Улан Осмон уулу: Көздүн эмес, көөдөндүн сокурдугунан корком

“Көзүмдүн көрбөй калганы кудайдын берген сыноосу”

– Менин көзүмдүн көрбөй калуусу тубаса болду. Менден башка бир туугандарымдын баарынын көздөрү көрөт, ден соолуктары жакшы. Мен эле эмне үчүн минтип төрөлүп калганымдын себеби белгисиз. Кичинекей кезимде айланамдан: “Карасаң, көрбөйт экен” деген күбүр-шыбыр сөздөрдү угуп калчумун, албетте, катуу тийчү. Таарынчумун. Башка балдар чуркап жеткен жерге мен эмнеге жетпейм деп ыза болчумун. Кийин чоңоюп, аң-сезимим өскөндө баарына макул болуп, шүгүр кылып көнүп кеттим. Айла жок экен, тагдырыма моюн сундум. Балким көзүм көрүп жүрүп кийин көрүү сезимден айрылсам стресс, депрессия болмоктурмун. Азыр көзүм көрбөйт деп көп деле кайгырбайм. Көздүн сокур болгонунан эмес, көөдөнүм сокур болгондон корком. Ошентсе да акыркы күндөрү чет мамлекетке барып көзүмө операция жасатсамбы деп тилек кылып жүрөм. Жүрөгүм менен кеңешип көрсөм бар дегенсип үндөп атат. Күнүмдүк тиричиликте өз алдынча оокатымды кылам. Колуман келбесе тартынбай айланадагылардан жардам сурайм. Өз деңгээлиме жараша көрө алам десем болот. Көбүнчө тыңшап жашайм. Адамдар бирөөнүн кылган мамилесин, калп айтканын көзүнөн байкаса, мага адамдын ичи тазабы, тарбы, жүрөгү жумшакпы, үнүнөн дароо байкалат. Мага бирөө калп күлүп, жасалма мамиле кылып атса дароо сезем. Ички туюмум өтө күчтүү өнүккөн. Анан да эс тутумум күчтүү. Тааныштарга көчөдөн кезигип калып телефон номерин айтса жаза албайм, дароо эстеп калам. Буюрса келечекте унаа айдаганды үйрөнсөмбү деп жүрөм.

“Ырчылыкка болгон шыгым окуу жайдан ойгонду”

– Өзүм Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылында төрөлүп өскөм. Алты бир тууганмын, бирок мен чоң ата-энемдин колунда чоңойгом. Ош шаарында көрүүсү начар болгон балдар үчүн атайын адистештирилген окуу жайда 11 жыл окудум. Үй-бүлөмдө баары эле музыкага жакын, бирок мендей болуп ушул багытта иштеп кеткен эч ким жок. 5-6 классымда айылда той болуп калса, музыка чыккан жерге жетип барчу элем. Музыкант ырдаса ошону тыңшап отура берчүмүн. Кийин колумда музыкалык аспап жок болгондуктан кашыктарды каккылап музыка чыгарчумун. Ата-энем менин ырга болгон шыгымды байкап, аккордеон сатып беришти. Башка балдар сыяктуу кутуруп көчөнү деле чаңдаткан жокмун. Тынч бир бөлмөгө кирип алып кыяк чертип эле отурчумун. Мектепте жүргөндө маданий иш-чараларга катышып музыкалык аспаптардын түрүн үйрөнө баштадым. Гитараны биринчи жолу 15 жашымда кармагам. Ошондон бери ушул аспап менин жан-дүйнөмө жакын экенин сездим. Ошол жылдары кечкисин түн жарымына чейин үйдүн алдында топтолуп гитара чертип ырдаган жаштар көп болчу эле. Ошолорго кошулуп бир топ дос-тааныш да күттүм. Мектептен жаңы таанылып атым чыга баштаганда, 2010-жылы Индира Сыдыкова аттуу эже жетектеген “Эне эмгеги” кайрымдуулук фонду уюштурган сынак- концерт түштүк жергесинде уюштурулду. Ага катышып көзгө көрүндүм. Кийин ошол эле концерт Бишкек шаарында өттү. Шарт боюнча бир ырчы менен чыгарма аткарыш керек болчу. Мен Сапар Эркебаев менен дуэт ырдап чыктым. 25 катышуучунун арасынан Гран-прини жеңип алдым. Ошентип, калың эл мени жаңыдан тааный баштады. Ал кезде өзүмдүн гитарам жок болгондуктан ар кайсы досторумдун аспабын алып ырдап жүрдүм. Эл мени жакшы кабыл алды, концертте кол чаап коштогондору али эсимде. Студиялардагы аранжировщик байкелер менен таанышып мамиле түздүм. Ырчылар менен жакындан тааныштым. 11-классты аяктаганда Бишкеке которулдум. Жогорку окуу жайга тапшырып, студент болуу мага буюрбаптыр. Музыкант болом деп шаарга келе бердим. Киндик каным тамган жерден, бир тууган, ата-энеден алыстап жер которуу мага оңойго турган жок. Бишкекте адамдар бири-бирине оңой менен ишенбейт экен, айылдагыдай жөнөкөйлүк, баёөлук жок экен.

Көпкө чочуркап жаман болуп жаттым. Жаңы келгенде студияларда жашап жүрдүм. Достор аркылуу шерине, туулган күндөргө барып ырдап жүрдүм. Ал жактан мага акча-тыйын төлөп берип жашоом өтүп атты, ошол эле учурда күйөрмандардын санын артыруу менен алек болдум.

“Түгөйүм менен интернеттен табыштым”

– Ары-бери урунуп жүрүп, 2013-жылы жубайым Нүргүл менен интернеттен тааныштым. Өзүбүз жактан, коңшу айылдын кызы болот экен. 6 ай сүйлөшүп жүрүп турмуш курдук. Ошол кезде үстүмдө үйүм жок тобокелчилике салып баш кошком. Анткени мен арканды узун таштап жашаганды жактырам. Кийин 30-40 жашка барганда балдарым мени жетелеп калса, кол арага жарап калса деп тилек кылчумун. Күч-кубатым бар кезде балалуу болуп, аларды чоңойтуп алайын деп шаштым. Жаңы турмуш курганда эки кашык, эки чыны, бир түйүнчөк менен батирлеп жүрдүк. Азыр Кудайга шүгүр, үй-бүлө багууда кыйналбайм. Келинчегим жан-дүйнөсү көрө билген адам. Мен үчүн дайыма тынчсызданып турат. Көчөдө жүрсөм кантти экен, жолдо келе атсам этият бол деп күйүп турат. Келинчегимдин да кесиби жок, үй кожейкеси. Учурда эки кызды төрөп, тарбиялоодо. Улуу кызым 3, кичүүсү 1 жашта. Негизи үй-бүлөдө мен сарамжалдуу эмесмин. Акча тапсам чачып салам, ойлонбой коротуп жиберем. Аялым андайда ыйлактап, наалып калат. Бирок, бала-чака ооруп калат, жамандык-жакшылык эриш-аркак жүрөт дегендей, күтүлбөгөн кырдаалга акча керек болуп калышы мүмкүн. Андай учурда карайлап калбаш үчүн, тымызын акча топтоп коём. Бул сырымды келинчегим да билбейт. Үй-бүлөнү багайын деп түнү менен студияда иштеген күндөрүм көп. Буйрутма алып обон жаратам, ыр жаздырам. Ушундай учурда деле келинчегим таарынып калат. Аны деле түшүнөм, жашоосун болгон дитин мага арнаса, мен болсо үй-булөмө убакыт таппай студиялап жүрсөм, күндүз кечке уктасам жаны кашайса керек. Кээде тамашалап “чыдайм деп баш кошоордо сөз бергенсиң, чыда” деп кутулам. Аялым экөөбүздүн ортобузда далай кызганычтын айынан уруш-талаш болду. Таарынышып кетип калган күндөрдү танбайм. Бирок акыры табышып, элдешип жашап атабыз. Өзгөчө баласаакмын, кыз бала атага мээримдүү болот экен. Улуу кызым мени жетелегенге жарап калды, “көз айнегимди таап кел, телефон чалып атат алып кел” деп жумшасам чуркап калат. Демек, балдарымдын кол-арага жараганы ушу турбайбы деп ичимен сүйүнүп калам. Азыр деле батирлеп жүрөм. Жакын арада үй алаарыма деле көзүм жетпейт. Андыктан асан кайгы тартып баш оорутпайм. Маңдайыма жазган күнү үйлүү болоормун. Чыгармачылыктан башка киреше тапчу булагым жок. Тойлорго көп чыгам. Талантымды сыйлаган ага-эжелер каражат жагынан жакшы колдоо көрсөтүшөт. Айтор күнүмдүк ырыскымды таап жүрөм.

Фонограмма колдонбойм, үнүмө ишенем

-“Үнүң жакшы” деген мактоолорду көп угам. Үндү табияттан алган белегим деп билем. Менде музыкалык билим жок, бирок тажрыйба бар десем болот. Үнгө өзгөчө деле кам көрбөйм, эмнени аяй берсең ошол жактан аксай бересиң дешет. Мисалы, унааны аясаң бузула берет, балаңдын көзүн караган сайын ооруйт. Ошол сыяктуу үнүмдү аяп “муздак” деген түшүнүк менде жашабайт. Фонограмма да колдонбойм. Бир жолу концертке катышып эстрада менен фонограмма колдонуп ырдамай болдум. Жакшы эле сахнага чыгып ырдап баштагам. Билбейм, аппарат эмне болуп кетти же шнурду бирөө буту менен илип алдыбы айтор баягы фонограмма үзүлдү. Эмне кылаарымды билбейм, ырымды андан ары улантып кеттим. Отурган эл деле фонограмма экенин билди. Ошондо катуу уят болуп экинчи аны колдонгус болгом. Азыр өз үнүмө ишенем. Ырдап берчи деген жерден тайсалдабай колума гитарамды алып ырдап калам. Элдер мен жөнүндө кандай пикирде болду экен деп интернетке кирип ырлардың алдындагы сын-пикирлерди карайм. “Үнүңө баракелде” деген мактоолорду көп угуп сүйүнүп калам. Дагы акыркы эки жылдан бери чыгармачылыкка чыгынып кирише албай жүрөм. Азыр убактымдын көбү обон жаратуу менен өтүп атат. Буюрса чыгынып жакынкы убакта жаңы дем менен кайрадан чыгам.

Булак: “Леди.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *