Улук Кыдырбаев: “Ишкерликке эң жакпаган нерселер – ыңкылаптар менен саясий туруксуздук – башка кайталанбашы керек”

Жакында Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) өзүнүн 10 жылдык юбилейин белгиледи. Бул убакыттын ичинде альянс 75 тармактык бизнес-ассоциациялардын башын бириктирген эң ири бизнес-жамаат болгону жетишти. Өлкөдөгү ишкерлик чөйрөнү жөнгө салган мыйзам долбоорлорун кабыл алууда альянстын пикирин эске ала башташты. Альянс сунуштаган диалог аркылуу мамлекет атамекендик ишкерлердин көйгөйлөрүн, муктаждыктарын укканга үйрөнө баштады.

Мамлекеттик чечимдерге таасир берүү жолдору, ишкерликти өнүктүрүү мүмкүнчүлүтөрү тууралуу БАУАнын Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен маегибиз.

– Улук Асанкарыевич, 10 жыл мурда БАУАны негиздөөнүн кандай зарылчылыгы бар эле?

– Ал дароо эле түзүлө калган жок. 2004-жылы экономиканын тез өзгөрүшүнө байланыштуу биринчи президентибиз Аскар Акаев салык мыйзамчылыгын өзгөртүү тууралуу жарыя кылган. 2006-жылга чейин жаңы салык кодексин иштеп чыгуу иштери кызуу жүрүп жатты, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда талкуулар жүргүзүлүп, жыйынтыгында “Адилеттүү салык салуу үчүн” коалициясы түзүлгөн болчу. Биз ал күндөрү ишкерликтин кызыкчылыгын эң жогорку бийлик тепкичтеринде коргоп, бул же тигил кадам ишкерлик-чөйрөгө кандай таасир бериши мүмкүн экендигин түшүндүрүп жаттык. Биз бул ишибизди жакшы жүргүзгөн экенбиз, ошондо ишкерлер чогулуп алып өз маселелерин талкуулай алган, бири-бирине көмөктөшүп, укуктарын коргогонго такай негизде иштеген аянтчаны түзүү сунушу айтылды. Ошентип Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы түзүлүп калды. Анын башында 13 ассоциациялар турду. Андан берки 10 жыл аралыгында альянстын курамы 75 ассоциацияга чейин жетти. Ал бардыгын кызыктырган кайсы бир маселенин айланасында чогулганга жана аны коргогонго жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.

– А сиздин өзүңүздүн ишкерликке кандай тиешеңиз бар?

– Мен 4-класста эле ишкерлик менен кызыга баштагам. Биздин короодо алма бактар өсөт эле, алмаларды эч ким жебегендиктен, аларды терип, сатууну туура көрдүм. Менин баамымда, эң өтүмдүү жер менин апам иштеген заводдун кире бериши болчу. Баласы жаңы рыноктук мамилени жактагандардан болгондуктан, апама заводго башка эшик аркылуу кирүүгө туура келди. Өлкөбүз ал күндөрү рыноктук мамилелерди жаңыдан гана өздөштүрүп жаткан учур болчу. Кийин Союз кыйраганда мен тамекилерди дааналап сата баштадым, дагы башка ишкерлик жолдорун өздөштүрдүм. Башкача айтканда, өзүмдү өзүм камсыздоого умтулуум менде балалык кезимде эле бар болчу, ошентип 2006-жылга чейин ишкерлик менен алектенип келдим. 2006-жылы мени Бишкек ишкерлер клубунун (БИК) директору кылып шайлашты. Бул кызматта мен рейдерлик, бийликтин жогорку тепкичтериндеги жемкорлук сыяктуу курч маселелерди көтөрүп жаттым, ошондуктан өзүң ишкер болуп адилетсиздик менен күрөшүү опурталдуу эле. Бизнесиме байланыштуу маселелер боюнча мага таасир этүү мүмкүнчүлүгү ачылмак. Ошондуктан БИКтин мүчөлөрү мага бизнес-ассоцияациялардын жана клубдун иштери менен гана алек болушумду сунушташты. Ошол убакта мен Салык кеңешчилеринин палатасын жетектей баштагам. Аталган уюмдарды жетектөө менин бүт убакытымды алгандыктан, менин өз ишиме убакытым да, алым да калбай жатты. Бирок 2013-жылдан кийин мен консалтинг тармагына кайтым келдим, менин ишкерлигим консалтингдик кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу.

– Бул тармактагы бай тажрыйбаңызды эске алып, атамекендик ишкерлер үчүн эң оор мезгил тууралуу айтып бере аласызбы?

– Ишкерлик үчүн күч менен бийлик алмашуу болгон 2005- жана 2010-жылдар эң оор мезгил болду. 2010-жылы биз ишкерлердин укуктарын мурдагыга салыштырмалуу билгичтик менен ишенимдүүрөк коргоп жаттык. Биз Утурумдук өкмөт менен мародерлуктан жана талоончулактан жабыр тарткан көптөгөн ишкерлердин ортосундагы көпүрө болууга аракет кылдык. Атамекендик ишкерлердин чыгымдарын укканда Утурумдук өкмөт мүчөлөрүнүн катуу таңгалгандары дагы эле көз алдымда. Мен дагы, кесиптештерим дагы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы жабыр тарткандардын жүздөгөн суроолоруна эмне деп жооп беришти билбейт элек. Башаламандык болбошу үчүн биз ыкчам чараларды көрүшүбүз керек эле, эл бийликтен ишенимдүү, так кадамдарды күтүп жаткан. Ошондуктан коомдук иштерди моюнга артып, элди тынчытып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келди. “Сейтекте” миңдеген жабыр тарткан ишкерлердин алдында чыгып сүйлөп, ар-биринин маселесин угуп жаттык. Ошол убак ишкерлердин биримдигин текшерген учурлардын бири эле. Биз бизнес- ассоциациялардын жетекчилери катары телеге чыгып, талоончулук болсо ишкерлер биринчи кезекте эмне кылышы керектигин, чыгымды юридикалык жактан кантип туура каттоо зарылдыгын түшүндүргөн жобону тез арада иштеп чыгып, кеңештер боюнча “ыкчам байланыштарды” уюштуруп жаттык. Чыгымдын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүнө жетише алдык, мен ал комиссиянын тең-төрагасы болчумун. Комиссиянын ишин аягына чейин жеткирдим. Ушул мезгил атамекендик ишкерлер үчүн эң оор мезгилдерден болду. Калган учурлар: талашып-тартышуу, дискуссиялар, дебаттар – бул бийлик менен жакшы диалог түзүү жолу болуп эсептелет, ал кээде жакшы, кээде анчалык эмес болот. Эң негизгиси бизге башка саясий катаклизмдердин кереги жок, ал ишкерликке зыян гана алып келет.

– Ушул тажрыйбага таянып, сиздерди ушундай толкундоолордон ишкерлерди коргоп калуу боюнча кайсы бир механизмдерди иштеп чыкты десек болобу?

– Жок, баш аламандыктын жыйынтыгын көзөмөлдөп, анын кандай болоорун аныктоо эч мүмкүн эмес. Биз жөн гана ушуга окшош окуяларды болтурбашыбыз керек, анткени көптөгөн ишкерлер өз ишин жаап, башка өлкөлөргө кетип калышты. Көбү эртеңки күнгө ишенбей калышты. Бирок бүгүн абал акырындан оңолуп баратат.

– Сиз жетектеген альянстын урааны: “Ийгиликтүү ишкерлик, ийгиликтүү мамлекет”. Ушул өңүттөн алсак, биздин мамлекет кандай?

– Көз карандысыздык алгандан берки 26 жылда Кыргызстандын бардык жетекчилери экономиканы өнүктүрүш керек, ишкерликтин өнүгүүсүнө шарттарды түзүү зарыл деп айтып келишти. Башка саясатчылар да, адистер да ушул сөздөрдү айтып тажашпады. Бирок менин баамымда, ушул сөздөрдү айткандардын бардыгы эле Кыргызстандын экономикасы эмне экенин өзүлөрү жакшы түшүнө беришпейт. Менин пикиримде, биздин экономика – жеке менчик компаниялар менен ишкерлердин жыйындысы. Эгер ишкердин иши начар болуп жатса, анда өлкөнүн экономикасы да оор абалда болот. Ошондуктан, эгер ишкерден “Ишиң кандай?”, – деп сурасаң, “Өтө деле жакшы эмес”, – деген жоопту угасыңар, анын бир нече сырткы жана ички себептери бар. Компаниялардын өзүлөрү да бүгүн өзгөрүп жатышат, анткени көп компаниялардын негиздөөчүлөрү – 90-жылдары ишкерлик менен алектене баштаган совет адамдары. Алар буга даяр эмес эле, атайын окуп үйрөнүшкөн эмес. Аман калыш үчүн айласыздан ишкерлик менен алектене баштаган адамдар алар. Бардык нерсеге алар өлкөбүздүн шартында үйрөнүп жатышты. Биздин аксакалдар экономикасы өнүккөн өлкөлөргө барышканда, мисалы АКШга, аякта ишкерлик кылуу кандай жеңил жана ыңгайлуу экендигине катуу таңгалышат. Башкача айтканда, алар биздин катаал шарттарыбызга көнүп калышкан. А чындыгында, биз ишкерлер үчүн шарттарды эми гана түзө баштадык, эми гана базар экономикасынын эрежелерин түшүнүп жатабыз, дүйнөлүк тарыхка салыштырмалуу биз жакында эле бул экономиканын алкагына өтпөдүкпү. Ошондуктан өз жарандарынын муктаждыктарын ойлонуштурган ишкерлерди, өкмөт, парламент, сот сыяктуу мамлекет бутактарын көргөнбүздө биз катуу таңгалып жатабыз.

– Мамлекеттин жарандарынын муктаждыктарын ойлонуштурганы эмнеден байкалат?

– Бизде азыркыга чейин совет заманындагы бир нерсе күчтүүлүк кылат – биз аткаминерге Кудайга сыйынгандай, ал жашоонун чордону болгондой мамиле кылабыз. Ошого жараша ар-бир аткаминерге бардык ишкер кылмышкер болуп сезилет. Бул эң өкүнүчтүү нерсе. Анткени ар-бир ишкер бардык мамлекеттик тутум аны коргоо үчүн багытталганын сезип турушу керек. Бирок бул күндөрү бир дагы ишкер өзүнүн коопсуздугун сезбейт, эртең бирөө келип алып, болбогон себеп менен анын ишин тартып албастыгына ишенбейт.

Ал эми экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ишкерликке мамиле таптакыр башка, анын башында адам жана анын муктаждыктары турат, бардык институттар ал үчүн иштейт. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, АКШда, Сингапурда, Улуубританияда, ишкер өзүнүн жана дагы ишинин коопсуздугун сезет. Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдар катуу урматталат, эгер сен мыйзам буза турган болсоң, билип кой, сен сөзсүз жоопкерчиликке тартыласың. Башкача айтканда, кылмыш кылсаң сөзсүз жазаланасың. Бизде болсо тескери, эгер мыйзам буза турган болсоң, бирөө менен сүйлөшүп, бардыгын жайгарып койсоң болот. Демек, өнүккөн өлкөлөрдө мыйзам коргой да алат, жазаңды да сөзсүз берет.

– Бирок да мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы мамилелерди жөнгө салган толтура мыйзамдар кабыл алынбады беле…

– Чынында эле, өлкөбүздө көптөгөн жакшы мыйзамдар иштелип чыгып, жакшы өзгөрүүлөр жасалууда, бирок бардыгы барып алып эле аларды аткарууга такалып калууда. Ишкерликти коргоого кеткен 14 жылдык өмүрүмдүн көбү ЖКнын кароосуна коюлуп жаткан нормативдик-укуктук актыларды депутаттарга түшүндүрүүгө, тактап айтканда, алар сунуштаган мыйзам долбоорлор ишкерликке кандай таасир бере тургандыгын чечмелеп бергенге кетти.

Башкача айтканда, биз адатынча эки нерсе менен алекпиз: биринчиси – ишкерликкке жолтоо болуп жаткан мурда кабыл алынган мыйзамдарды оңдогонго аракет кылабыз. Жана да экинчиси – антиэкономикалык мыйзамдардын кабыл алынбашына умтулабыз. Ушул такай эки нерсеге бардык убактыбызды, күчүбүздү жана ресурстарыбызды жумшап келебиз. Тилекке каршы, биз күрөшүп келген экономиалык мыйзамчылыктагы башаламандык ишкерлик тармагындагы жөндөгүч саясаттын начардыгынын болууда. Бардыгы интуитивдик түрдө гана жасалат. Кыргызстандын экономикасы деген эмне экенин, ал эмнеден курала тургандыгын так белгилей турган учур келди. Эң негизгиси, ишкерликтин өнүгүүсү үчүн: ишкерликти коргоо, мыйзамдын үстөмдүгү, келишимдерди сөзсүз аткаруу сыяктуу нерселер зарыл экендигин түшүнүшүбүз керек.

Жана да мыйзамдарды иштеп чыгууда биз сөзсүз эске алган ишкерликтин негизги принциптери: урмат-сый мамиле, сакталышы, жардамдашуу, бейтараптык, калыстык.

– Канча мыйзам долбоорун жылдыра алдыңар, же тескерисинче, канча мыйзам долбоорун токтото алдыңар, ушуларды эсептеп турасыңарбы?

– 20га жакын мыйзамдарды биз парламентте коргой алдык. Айрымдарына вето коюлушуна жетише алдык, айрымдарын, тескерисинче, жылдырып, анын кабыл алынышына көмөктөшө алдык. Биз Мамлекеттик-жеке тараптык өнөктөштүк, өнөр-жай аймактары, тобокелдигин текшерүү тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгууга катыштык.

– Башкача айтканда БАУАнын пикири салмактуу деңизчи?

– Ооба. Бул 75 ассоциациянын альянсы, биз менен мамлекеттик органдар эсептешет. 10 жыл аралыгында биз бай тажрыйба топтогонго жетише алдык, биз бул же тигил мыйзам долбоору менен кантип иштеш керектигин жакшы билип калдык. Эгер аны өкмөт иштеп чыкса, өкмөт менен иштеше баштайбыз, эгер ал ЖК депутаттарынын демилгеси болсо, биз парламентке барабыз. Эгер сунуштарыбызга такыр көңүл бурушпаса, анда биз президентке кайрылабыз. Мисалы, 2008-жылы Транспорт министрлиги айрым депутаттар менен сүйлөшүп таксилерди лицензиялооо мыйзам долбоорун жылдырганга аракет кылган эле. Ошондо биз бул мыйзамга президенттин вето коюушуна жетише алдык. Ошондой эле Камсыздардыруу мыйзамына да вето коюлушуна жетишкенбиз. Бирок бизди такыр укпай койгон учурлар да болот, мисалы оюн бизнесине тыюу салынганда. Ал кезде бул мыйзамдын кабыл алынышына бирөө жан үрөп аракет кылып жатканы белгилүү болду.

– Тигил же бул мыйзамдын артында ким турганын сиз дайыма эле аныктай аласызбы?

– Сөзсүз. Өлкөбүздүн өзгөчөлүгү ушунда, тигил же бул мыйзамдын аркасында ким турганын, кимдин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгын аныктоо анчалык деле кыйынчылыкты жаратпайт. Бул өзүнчө эле бир илим. Ошону үчүн көптөгөн бай ишкерлер өз ишине, өз тармагына артыкчылыкты же жеңилдикти алыш үчүн депутат болгулары келет. Депутат болгондон кийин башкаларга салыштырмалуу рынокто айрым артыкчылыктарга ээ болосуң. Бул жашыруун сыр деле эмес. Бул кадыресе көрүнүш. Бул идеялар менен аргументтердин атаандаштыгы. Бирок мындай нерселер көптөгөн башка өлкөлөрдө кезикпейт. Ушунусу менен биз башка өлкөлөрдөн айырмаланып турабыз, биздеги бизнес-ассоциация өкмөттүн, парламенттин, ал эмес президенттин пикири менен макул болбошу мүмкүн. Тигил же бул идеялар, же пикирлер менен макул болбогондугу үчүн гана тигил же бул институтту жаман деш жарабас, бул көп пикирлүүлүк же плюрализм деп эсептелет.

– Ишкерлик менен мамлекеттин мамиле куруу жаатындагы көп жылдык тажрыйбаңызга таянып, жемкорлук менен күрөшүү учурда өз жемишин берип жатат дей аласызбы?

– Акыркы 6-7 жыл аралыгында негизги кызмат орундарындагы саясий жемкорлук жоюлду десем болот. Мисалы, министрдин оруну эми сатылбай калды. Мурда бул кадыресе көрүнүш болчу, азыр жок. Бирок иш жүргүзүүчү деңгээлде, “майлуу-сүттүү” орундарда ал али да бар, ал жакта дагы эле пара берип, алып жатышат деген маалыматтар бизге жетип калат. Ишкерлер менен аткаминерлер түзмө-түз мамиле курган жерлерде жемкорлук сакталууда. Текшерүү болуп, ыраазычылык билдирүү учурларында.

– Төмөнкү тепкичтердеги жемкорлукту жоюш үчүн эмне кылуу керек? Сиздин кайсы бир сунушуңуз барбы?

– Аудиторлордун жакшы тажрыйбасы бар, алар төрт нерсеге көңүл бурушат. Биринчиси – эгер жетекчиси өзү пара берип, пара ала турган болсо, ал тууралуу кол алдында иштегендердин бардыгы билет; Экинчиси – уюмдагы ички жоболор жана тартип ушундай мыйзамсыз нерселерге бөгөт койбойт; Үчүнчүсү – катардагы кызматкердин социалдык абалы жана айлыгы өтө начар болсо, ал такай ушул нерсе тууралуу ойлонот. Жеке менчигине карабай ушундай мекемелерде, адатынча, жемкорлук гүлдөп-өнүгөт. Мындайда жемкорлуктун алдын алуунун бир гана жолу бар – кызматкер жакшы жашагандай анын айлыгы, соцпакети жакшы болушу керек. Ички жоболор кайсы бир жалгыз кызматкер маанилүү чечим чыгаралганга жол бербеши керек. Муну “төрт көздүн принциби” деп аташат. Кайсы бир чечимдин чыгарылышын ар-башка бөлүмдөрдө иштеген кеминде төрт кызматкер билиши зарыл. Эгер жемкорлукка бара турган болушса, анда анын баасы төрт эсе көтөрүлүп кетет. Ал эми паранын өлчөмү канчалык чоң болсо, аны берүү кызыкчылыгы ошончолук азаят. Төртүнчүсү – жетекчиси пара албагандыгын айтып да, иш жүзүндө да андайга барбагандыгы.

– Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсы иш алып барган 10 жылдын аралыгында 12 премьер-министр менен өкмөт курамы алмашылды. Азыркы өкмөттүн курамында жаштар көп. Бул курам тууралуу эмне айта аласыз?

– Өкмөткө жемкорлук чатактарына малынбаган, прогрессивдик көз караштагы жаш башкаруучулар келет деген идея бизди кубандырбай койгон жок. Өлкөдөгү абал оңдолот деген ишеним пайда болду. Мурда ойлойт элем: “Бир жакшы министр келсе абал оңолот”, – деп. Бирок жакшы министрлер келгени менен абал оңолбоду. Анда өкмөткө өзүнчө бир команда келиши керек деп ойлодум. Азыр болсо менин пикиримде, парламент дагы реформатордук болушу керек. Президентибиздин өзү да өлкөбүз каякка, кантип өнүгүшү керектигин так билиши зарыл. Мына ушул жерде же тирешүү болот, же кызматташуу. Ошондуктан азыр баарын өзгөртүүгө каалоо да бар болуп, олутту кадамдар да жасалып жаткандай. Бирок да тартип орнотууга болгон аракеттер айрым институттарга жакпай жатат, анткени бул нерсе жогору даражалуу айрым аткаминерлер үчүн баюунун булагы болгон бир катар жемкорлук схемалардын жоюлушуна алып келет эмеспи. Кызмат ордунун жана ал чыгарган айрым чечимдердин эсебинен гана миллиондогон долларларды алып турганга көңүп калышкан да. Анан ал кантип өзгөрүүлөргө, реформаларга каршылык көрсөтпөй калсын. Бул жемкорлук. Анын тамырын жулушубуз керек.

– Менин да учурдагы жаш өкмөткө үмүтүм чоң. ЖМКлардагы сындарга карабай ишинде жаңы ыкмалар, адаттан тышкары жаңы чечимдер байкалат. Менде акыркы суроом бар: ишкер катары 2018-жылы ишкерликтин өнүктүрүүнүн кандай тренддерин айта аласыз? Ишкерликтин кайсы түрлөрүн өздөштүрсө кыргызстандыктарга жакшы болот эле?

– Экспортко багытталган ишкерликке көңүл буруу туура болот, анткени ал өлкөнүн ичинде болуп жаткан нерселерге көп көз каранды эмес. Бул, биринчи кезекте, учурда Кыргызстанда жакшы өнүгүп жаткан тейлөө тармагы. Туризмдин эсебинен акча табууну ойлонуштурушубуз керек. Ошондуктан туризм тармагынын өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар күчтүү болуп, туризм тармагында алектенген ишкерлердин муктаждыктарын ойлошу керек болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн көбү туризмдин эсебинен өнүгүп, жашап келет. Эгер туризм ишкерлиги өнүгө турган болсо, аны коштогон тармактар да өнүгө баштайт: мисалы, айыл чарба, анткени туристтерди багыш керек, курулуш, анткени туристтерди жайгаштырыш керек ж.б.д.у.с. Туристтерди коштоп жүргөнгө, өлкө тууралуу айтып берип, анын кооз жерлерин көрсөткөнгө да кадрлар керек. Бизде экотуризмге басым кылынат, ошондуктан туристтердин көбү аймактарга барышат. Бул жерде да кайсы бир базалык чечимдерди кабыл алууда, инфраструктуралык, тейлөө, коопсуздук маселелер боюнча мамлекеттин ролу зор.

Экинчи багыт – биз жумуш күчүн экспорттоо тууралуу ойлонушубуз керек, бизде азыр эл негизинен Орусияга кетүүдө. Бирок биз башка багыттарды да өздөштүрүшүбуз керек. Мисалы, Ирландия жумуш күчүн экспорттогонуна арданбайт, бирок аларда бул негизинен илим докторлору, профессорлор, магистрлар. Алардын Ички дүң продукциясы бакалаврлардын, магистранттардын, илим докторлорунун саны менен эсептелет. Бул экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Көп ирландыктар эл аралык компанияларда иштешет. Алар интеллектуалдык эмгекти экспорттошот.

Үчүнчү багыт – биз идеалардын хабы, соода, кызматтар үчүн өтмөк болушубуз зарыл. 6 млн адамы бар рынок – чакан рынок деп эсептелет, биз башка рынокторду өздөштүрүшүбүз керек.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң түрткү боло турган төртүнчү багыт – МКТны – маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү. Бул багыттагы биринчи кадам жасалды десек болот – бизде биринчи коммерциялык Дата-борбор ачылды. Мындай борборлор көп болушу керек. Жана да бешинчиси – калыбына келүүчү энергиялар тармагын өнүктүрүү, энергияны үнөмдөгөн технологияларды өздөштүрүү. Бизге бул багытта иштеген көп инженерлер керек. Келечектеги 5-6 жылда ишкерликти өнүктүрүүнүн тренддери мына ушулар.

Маектешкен Лейла Саралаева

Булак: Жаңы Жүздөр 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *