Үйлөнүү тойго барган конок бий үстүндө көз жумду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тойканалардын биринде Бишкек шаарынын тургуну бийлеп жаткан жеринде көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда АКИpress маалымат агенттиги жазып чыкты.

1964-жылы туулган К. З. аттуу жаран 2-декабрда жээнинин Караколдогу үйлөнүү тоюна барган. Ал той учурундагы антрактта бийлеп жатып эле эс-учун жоготуп жыгылган. Аны оор абалда ооруканага алып келишсе, дарыгерлер карап көрүп, үзүлүп кеткендигин билдиришкен. Маркумдун сөөгү ошол эле күнү Бишкектеги үйүнө жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум мурдатан кант диабети менен жабыркап жүргөн. Тойдо кант диабет оорусу козголуп, жүрөгүнүн токтоп калышын шарттаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *