Үйлөнүү оңой, бирок үй-бүлө куруу кыйын

Акыркы убактарда баш кошпой жатып эки ажырым жолго түшкөн үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Ажырашкандардын арасында көп жыл бирге түтүн булатып жашагандар да жок эмес.  Мамлекеттик каттоо кызматы таркаткан маалыматка караганда 2018- жылдын тогуз айында эле 7,5 миң үй-бүлөнүн очогу бузулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 2,5 миңге көп.

Адистердин айтымында, ажырашуунун себептери катары ар кандай факторлор бар. Жубайлардын бирин-бири түшүнбөстүгү, ойлогон ойлорунун, көздөгөн максаттарынын бир жерден чыкпоосу, турмуштук тажрыйбасы аз, ак-караны  ажыратып биле элек жаш кыздардын турмуш жолуна аттануусу, келин менен кайнененин ортосундагы пикир келишпестик, экономикалык жетишпегендик ажырашуу себептеринин кээ бирлери.

Бактылуу бол, айланайын!

Жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайларга турмушту түшүнүп калган улуулар, али турмуштун ысык-суугун көрө элек жаштар да, деги эле уккан- көргөн тааныш-билиштин баары эң биринчи “бактылуу болгула” деген ак ниетин билдиришет. Алар айткан “бактылуу бол” деген сөздүн ичинде өзүнүн мыйзамы бар кичинекей мамлекеттин бүткүл сыры катылган. Үй-бүлө улуу калктын түпкүрү, башаты. Ар бир үй-бүлөдөн келечекте калдайган журт пайда болот. Ошондуктан турмуш жолуна бирге аттанган жубайлардын алдында чоң жоопкерчилик жаралат.

Бир максатты көздөй келечекке багыт алган эки жандын бири- биринин кемчилигин толуктап турчу бир бүтүнгө айлануусу аларга жүктөлгөн жоопкерчиликтин алгачкысы. Турмуш өз жолунда кубаныч-бакытка, кайгы- капага, күлкүгө, ыйга толгон күндөрдөн куралат.

Мына ошол жолдо жубайлардын милдети улуулар айткандай жарынын башынан ак жоолугу түшпөй, көшөгөсү көгөрүп, жолдошу болсо алган жары менен тең карып, жакшылык-жамандыкта бирге болчу,  абийирдүү, ырыс-кешиктүү үй-бүлөнү түптөө. “Аял жакшы- эр жакшы” болуп же болбосо “кара кыздын агынан эмес, багынан” болуп баш кошкондор бактылуу жашап кетишсе деген жакындарынын тилектерин орундатуу. Үй ичин базарга айлантчу, келечекте эли- жеринин керегине жарачу уул-кызды жарык дүйнөгө алып келип, аларга заманына жараша татыктуу тарбия берүү.

Бактылуу үй-бүлө – мамлекеттин бекемдигине өбөлгө

Үй-бүлөнү мамлекеттин бир бөлүгү, эң негизги таянычы, күчү катары караса болот. Анткени адам баласынын алдыдагы максатына карай умтулуусу, ишке болгон кызыгуусу үй-бүлөсүндөгү маанайга, жагдайга жараша болот. Кээ бир адамдар үй-бүлөсү, балдары үчүн жашайт. Кээ бирлери үчүн үй-бүлөсү колдоочусу, тиреги, таянаар тоосу, сүйөнөөр аскасы. Башкача айтканда бул жашоодогу бардык нерсеси – үй-бүлөсү. Баланын бактылуулугу ата-энеси менен бирге жашоо, аларга эркелеп, эң бир соонун көз ирмемдерге толгон унутулгус балалык өткөрүүсү. Үй-бүлөнүн бекемдиги жубайлардын бири-бирине болгон сый-урматы, ишеними, сүйүүсү жана алардын сабырдуулугу, түшүнүктүүлүгү менен толукталат. Бир эле үй-бүлөнүн эки жолго түшүшү бүткүл коомго, андан соң мамлекеттин бүтүндүгүнө залакасын тийгизет. Демек, коомчулуктагы ажырашуулардын көбөйүп жатышына социалдык маселе катары олуттуу мамиле жасашыбыз керек.

Биздин мектептерде ар кандай илимдерди үйрөткөнү менен турмуш сабагы үйрөтүлбөйт. Жаңы үйлөнүп жаткан жубайларга, келечекте бир үй- бүлөнүн мүчөсү болчу жаштарга бактылуу үй-бүлө, жубайлардын мамилеси тууралуу ар кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарыл. Ал эмес уул үйлөп, кыз узатып жаткан ата-энелерге да кандайдыр бир деңгээлде келин-кайнене-кайната-күйөө бала мамилеси тууралуу маалымат берилиши керек. Анткени жубайлардын ортосундагы жылуу мамиленин бузулушуна кээ бир учурларда кайнене менен кайнатанын кийлигишүүсү себеп болуп калган учурлар да жок эмес. Илгертен бери эле кыргыз үй-бүлөсүндө кайнененин орду чоң болуп, жубайлардын чогуу жашап же ажырашып  кетүүсүнө өз таасирин тийгизет.

Жубайлар – түбөлүктүү сапарлаш

Жалган жашоого келген ар бир пенде сөссүз түрдө өзүнө тиешелүү артыкчылыктары жана кемчиликтери менен жаралат же болбосо калыптанат. Кайсы гана адамдын болбосун артыкчылыктарын баалоо менен биргеликте кемчиликтерин кабыл ала билишибиз керек. Анткени адамдар биз каалагандай болууга милдетүү эмес. Үйлөнүшкөндөн көп өтпөй ажырашып кеткендердин көпчүлүгү “колун кармап, келечегимди ага аманат кылган адамым мен күткөндөй болбой калды” деген сөздөрүн айтышат.

Айтканга оңой болгону менен бир эле үй- бүлөнүн кыйрашы канчалаган адамдын моралдык жана психикалык жактан жабыркашына алып келет. Бир үй-бүлө түптөлүп жатканда эки жаштын ата- энеси, тууган- туушкандары кандай жакшы тилектер менен ак баталарын беришип, алардан көп жакшы нерселерди үмүт кылышат. Ошондуктан жаңы үйлөнүп жаткан жубайлар өздөрүнүн келечегин, башкалардын үмүттөрүн  ойлоо менен бирге узак сапарга аттанып жаткандай бардык жакшы-жаман жагдайларга даяр болуусу керек.

Жашоо биз ойлогондон да кыйын же болбосо оңой. Себеби биз канчалык жашоону татаалдаткан сайын ал өзүнөн өзү татаал болуп кете берет. Тескерисинче биз жашоону өзүбүзгө ыңгайлаштырып, маанисиз нерселерге көңүл бурбай, жакшы нерселерге умтулуп жашасак жашоо алда канча оңой экенин түшүнөбүз. Ар бир адам бактылуу болуп жашоого татыктуу. Ал эми бактылуулуктун ачкычы өзүбүздүн колубузда. Адашпай, жаңылбай ошол ачкычты бекем кармап калалы.

Самира Шарипова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *