Буга мыйзам кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат. Азыр коррупция жана өзгөчө оор экономикалык жана мамлекеттик кылмыштарга байланыштуу чектөө мөөнөтү (срок давности) алынып ташталгандыгы маалым.

Ал тургай, тээ Акаевдик доордон берки бардык экономикалык жана коррупциялык кылмыштардын баарын четинен кайрадан чубап чыгуу зарыл. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомдук ыймандык-адептик тазалануу үчүн, келечек-муундарыбыздын жакшы жашоосу үчүн дал ушундай чечкиндүү жана изги иш аракеттерге баруу керек. Андай кадамдарга барууга мурда булганып калышкан жана ар кандай жолдор менен кылмыш иштеринин кылтагынан бошонуп кетишкен адамдар жолтоо болушары күмөн туудурбайт. Дал ошон үчүн, андайларды эч аралаштырбай, бир аз окчунураак тутуп, бирок, ошол эле учурда көзөмөлдөн да чыгарбай кармап туруу керек. Азыркы коррупция менен күрөшүү аракеттери дал ушул ыргагынан жазбай, улантыла берсе, тез эле алардын кезеги да келери шексиз… Буга мына кечээ жакында эле чубалжып, ачыкка чыккан Бишкек ЖЭБинин чуулгандуу авариясы таасын иллюстрация болуп бере алат!..

Кечээ жакында эле жергиликтүү телеканалдардын биринде дал ошондой көптөн бери көрүнбөй кеткен фигуралар — ​сот процессинин биринчи инстанциясында айыпталуучу катары катышкан депутат Алмамбет Шыкмаматов менен Ысык-Көл областынын экс-губернатору Эмилбек Каптагаевдер чыгып алышып, мыйзамдар жана Конституция иштебей жаткандыгы тууралуу армандарын айтышты. Эмне демекчибиз, чынында эле мыйзамдар кээде жакшы иштебей, же иштесе да чала иштеп калган учурлар көп орун алууда. Арийне, буга коррупция боюнча соттолгон (мейли, штраф түрүндө жана шарттуу жаза алса да) Алмамбет Шыкмаматовдун арманы болбошу керек эле. Анткени, күбөлөрдүн көрсөтмө бергенине караганда, өз аялынын машинасын кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик тендер аркылуу сатып жатса, бул коррупция жыттанып жатпайбы? Ал эми баасы бирдей эле болчу, базардагыдан айрымасы аз болчу деген сымал актануулар суу кечпеси түшүнүктүү. Сен бул аракеттериңден улам, өз чөнтөгүңө эки миң доллар жымырып алдыңбы, же эки жүз гана доллар пайда таба алдыңбы — ​мунун анча айрымасы деле жок. Маселе — ​эч кандай пайда көрүүнү көздөбөсөң, анда базар аркылуу эле дал ошол баага саттырбайт белең? — ​деген суроонун пайда болуп жатканында камтылып жатпайбы…

Ал эми экс-губернатор Эмилбек Каптагаев Кыргызстандагы көп убакыттан бери алар үчүн азырынча түрмө ыйлап жатпаса да, мыйзамдар абдан ыйлап жаткан адамдардын катарына кириши да толук мүмкүн… Тээ акаевдик заманда эле ошол кездеги губернатор Жумагул Сааданбековго карата Кумтөр аркылуу областтын социалдык муктаждыктарына бөлүнгөн миллиондогон финансылык каражатты дайынсыз жок кылган деген дооматтар менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү. Дегеле Акаевдик заманда кылмыш иштери козголуп, ал тургай темир тордун артында кармалып жатышып, кийин акталып же бошонуп чыккандар өтө көп болгондугу — ​бул сферадагы азыркы түзүлгөн кырдаалдын башаты болуп калган. Кийинчерээк, “Биосферанын” булганып жатканына күйөмүн дегендер чыгышып, областтын экология маселелерин оңдоймун деген убадалар менен дагы далай алкы бузук адамдар акча жешкен деген кептер айтылып, алардын айрымдарына кылмыш иштери да козголгон эле. Ал тургай, ошол кезде сот жообуна тартылып жаткан Эмилбек Каптагаевди түрмөдөн 2010-жылдагы “апрель революциясы” гана сактап калгандай да таасир калган. Кийинчерээк, “револючиячылар” ишенип беришкен губернаторлугу да финансылык максатсыз пайдалануу деген айыптоолор менен аяктаган. Ал айыптоолорго биротоло чекит коюу — ​азыркы коррупция менен күрөшүү кампаниясынын программасындагы (башка дагы көптөгөн жабылып, же кыскартылып калган кылмыш иштери менен катарда) негизги суроолордун бири болушу зарыл.

Анан калса, өзүн эң эле башкы “революционерлердин” бири катары көрсөтүүгө далалат жасап жүргөн бул саясатчынын Тышкы иштер министрлигиндеги иштеген уулунун ишмердиги да кезегинде укук коргоо органдарынын бир топ “кызыгуусун” жараткандыгы маалым. Ошол кезде өлкөдө эгемендик доорунда өтө эле популярдуу болуп кеткен ажылыкты “коммерциялаштыра” коюуга умтулган аракеттер көп жасалып жүргөнү дайын. Муфтиятта иштеген диний ишмер Нурдинов сыяктууларда бул тармак боюнча ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызмат адамдарына жетишерлик сандагы компроматтар оңой эле табылары шексиз.

Ал эми Эмилбек Каптагаев өзү учурунда Дин иштери боюнча агенттигин жетектеген. Баса, ата-баласынын ортосундагы ошол кездеги мыйзамдык конфликттерди жараткан аракеттеринде өз мезгилдери боюнча (жогорудагы депутат Шыкмаматов – мамлекеттик мекемедеги тендер жана анын аялынын жеке менчик автомашинасы сымал) дал келүүлөр жокпу? Муну да тиешелүү органдар дыкаттык менен кайрадан иликтеп, ак болсо ак, кара болсо кара дешип, биротоло чекит коюшса болмок. Антпесе, абройлору эбак эле булганган ар кайсыл деңгээлдеги экс-чиновниктердин көгүлтүр экрандан чыгып алышып, элге акыл-насаат айтыша башташкандары көнүмүш адатка айланып бара жатат. Мындай фактылар көзгө кандайдыр бир өөн учурагандай көрүнө берет экен!.. Эриксизден, орустун “Чья бы корова не мычала, твоя бы молчала!” — ​деген таасын лакабы эске түшөт. Демек, андай адамдар өздөрүнүн таза экендигине ошончолук эле ишенишсе, мыйзам аркылуу тазаланып, адегенде өздөрүн биротоло актап алууга биринчи иретте өздөрү умтулушса жакшы болмок.

Дагы бир өтө маанилүү маселе — ​президент Сооронбай Жээнбеков атамбаевдик эски кадрларды өз кадрлары менен механикалык түрдө алмаштырып тим болбостон, алардын профессионалдык жактан мыкты деңгээлине гана көңүл бөлбөстөн, аталган кандидатуралардын моралдык-нравалык жана инсандык сапаттары жактан да мурдагылардан алда канча өйдө болушуна жетишүүгө да умтулушу зарыл. Ансыз азыркы коомдук-саясий аренадагы жалпы элдин үмүтүн жандырган ишенич да акталбайт, бул багыттагы иштер да алга жылбайт.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *