Улан Саляновду аткан делген бир шектүү кармалды

“Ата Мекен” партиясынын депута­ты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Моск­ва шаарынан кармалды. ИИМдин маалыматына ка­раганда, 35 жаштагы А.А. аттуу жаран Токмок шаарынын тургуну экени аныкталды. Мурда ал талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолгон. Шектүүнү кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги да көмөк көрсөткөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат. Буга дейре 28-декабрда кылмыш боюнча шектүү катары Э.О. аттуу киши кармалган болчу. Анын жанынан Салянов атылган “Мака­ров” тапанчасы 17 огу менен табылганы да кабарланган. Эске сала кетсек, Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *