УКМК: Депутат Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалды

Бүгүн, 30-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты жана башка жарандарга карата массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы Прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында депутат Исаев Канатбек Кедейканович, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык К.Исаев КР президентигине талапкерлер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар КР Президентин шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак.

Кылмыш ишиндеги чогулган материалдарга ылайык К.Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергендиги аныкталды. Муну менен катар бийликти курал колдонуу менен басып алуу жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештируу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *