Улукбек Кочкоров, экс-депутат: Чек арадагы элге шарт түзүп берсек, мамлекетке чеп болуп берет

-Улукбек мырза, сиз депутат кезде дээрлик чек ара маселесин байма-бай көтөрүп турчу элеңиз. Бүгүнкү күндө да чек ара көйгөйлөрү кайталанып келе жатат. Бул боюнча кандай пикириңиз бар?

– Азыркы күндө деле чек ара маселесин чечүүдө олуттуу иш-чаралар жүргүзүлбөй жатат. Буга саясый системабыз күнөөлүү. Парламенттеги фракциялар оюн кылып, ар жыл сайын өкмөттү алмаштырып, толук иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей келе жатабыз. Дайындалган кадрлар мамлекеттин талылуу маселелери кайсы экенин, аны кандай чечүү жолдору бар экенин билбей эле кызматка келип атышат. Иштин көзүн таба албаган кадрлар менен чек ара сыяктуу улуттук коопсуздукка таасир берүүчү олуттуу маселелерди чечүү мүмкүн эмес. Качан чек арада чыр чыкканда өрт өчүргүчтөй болуп барып басып калышат. Башка комплекстүү түрдө аткарылган иш жок. Кандай да болбосун чек араны такташыбыз керек эле. Эл кооптонуп, бала-чакасына сарсанаа болуп, зорго жашап жатышат. Ошондой оор кырдаалга чыдап жашап жаткан элди жеринде кармап калууга аракет кылышыбыз керек. Ал үчүн жергиликтүү элде кандай муктаждык болсо чечип берип, шарт түзүп берсек, эл мамлекетке бекем чеп болот эле.

– Социалдык тармактарда коомдук актвисттер тарабынан сизди Баткен облусуна ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо сунушу айтылып келе жатат. ЖКда депутат Жанар Акаев коопсуздук, чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматына сизди сунуштаган. Өзүңүз кандай дейсиз?

– Сиздердин гезит аркылуу коомчулукка ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ооба, губернаторлук кызматка, вице-премьер-министрликке, УКМКга (Абдил Сегизбаевдин ордуна) барсын деген сунуштоолор болуп, социалдык тармактарда колдоого алынды. Элдин мага болгон ушундай ишеними бар экенине шүгүр кылам. Эгер бийлик тарабынан ишеним көрсөтүлсө, мен иштөөгө даярмын. Бирок, «эптеп эле бир кызматты ээлеп отурсам экен» деген ойдон алысмын. «Эгер мен кызматка барсам кандай иш аткара алам?», «иш аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөбү?», «элдин талабын аткара аламбы?» деген суроолорду караш керек. Жооптуу кызматтардын ыйгарым укуктары, бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты жетишеиз. Мен буга чейин дагы «мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү зарыл» деп айтып келе жатам. Ошол себептен кызматка келип алып, «эми эмне кылам?» дебей, келгенге чейин талдап, түп-тамырынан бери түшүнүп, маселени чечүү жолдорун билип алып келиш керек.

– Сиз губернатор, аким, айыл өкмөттөрүнүн кандай ыйгарым укуктарга ээ болушун колдойсуз?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки тепкичтүү бюджет иштеп атат. Айыл өкмөттөрүнүн өз бюджети бар. Анын үстүндө турган акимдерде бюджет жок. Губернатордо болгону 1 миллион сом жеке фонду бар. Ал «той-тамашага барганда куру барбай көтөрө барсын» деген эле сөз. Мындан башка каражат каралбайт. Каражат менен ыйгарым укуктар жетишсиз болсо, өз алдынча кандай иш кылышат? Баткенге бүгүн кандай адам губернатор болуп келбесин, чек ара көйгөйлөрүн чечүү колунан келбейт. Бул боюнча административдик, территориялык реформаларды жүргүзүү зарыл. Жергиликтүү жетекчилерге бийлик беришибиз керек. Баткен облусунун губернатору чек ара кызматындагы командирдин үстүнөн көрсөтмөлөрдү берип, иш жасата албайт. Анан кантип губернатор чек арага жооп берет? Жергиликтүү ар бир кызматкер Бишкектен гана көз каранды болуп тура беришет. Облус губернатору катары ыкчам иштерди уюштуруп өткөзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ал жөн эле бийликтан ортозаар өкүлү. Менин оюмча губернаторлорду кыскартып, жергиликтүү бюджетти акимдерге берип, акимдер түз премьер-министр менен иш алып барса туура болмок.

Айсулуу Эсен кызы

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *