УКМК: ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергөө аяктады

УКМКнын башкы тергөө бөлүмү ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү жыйынтыктады.

Тергөө аныктагандай, Сапар Исаков жетектеген бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ТВЕА ишканасы менен өлкөнүн кызыкчылыктарына дал келбеген келишим түзүп, ага 111 252 797 (жүз он бир миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон жети) сом зыян алып келген.

Маалыматка караганда, 2010-жылдын февраль айында Максим Бакиев жетектеген Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар боюнча кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн отурумда ЖЭБди Дүйнөлүк банк тарабынан сунушталган 150 млн  долларга жана ТВЕА сунуштаган 200 млн доллар өлчөмүндөгү каражатка модернизациялоонун варианттары каралган.  Отурумдун жыйынтыгында, ТВЕА ишканасы тарабынан ЖЭБди модернизациялоо боюнча сунушту анын баасынын жогору болгондугуна, ошондой эле анын техникалык жана технологиялык кемчиликтери болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыктарына дал келбейт деп табуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Бирок, 2013-жылы Сапар  Исаков Алмаз Атамбаевдин Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин кызматын ээлеп турганда, долбоорду ишке ашырууну өздүк көзөмөлүнө алып, жеке максаттарын көздөп, ТВЕА ишканасына 386 000 000 долларга бааланган долбоордо башкы подрядчик болууга укук берген.

Ошондой эле ал ТВЕА ишканасынын мындай иштерде тажрыйбасы жана квалификациясы жетишсиз экендигин атайлап көңүлгө алган эмес, ал эми долбоордун техникалык-экономикалык негизи менен долбоордук-сметалык документациясы түзүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, аталган каражаттар Кытайдын ЭКСИМ Банкынан 20 жылга жылына 2% үстөк менен өкмөттүн кепилдиги алдында насыя катары алынган. Насыя алынгандан бери, тагыраак айтканда 2014-жылдан бери кыргыз тарап 22 млн 814 миң 328 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты үстөк катары төлөп берген.

Азыркы учурда айыпталуучулар менен алардын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышууда, андан соң аларды Сотко жөнөтүү үчүн Башкы Прокуратурага бекитүүгө жиберилет.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *