УИАда кол жазмалардын учурдун талабына ылайык онлайн-каталогу түзүлдү

Мындан ары окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана башка колдонуучулар manuscript.lib.kg дарегине кирип кол жазмалардын 400 миңден ашуун барактан турган каталогду колдоно алышат. Онлайн-каталогдо фондго кирген 3 миңден ашык кол жазманын тааныштыруучу үлгүлөрү жана башка маанилүү маалыматтар камтылды.

Бүгүн Улуттук илимдер академиясында (УИА) аталган каталогдун таанытым иш-чарасы өттү. Ал “ачык билим булактарын өнүктүрүү” программасынын алкагында, УИАнын кол жазмалар фондунун жана “Биздин Мурас” коомдук фондунун демилгеси ишке ашырылды. Ал эми каржылык жагын “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоого алган.

Таанытымда жождордун окутуучулары, окумуштуулар, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, ЖМКнын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада сайтка жайгаштырылган тексттерди колдонуунун шарттары көрсөтүлдү.

Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев кол жазмалар фондунун иштеп чыккан жаңы саамалыгынын артыкчылыктарын айтып өттү.

“Биздин кол жазмалар фондунда 1922-24-жылдары жаздырылып алынган С.Орозбаковдун айтуусундагы “Манас” эпосунан баштаган көптөгөн чыгармалар бар. Өткөн жылдары манасчы С. Каралаевдин араб арибиндеги 9 томдук академиялык басылмасы жарык көргөнүн билесиздер. Жакында “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү да толугу менен чыгарылат. Быйыл манасчынын 150 жылдыгын “Юнеско”, “Түрксой” уюмдарынын негизинде өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан сырткары элдик оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрү жарык көрүүдө. Эми алар учурдун талабына ылайык интернетке жайгаштырылып баштады. Муну менен окумуштуулар, окутуучулар, кызыккандар таанышуусу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү деп айтууга болот”, – деди ал.

Ал эми кол жазмалар фондунун башчысы Асель Исаева кол жазма фондунун бул жаатта аткарган ишин айтып келип төмөнкүлөргө токтолду:

“Фонд мурун жабык түрүндө иштеп келген. Элдин мурасы элге тиешелүү болгондуктан, эл үчүн ачык болсун деген чечимге келдик. Ошонун натыйжасында каалоочулар колдоно ала турган атайын онлайн-каталог иштелип чыкты”. Андан сырткары сайт бардык пикир, алымча-кошумчалар үчүн ачык экендигин белгиледи.

Катышуучулар каталогдон латын, араб жана кирил жазмасындагы кол жазмаларды бири-биринен өзүнчө иргеп алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин, аларды которууда, транскрипция кылууда жардамчы болоорун, ошондой эле эл арасында кимдир бирөө билген, бирок, жазылып алына элек оозеки чыгармаларды жаздырып алып, каталогго кошуу мүмкүнчүлүгү да бар экендигин айтышты.

Окурмандардын ыңгайы үчүн сайтта материалдарды автору, инвентардык номуру, ким тарабынан чогултулгандыгы, материалдын аталышы, баш сөздөр аркылуу издөө системи иштетилген. Каталогго кирген папкалар сактоо фондуларына таандык бөлүштүрүлүп жайгаштырылган. Онлайн түрүндөгү кол жазмалар фонду азыркы тапта:  «Манас», “фольклор”, “атайын фонд”, “акындар поэзиясы”, “акын-жазуучулар”, “тарых”, “тил, адабият таануу”, “магнит лентасы” деген бөлүмдөрдөн турат.

Ачык кол жазмалардын арасында Калыгул, Б.Солтоноев, Молдо-Кылыч, А.Осмонов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбековдун өздүк кол жазмалары жана архивдери, мурун жарык көрбөгөн атайын фонддун материалдары, сейрек кездешүүчү китептер, макалалар,  этнографиялык жана археологиялык экспедициялардын материалдары, тарыхый булактар, 1916-жылдагы Үркүн боюнча архивдик материалдардын көчүрмөлөрү, кыргыз тили жана адабияты боюнча эмгектер ж.б. көптөгөн изилдөөчүлөр үчүн кызыктуу материалдар бар.

Маалымат үчүн: УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фонду

Кыргыз элдик оозеки чыгармачылык үлгүлөрүн жаздыруудан башталган. Фонддун өзөгүн “Манас” эпосунун жаздыруудан жаралган кол жазмалар түзөт.  1922-жылдан тартып кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын систематикалык түрдө жаздыруу иштери ырааттуу жүргүзүлүп, КР УИАнын кол жазмалар фонду калыптанып баштаган. Окумуштуу-фольклорчу Ыбырай Абдрахманов жана Кайым Мифтаков 1922-1926-жж.  “Манас” эпосун XX-кылымдын алп манасчысы Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда толук кандуу жаздырып ала башташкан. Бирок манасчынын ооруп калганына байланыштуу анын айтуусундагы “Семетей” жана “Сейтек” бөлүктөрү жазылбай калган.

“Манас” эпосунан тартып, майда фольклордук чыгармаларды чогултуу иштери кызуу жүргүзүлгөн. Алардын арасында «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Жаңыл Мырза», «Эр Табылды», «Курманбек», «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан», «Кедейкан», «Ак Мөөр» ж.б.у.с. 22 кенже эпостор көрүнүктүү орунду ээлейт.

Материалдар негизинен фольклордук экспедициялардын жүрүшүндө чогултулган. Ар кыл, мазмуну бай кол жазмалар фонду окумуштуулардын материал чогултуу боюнча тынымсыз күжүрмөн эмгегинин үзүрү менен түзүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *