УКМК: “Электр станциялары” компаниясынын гендиректору Узак Кыдырбаев камакка алынды

Кечээ, 3-апрелде “Электр станциялары” компаниясынын гендиректору Узак Кыдырбаев камакка алынды. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР МУКК 2018-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаардык ЖЭБ, «Электр станциялар» ААК жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы » ААК айрым кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул кылмыш иши 2018-жылдын 30-январында КР Башкы прокуратурасы козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп тергелүүдө.

2018-жылдын 3-апрелинде «Электр станциялар» ААК башкы директору Кыдырбаев У.А. кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча шектелип, кармалды.

Учурда Кыдырбаев У.А. Кыргыз Республикасынын МУКК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *