Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Бүгүнкү күндө саясий кырдаал коркунучтуу чекке жете элек»

— Улугбек Зулпукарович, жакында парламенттин жыйынында Максат Сабиров тарабынан Ысык-Көлдүн жээгине курула турган эс алуу жайларына байланышкан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу болбодубу. Бул тууралуу сиз кандай пикириңизди билдирдиңиз?

— Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда мыйзамга “Ысык-Көлдө курула турган эс алуу жайлары көлдүн жээгинен 300 метр алыс болсун” деген өзгөртүүнү киргизип алып келишиптир. Мурунку мыйзам боюнча 100 метр эле болчу. Бул мыйзамдын жазылганына 6 жыл болуптур. Андан бери бул маселе талаш-тартыш болуп келген экен. Негизи Ысык-Көлдүн ыйыктыгы, баалуулугу ар бир кыргыз үчүн шек жаратпайт. Ар бирибиз бул маселенин үстүндө иштешибиз керек. Бирок тыюу салуу менен эмес, ошол мурдагы мыйзамды бузган кишилерге чара көрүүнү колго алсак деп айттым. Мындан тышкары бүгүнкү иштеп жаткан эс алуу жайларындагы тазалоо системалары кандай иштеп жаткандыгы, талапка канчалык деңгээлде жооп берээри, ал жактагы жергиликтүү тургундар менен бул мыйзамдын талкуулангандыгы тууралуу суроолорду бердим. “Коомдук угуу болгон, айрымдар каршы болду” деп айтылганы менен так жооп болбоду. Эгерде 6 жыл мурун бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде актуалдуу болмок.

— Февралдын алдында борбор калаабыздагы 386 млн долларга модерзинация болгон ЖЭБдеги авария жогор жактагылар коррупциялык иштерге аралашканын дагы бир жолу тастыктагандай болду окшойт…

— Бул жерде бир нерсени тактап койсок. ЖЭБдин 386 млн долларга модерзинация болгон жагы авария болгон жок. ЖЭБ мурда иштеп келген, ремонттолбогон жагынан авария болду. Ошон үчүн “модернизация болгон жагы ушунча сумма турабы?” деген суроо туулат. Жалпысынан айтканда катуу суукка туруштук бере албай ЖЭБдин аварияга учурашы, шаардын тургундарынан тышкары кыргызстандыктар үчүн да күтүүсүз окуя болду. Эми мындай кырсыкты такыр болбойт деп акылдуусунган сөз айтуу абдан жеңил. «А кырсыкты болтурбай коюу үчүн кандай иштер жасалган? Кышка даярдык кандай болгон?» деген маселенин үстүндө түзүлгөн өкмөт аралык ведомстволук комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарды. Мен өзүм 20 жылдан ашуун өндүрүштө иштеген киши катары айтып кетер элем. Бул кырсык ошол жердеги жетекчилердин ишке болгон шалаакылыгынан, кайдыгерлигинен улам болду. Эми ошол комиссиянын жыйынтыгы менен ошол жерге жооптуу кишилердин баарын кызматтан кетирүү үчүн чечим кабыл алыныптыр. Бул туура чечим болду. “Булардын мынча иш-тажрыйбасы бар экен, булар кетсе болбойт, иштеши керек” деп айткан кесиптештеримдин пикирине кошулбайм. Анткени кээ бир адамдар көп жыл иштегени менен өзүнүн ишинде шалаакылык кылып коюшу мүмкүн. Бул кырсык болгондон кийин “Комиссия жыйынтыгын чыгарсын. Бирок конкреттүү жетекчилер сөзсүз жооп бериши керек”, — ​деп айткам. Эми бул боюнча бийлик дагы, аталган тармактын жетекчилери дагы өздөрү үчүн тиешелүү жыйынтыктарды чыгарат деген ишенимдемин. Ал эми депутаттык комиссиянын “бөлүнгөн акча максаттуу колдонулдубу?” деген жыйынтыгы азырынча чыга элек. Азыр алар изилдеп жатышат. Андыктан комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин бул маселеге кайрылсак болот.

— Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын дарегине айтылган сындары тууралуу эмне демекчисиз?

— Президент Сооронбай Шариповичтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында койгон талаптары жалпы эл тарабынан кызуу колдоого алынды. Укук коргоо органдарына, сот, прокуратура тармактарына айткан сын-пикирлерине байланыштуу жалпы эл “мындан кийинки кадам кандай болот?” деп азыркы кезде күтүп калды. Президент чындыгында катуу талап койду. Эми аталган тармактардын жетекчилери айтылган сындарды туура кабыл алат деп ойлойм. Демек, бул иштен жыйынтык күтсөк болот.

— Өзүңүзгө деле маалым болсо керек. Буга чейин парламенттеги айрым депутаттар абакта жаткан саясатчылардан кабар алышпадыбы. Дегеним, абактагылар тууралуу да айтчу сөзүңүз бардыр…

— Жакында биздин кесиптештерибиз абакта жаткандардын абалын жакындан билип келишти. Алардын койгон талаптары парламентке белгилүү болду. Албетте, соттун чечимдерине укуктук баа берүү биз үчүн туура эмес болот. Бирок ал жерде каралган маселелерге жооп сөзсүз болушу керек. Ар бир нерсеге өз учурунда бере турган жооптор бар. Менин оюмча, өзгөчө азыркы саясий маселелер менен сот иштери козголуп жаткан кишилер боюнча ачыктык, тактык керек. Эл дагы муну так билиши шарт. Абактагылар эмнеге ишенбей ошондой кадамга барышканын. Булар сотторго ишенбейбиз деп жатышпайбы. Соттордун ар бир чечими жалпы коомго, элге түшүнүктүү болушу керек. Ошол чечимдер анык, так болгондо гана элде ишеним пайда болот. Бүгүнкү күндө изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай жалпы элибиздин 70–80 пайызы соттордун чечимине ишенбей жатышат. Кээ бир жерлерде эч убакта адам өзүн күнөөлүүмүн деп айтпайт. Буга чогултулган далилдер болушу керек. Мыйзамга ылайыктуу баардыгы далилденип сотто мойнуна коюлган болсо, ар бир күнөөлүү адам жооп бериши керек. Ал эми күнөөсү мойнуна коюлбаса соттон акталып чыгышы зарыл.

— Парламенттеги сиздердин фракция шайлоо алдында элге берген убадасын канчалык деңгээлде аткарды?

— Ар бир саясий партия шайлоонун алдында жеңишке жетүү үчүн өздөрүнүн программасын түзүшүп, ошол программанын негизинде элге үгүт иштери менен чыгат. Элге берген көптөгөн убадаларын аткарышы үчүн биздин партияга 2017-жылга чейин мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби биз көпчүлүк коалицияга кирбей калганбыз. Экинчиден, биз парламентте көп орунду камсыздай алган жокпуз. Парламенттеги биздин депутаттардын саны 12 эле болчу. Бирок ошого карабай биз көпчүлүк коалицияга киргенден кийин 2017-жылдагы өзгөрүүлөр менен бирге, азыркы кезде биздин фракциянын алдында мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Өкмөттөгү биринчи вице-премьер-министр, Айыл чарба министри биздин партиядан болгондуктан биздин партиянын элге берген убадаларын Өкмөттүн чечими менен ишке ашыруу боюнча аларга өзүбүздүн сунушубузду айттык. Буга жакында так жооп берсек болот. Азырынча мактанарлык маалыматтарыбыз деле жок.

— Бүгүнкү күндө борбор калаабызда көп кабаттуу үйлөр иретсиз курулуп жатпайбы. Кардарлардын кызыкчылыгын коргой турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу планда барбы?

— Ар бир курулушка уруксат берилет. Бизде курулушту көзөмөлдөгөн атайын кызматтар бар. Азыркы кезде шаарга кайсы жерге эмне куруу тууралуу да жалпы план толук бүтүп калды. Албетте, шаардын туш тарабына ар кандай курулуштар түшүп жатса, ар кандай көз караштар пайда болот. Бирок негизинен маселе анда эмес. Маселе – биз курулушчуларга уруксат берилип, котлован казыла баштаганда эле батирлер сатыла баштаганында. Мен өзүм курулуш, транспорт комитетиндемин. Биз бул тууралуу чоң талкуу кылдык. Жакында мыйзам долбоорун алып чыгабыз. Белоруссиянын жакшы мыйзамдары бар экен. Бул өлкөдө курулуш компаниясы курулуштун 50%ын бүтмөйүнчө сатууга тыюу салынат. Биз дагы ошондой жакшы демилге көтөрүп чыктык. Быйылкы жылда биздин иш-планыбызда бар. Андыктан биз дагы ошондой мыйзамды киргизсек карапайым адамдар курулуш компанияларына акчасын төлөп көчөдө калбайт эле. Батир ала турган адам курулуш компаниясынын курмандыгы болбошу керек. Бул маселе боюнча биз эки көчмө жыйын өткөрдүк. Шаардагы “Иска строй” жана башка курулуш компаниялары боюнча чечимдерди шаардын бийлигинен тышкары Өкмөткө да бердик. Кудай буюрса курулуш тармагы боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген болсок, анда бул жагынан жакшы жыйынтыктар болот.

— Азыркы чакырылыштагы парламентке коомчулук тарабынан көптөгөн сындар, парламент тарайт экен деген сөздөр айтылууда. Буга сиздин пикириңиз кандай?

— Иштеп жаткан парламентке элдин нааразычылыгы сөзсүз түрдө болот. Ошон үчүн мен өзүм менен бирге иштеп жаткан кесиптештериме сын-пикир айтуудан алысыраак болгум келет. Бирок негизинен көпчүлүк сын-пикирлер туура эле. Биринчиден, аймактар менен байланыш парламенттеги партияларда жандуу эмес. Анткени депутаты жок райондор да бар эмеспи. Бул дагы партиядагы парламенттик тизменин кемчиликтерине кирет. Ошондуктан элдин депутаттардын саны боюнча нааразычылыгын жараткан “Ушунча депутаттын бизге кереги бар беле?”-деген бир маселе ачык эле айтылып жатат. Бирок муну жөн эле өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн биз Конституцияга өзгөртүү киргизип, ошондон кийин гана жаңы шайлоо өтсө, көп сын-пикирлерге чекит коёт. Ошон үчүн 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдында ушул маселе боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилет го деп ойлоп жатам. «Парламент тарайт-тарабайт» деген сөз көп айтылды. Негизинен парламенттин тарашынын 3 шарты бар. Биринчиден, өкмөт менен парламенттин ортосунда пикир келишпестик болгондо гана тарайт. Эми андай пикир келишпестик азырынча жок. Экинчиден, парламент өзүн өзү таратышы керек. Мурда президенттин парламентти таратууга укугу бар болчу. Конституциядагы кийинки өзгөртүүлөрдүн негизинде президент парламентти тарата албайт. Андыктан эки гана учур болот. Эгерде башкаруучу коалиция тарап, президент ишеним көрсөткөн партия Өкмөттү 3 жолу курай албаса ошондо президент парламентти таратууга укугу бар. Экинчиден, парламент Өкмөткө ишеним көрсөтпөгөн учурда президент чечим кабыл алып Өкмөттү же парламентти таратат. Азыр парламентти таратууга негиз жок. Бирок жалпы коомчулуктагы парламенттин акыркы убактагы кабыл алган чечимдери боюнча нааразычылыктар бар. Негизи ар бир нерсенин мыйзам ченемдүү болгону жакшы эмеспи. Ушул сыяктуу көп кемчиликтерди эске алып депутаттардын санын азайтып, аймактардан келе турган депутаттарга да өзүнчө шарт түзүп бере турган болсок, ошондо көп маселе чечилет дагы, көптөгөн суроолорго жооп табылат.

— Учурда өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу эмне демекчисиз?

— Эми саясий кырдаал дайыма өзгөрүп турат. Айрыкча биздин Кыргызстанда кичинекей шамалдан чоң маселе жаралып кетүүсү мүмкүн. Бирок азыркы шартта андай көрүнүш жок. Абактагы саясий ачкачылык жарыялаган жарандарыбызды эске албаганда. Жалпысынан алганда бүгүнкү күндөгү саясий кырдаал өтө коркунучтуу чекке деле жете элек. Анткени өлкөбүздө туруктуулук сакталып турат.

Маектешкен Нурсултан ШАЙДИНОВ

Булак: Жаңы Ордо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *