Улуттар Академиясы Эл аралык илимий конференцияга катышууда

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун доценти, педагогика илимдеринин доктору Гүлжигит Сооронкулов Россиянын Нижегород облусунун Большое Болдино айылында өтүп жаткан Эл аралык илимий конференцияга катышууда, – деп билдирди УИАнын пресс-кызматы.

“Болдино окууларында” Г.Сооронкулов “А.С.Пушкиндин “Эвристикалык реализм” маселесине” (“К проблеме “эвристического реализма” А.С.Пушкина”) аталышандагы докладын окуйт. Андан сырткары Кыргызстандын окумуштууларынан Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус “Славян” университетинин Тарых жана теория кафедрасынын  кафедра башчысынын орун басары, филология илимдеринин доктору Бахтияр Койчуев чакырылган.

Иш-чараны А.С.Пушкиндин “Болдино” мамлекеттик адабий-мемориалдык жана жаратылыш музей-коругу жана Н.И. Лобачевский атындагы Нижегород мамлекеттик улуттук изилдөөлөр университети уюштурууда.

 Маалымат үчүн:

Пушкин таануучу илимпоздордун башын бириктирген иш-чара 1969-жылдан бери өткөрүлүп келет. Конференцияга катышуу жана доклад  жасоо максатында чет өлкөлүк окумуштуулар дагы чакырылып турат. Быйыл кезектеги XLV “Болдино окуулары” өтүүдө. Иш-чара 12нен 14-сентябрга чейин уланат.

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *