Улан Примов, депутат: Айыл чарба министрлигин реформалоо-заман талабы

– Улан мырза, парламенттеги бир катар кесиптештериңиз «азыркы шартта айыл чарба министрлигинин кереги жок болуп калды, аны жоюп эле салыш керек» деген сунуштарын айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Чындыгында эле айыл чарба министрлигинин түзүмүн, жоопкерчилигин, ошондой эле иштөө багытын кайрадан карап чыгып, бүгүнкү замандын талабына ылайык чечим кабыл алыш керек. Бул министрликте мурунку союз маалындагыдай кандайдыр бир критерийлер калган. Мен аларды таптакыр эле жоюп салуу керек дегенден алысмын, бирок, алардын жүргүзүп жаткан иш-чараларын карап чыгуу кажет. Бул – бүгүнкү күндүн талабы. Алардын штаты өтө эле чоң. Азыр жер да, мал да жеке менчикке өткөн.

Министрлик алар менен кандай иштешет? Кооперативдерди түзүп, чоңойтуу керекпи? Бүгүнкү күндө айыл чарба минисгрлиги өзү менен өзү, жер иштетип жаткан дыйкан-фермелер да өзү менен өзү.

– «Райондук, облустук администрациялар эч кандай иш аткарбай эле айлык алып жатат» деген пикирге да кошуласызбы?

– Бул боюнча мен айтар элем, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү да бүгүнкү күндүн талабы. Кайсы түзүм бизге керек, кайсынысы керек эмес – ошолор такталышы зарыл. Жер-жерлердеги элдин деле талабы – административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, райондор, айыл өкмөттөрү ирилештирилип, ашыкча чыгымдарга бөгөт коюлуп, үнөмдөлгөн акча каражаттары өнүгүү багытына, же билим берүү менен саламаттыкты сактоого жумшалса (!) дешет. Менде азыр так маалымат жок, бирок, райондук жана облустук админстрацияларды кармоого миллиондогон сом каражат кетет. Эгер биз реформа жасап, айыл өкмөттөрдү, райондорду ирилештире турган болсок, бул бир топ акча каражаттарын үнөмдөп, ошол эле учурда жер-жерлердеги жоопкерчиликти да күчөтөт эле.

– Жогорку Кеңеш жагынан ошондой аракеттер барбы?

– Эгерде өкмөт админстративдик-аймактык реформа жасоо боюнча мыйзам долбоорлорун, сунуштарын алып келе турган болсо, парламент талкуулап, кабыл алганга даяр.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *