УИА Илим күнүн салтанаттуу түрдө белгиледи

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында (УИА) илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чарага өлкөнүн окумуштуулары, УИАнын ардактуу академиктери, илимий-педагогика тармагынын жана академиянын кызматкерлери катышты. Ошондой  эле Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев илим күнүнө карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Эки жылдан бери Кыргызстан, анын ичинде Илимдер академиясы кыйын кырдаалды башынан өткөрдү. Мекемени жоёбуз деген кептер да болду. Ал ортодо илим жаатында реформа болот деген чечимдер чыкты. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай бүгүнкү күндө академия өз киндигин өзү кесип келет. Ал эми мамлекети, экономикасы, технологиясы өнүгүп жаткан мамлекеттер илимине жакшы көңүл буруп жатканы белгилүү. Бир катар өлкөлөр мына ушул илимди өнүктүрүү жолу менен баратат. Андыктан, биз да ич ара реформа жасап, илимди ошондой деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек” – деди ал.

Андан сырткары Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаментинен, Жогорку аттестациялык комиссиясынан келген өкүлдөр, УИАнын илимий институттарынын директорлору, салтанатка конок катары чакырылган академиянын ардактуу окумуштуулары менен жаш илимпоздор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Илимге эмгеги сиңген УИАнын кызматкерлерине, анын ичинде Суу маселелери жана гидроэнергетика институтуна караштуу суу жана суу-энергетика ресурстары лабораториясынын жетекчиси Лариса Бажановага, айыл чарба илимдеринин кандидаты, Биотехнология институтунун окумуштуу катчысы Бердибаева Аидага жана гуманитардык жана экономика илимдери бөлүмүнөн №2 Борбордук илимий китепкананын филиалынын жетекчиси Нукеева Калыйбүбүгө “УИАга эмгеги сиңген кызматкери” наамы ыйгарылды.

Андан сырткары илим жана илимий-инновациялык жетишкендиктерди коомчулукка таанытуу максатында УИА илимпоздорунун эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, илимий иштелмелердин булактары көргөзмөгө коюлду.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *