УКМК уйкудан эми ойгонду

Жакында эле Коомдук канал бир жыныстууларды “Ой-Ордо” программасына алып чыгып, элдин кыжырына тийди эле. Активисттер нааразычылык акциясына да чыгышкан болчу. Ошондон бери “уйкуда” жаткан УКМКнын билермандары эми умачтай көздөрүн ачып “Ой-Ордонун” редактору менен продюссерин: “Ал көрсөтүүгө кимдир бирөөлөр төлөштү беле?” деп акырын суракка алышты.

Албетте, ал көрсөтүүгө акча төлөгөн болсо да, КТРК жетекчилиги “жок” деп жооп берет. Эр болсо УКМК аны далилдеп көрсүн да. Ошондой эле АКШ каржылаган Кloop.kg сайтынын бир журналистин чакырып, бир жыныстуулар тууралуу материалдарды чагылдырбоого эскертүү бериптир. Туура эле. УКМК улуттук каада-салтка, баалуулукка төп келбеген жагдайларды ушинтип иликтөөгө милдеттү. Бирок, “уктап” калбай эртерээк кыймылдаса.

Булак: “Багыт kg”   

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *