УКМК сылык-сыпаа болбой, катуу чара көрүш керек….

Бир топ күндөн бери социалдык тармакта террористтердин байрагына окшош кара байракты желбиретип илип алып шаар көчөлөрүн кыдырышкан машиналар ээн-эркин жүргөнү кызуу талкууланып УКМК, ИИМ кайсы жакты карап отурат деген сындар айтылган. Ошондон көп өтпөй, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин өткөрүп, кара желек илип алган үч автоунааны кармады. Маалыматка ылайык, автоунаанын кожоюндары “CERBER AVTO CLUB” деп аталган авто борборунун мүчөлөрү болушкан. Алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштери боюнча баратышкан.

УКМКнын кызматкерлери аталган айдоочуларга тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын эн белгилерине окшош атрибутикаларды колдонууга жол берилбеши керек экенин түшүндүрүшкөн. Бул маселе боюнча атайын чара көрүлүш керек. Түшүндүрүшкөн деп жеңил-желпи, сылап-сыйпаган иш-чаранын арты жакшы болбойт. Катуу чара көрүлүүгө тийиш…

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *